Акыркы макалалар

«Жаш кыргыздар жана Кыргызстандын келечеги»

Кыргызстандын келечеги ар бир жаранды ойлондурбай койбойт. Ушул көйгөйлүү маселе айрыкча жаштарды ойлондурат. Жаш муундардын жашоо турмушу кандай болот, Кыргызстанды өнүгүп-өскөн, алдыңкы мамлекеттердин арасына кантип жеткиребиз, кандай жол менен барабыз, ким келечекке алып барат, бул үчүн кандай долбоорлорду ишке ашыруу керек деген маселелер туулат.

Кыргызстандын келечеги азыркы учурдун эң актуалдуу маселеси болуп, коомдук топтордун арасында келишпестикти туудурууда.

Кыргызстан 20 жылдан ашуун тынымсыз кайра куруу абалында жүрөт. Бирок ушул мезгилдин ичинде анын келечеги жөнүндө толугу менен макулдашылган ой-пикирлер иштелип чыккан жок. Коомдук келишимдин милдетин аткаруучу мамлекетибиздин конституциясы, коомдук топтордун кызыкчылыгы менен дал келишпеген, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылардын демилгеси менен бир нече жолу өзгөрүлдү. Өкмөт иштеп чыккан программалар көп маселелерди камтыган, бирок жалпы эсеп менен Кыргызстандын келечегин чагылдырган маселелер жокко эссе болуп, болгон маселелерди ишке ашыруу кыйын болчудай. Мамлекетибиздин өкмөтүнүн курамы, парламент, коомдук-саясий структура акырындык менен жашарса да эски принципке таянып, эски эреже менен иштөөдө.

Ушундай негативдүү көрүнүштөр элдин бийликке болгон ишенимин кетирип, эртеңки күнгө ишенүү дагы жокко чыгарылууда. Бул болсо турмуштун ар кандай тармактарындагы проблемалардын себеби болуп калууда. Ушул эле учурда коомдо азыркы жүргүзүлгөн иштерге нааразы болгон чачыранды жана азырынча алы жок жарандардын, айрыкча жаштардын топтору пайда болууда. Алар принципиалдуу түрдө өзгөртүүгө багытталган долбоорлорун киргизип жатышат. Бирок бул долбоорлор жалпы өлкөнүн чегине сыйбагандыктан, алардын таасири жана эффективдүүлүгү төмөн болуп калды.

Ушул багытта бирден бири «Жаш кыргыздар жана Кыргызстандын келечеги » долбоору болду. Бишкектеги «Центр Обшественных Технологий» коомдук уюмдун демилгесин «Кыргызстан-Сорос» Фондусу каржылап, долбоор ишке ашты. Бул долбоордун негизги максаты бирикмелердин, активисттердин өкүлдөрү, айрыкча өлкөнүн потенциалдуу чыгармачыл, интеллектуалдуу жана саясий коомдун элитасын түзгөн жаштар иштеп чыккан Кыргызстандын келечегинин моделин коомго сунуштоо болду. Эми долбоор боюнча кенен айта кетсек «Жаш кыргыздар жана Кыргызстандын келечеги» долбоордун жумушчу тобу мамлекеттин өнүгүшүнө өзүнүн ресурстарын кошууга даяр жана жоопкерчиликти өзүнө алган өлкөнүн коомдук топтору тарабынан Кыргызстандын келечегин долбоорлоо максатында изилдоо өткөрүп, кызыккан топтор, долбоорлоочулар, эксперттердин катышуулары менен семинарлар өткөрүлдү.

Изилдөөдө Кыргызстандын келечегинин элесин түзүүгө багытталган демилгелер анализделип, долбоорду өркүндөтүүгө керектүү анализ жана башка берилиштери жыйындалат.

Нарын шаарында ушул долбоордун алкагында үч жолу жаштар менен жолугушуулар болуп, ага Нарын шаарынын жаш лидерлери, студенттер жана мектеп активисттери катышкан. Алардын арасынан кызыктуу долбоорлордун авторлору Бишкек шаарында өткөрүлгөн эки семинарга катышып, ийгиликтүү презентациялап келишкен. Семинарларда ар кайсы тармактардын өнүгүү моделдерин кошкон, мамлекеттин 2031-жылга чейинки өнүгүүнүн альтернативдүү стратегиясын иштеп чыгуу жумуштары аткарылды. Семинарлардын катышуучулары долбоордун маалыматтык жана консультациялык жардамы менен, өзүлөрүнүн саясий-коомдук, социалдык, маданияттык жана башка тармактарды өнүктүрүү долбоорлорун иш жүзүнө ашырууга мүмкүнчүлүк алышты. Жаш кыргыздар-реформаторлар болжолдуу обьект болуп кала алат. Долбоорду иш жүзүнө ашырууга ар кандай булактан, анын ичинен долбоордун катышуучуларынын ресурстары тартылат.

Бул долбоор жаш реформаторлорго ар кандай деңгээлдерде талкуулоону жүргүзүү, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алган инсандарга чон таасир берет, келечектеги мамлекеттик жана мамлекеттик эмес инсандарды калыптоону камсыздайт, пайда болгон проблема жана өнүгүү суроолору боюнча жоопторду издөөгө мүмкүндүк берет. Коомдук талкуулоолордун дагы бир жагы долбоорго жаңы катышуучуларды тартуу мүмкүнчүлүгү болду. Мамлекеттин келечегинин моделин иштеп чыгуу процессине катышкандардын потенциалын жогорулатуу максатында, маалымат технологиясын колдонуп долбоордун катышуучуларына тренинг, семинарларды өткөрүп, долбоорлоочуларга дистанттык консультациялар уюштурулду.

Долбордун натыйжасы болуп «Белая книга Кыргызстана» аттуу китеби чыгат. Бул китепти мамлекеттин өнүгүү стратегиясына альтернативдүү документ катары да караса болот.

Мындан тышкары долбоордун таасири катары өлкөнүн келечеги боюнча башкаруу чечимдерди кабыл алуунун тең салмакталган процесси келечектин долбоору боюнча маалыматка жарандардын кызыгуусу өнүгүү долбоорунун сапатын жогорулатуусу күтүлүүдө.

«Центр Обшественных Технологий коомдук уюмунун (Коомдук Технологиялардын Борборунун) партнеру болуп өлкөнүн региондорундагы мамлекеттик эмес уюмдар, аналитикалык борборлор, долбоордун жыйынтыгына кызыкдар болгон башкаруу органдардын тобу, коомдук топтор, мисалы, чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын бирикмелери боло алды.

«Жаш кыргыздар жана Кыргызстандын келечеги» долбоору жомок эмес, ал өлкөнүн жакшы келечегине жетүүгө коюлган реалдуу иштердин жыйынтыгы деп чоң үмүт менен ишенебиз.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...