Акыркы макалалар

Төш-Булакка таза суу чыгат

Кыргызстан сууга бай өлкө болгону менен айрым аймактын жашоочулары таза сууга муктаж болуп, анын азабын тартып келишет.

Нарын шаарынын айрым жерлеринде да таза суу маселеси орчундуу маселелерден. Бул маселе Нарын шаарынын Төш-Булак аймагынын жашоочулары үчүн да көйгөй жаратып келген.

Аталган аймакта учурда 7900 адам жашайт. Жергиликтүү тургундар таза сууну бир километр алыстыктан ташып ичишет. Нарын шаардык мэриясы жана «Нарын суу канал» ишканасы Төш-Булак аймагына таза суу чыгаруу демилгесин көтөрүп, «Нарын суу канал» ишканасынын АРИСке жазган долбоору колдоо тапкан. Курулуш ишин тендердин жыйынтыгы менен «ЭКАРАС-5» курулуш фирмасы утуп алып, 2012-жылдын ноябрь айынан тартып жумуш башталган.

«Нарын суу канал» ишканасынын жетекчиси Гүлайша Бактыбаеванын айтымында, азыркы учурда жумуш кызуу жүрүп жатат. Тактап айтканда, курулуш ишинин 30 пайызы бүткөрүлгөн. Курулуш ишинин толук бүтүшү үчүн 37 миллион сом каралып, анын 14 миң сомун жергиликтүү калк чыгарып, ал эми мэриянын чечими боюнча 84 миң сому шаардык мекемелерден чогултулуп алынган. Курулуш обьектиси жалпы 3300 метрди түзүп, Төш-Булак аймагы боюнча эки суу түтүгү орнотулат. Долбоор боюнча башында 9 суу түтүгүн орнотуу каралган. Бирок жергиликтүү тургундар таза сууну үйлөрүнө кийирип ала алышкандыктан эки суу түтүгүн орнотуу пландаштырылууда.

Төш Булакка таза суу чыгаруу иши ушул жылы бүткөрүлүп, жергиликтүү жашоочуларга колдонууга берилмекчи.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...