Акыркы макалалар

Роза Отунбаева КР өкмөтүн Казакстандан үлгү алууга чакырды

КР экс-президенти Роза Отунбаева өкмөттү Казакстандан үлгү алууга чакырды.

«Биз батыштан, чыгыштан тажрыйба издеп жатабыз, ал эми бизге коңшу жайгашкан Казакстан абдан өнүгүп жатат», - деди Р. Отунбаева жума күнү КР мамлекеттик органдарынын коомдук кеңешмелеринин конференциясында.

«Коомдук кеңештер, жардам бергиле, окугула, иликтегиле, министрликтин кызматкерлерине салыштырмалуу сиздерде убакыт кенен. Карагылачы, коңшу өлкөдө кандай кызматтар көрсөтүлүп жатат. Эмне үчүн ушунун баарын биздин өлкөдө да жасоого болбосун. Алмата шаарынын сайтында ар бир шаар тургуну жаш акимдин биографиясынан тарта, объекттердин даректерин жана бүткүл кызматтарды, каалаган нерсесин таба алат», - деп кошумчалады экс-президент.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...