Акыркы макалалар

Жумушсуздарга ишкерлигин ачууга чоң көмөк көрсөтүүдө

Жумушсуздарга ишкерлигин ачууга чоң көмөк көрсөтүүдө

Германиялык эл аралык кызматташуу коому ( CIZ) Кыргыз Республикасына экономикалык өнүгүүнүн башкы багыттарында колдоо көрсөтүп келет.Ошондуктан анын регионалдык өнүктүрүү программалары жумушсуздарга өз ишкердигин ачууга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.

Нарын облусунда аталган коом тарабынан «Туруктуу экономиканын өнүгүшүнө көмөктөшүү» программасынын алкагында ишкерликти жүргүзүү боюнча курстар уюштурулуп келет.Бул жумушсуздарга өзүнүн ишкерлигин ачууга чоң өбөлгө түзүүдө. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү менен бирдикте экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы, Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү да иштелип чыккан.

Азамат Мукашев, Германиялык эл аралык кызматташуу коомунун «Туруктуу экономиканын өнүгүшүнө көмөктөшүү» программасынын эксперти:

- Германиялык эл аралык кызматташуу коому 2008-жылы Нарын облусунда «Туруктуу экономиканын өнүгүшүнө көмөктөшүү» аттуу чоң программаны ишке ашырууда. Бул жылдан баштап бизде программанын экинчи фазасы башталды. Ушунун негизинде биз азыр үч тармакта иш жүргүзүп жатабыз. Биринчи багытыбыз -инвестициялык климат жана инвестицияны тартуу. Экинчиси –ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Үчүнчүсү- социалдык долбоорлор менен иш алып барган ишкерлерге колдоо көрсөтүү. Инвестициялык климат жана инвестицияны тартуу багытында биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү жана Нарын Эркин Экономикалык аймагы менен бирдикте иш жүргүзүүдөбүз. Белгилүү болгондой, өкүлчүлүк жылда Бизнес форум өткөрүп келүүдө. Быйыл болсо биздин колдообуз менен өткөрүлүп жаткан иш чаранын форматын кичине өзгөртүп, эл аралык деңгээлде инвестициялык форум өткөргөнү турабыз.Биздин максатыбыз -ушул инвестициялык форумда райондордон сунушталган долбоорлорго инвесторлорду тартуу.Бул иш чара 21-июнда болсо, 22-июнда «Кыргыз шырдагы» фестивалы өтөт. Бул Нарын облусуна туристтерди тартуу боюнча чоң иш чара болот десек жаңылышпайбыз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, башка облустарда кол өнөрчүлүк боюнча көп эле фестивалдар болот. Биздин кол өнөрчүлөр, уздар ошол фестивалдарга барып катышып, фестивалдардын көркүн ачып келип атышат. Бүгүнкү күндө бизге өзүбүзгө ушундай иш чаралар керек болуп жатат. Мындай фестивалдарды өткөрүү менен Нарын жергесине туристтерди тартуу зарыл болууда. Экинчи багытыбыз- ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жаатында бизде профилдик адистештирилген окуулар башталып, өтүп жатат. Нарын районунун алты пилоттук айылында «Кыргыз уз» кооперативи менен жаңы кол өнөрчүлүк группалары топтолууда. Бүгүнкү күнү аталган кооперативдин деңгээли бир топ жогору деп айтсак болот. Себеби, заказдары көбөйүп, аткарганга кол жетишпей жатат. Дагы бир багытыбыз, жакшы бизнес ачууда, изденүүдө тоок багытындагы ферма ачуу боюнча болууда. Биз бул жаатта жакшы эле аракет кылдык. Дегеним, теориялык окуу менен чектелип калбастан, тоок менен да камсыз кылып, аны багып баштаганда дагы бир жыл тактап, жыйынтыгын чыгарганга чейин көзөмөлүбүзгө алып жатабыз. Себеби, жыйынтыгы жаман болуп калса бул бизге каршы реклама болуп калат да. Бул жаатта биз «Natural Agro» деген компания менен келишим түзүп, аталган компаниянын өкүлүн биякка алып келип, каалоочуларга тренинг өткөрүп жатабыз. Учурда тоок багытында ишкерлик кылууну каалаган 20дай ишкерлер келип окуп жатышат.Буга чейин Нарын районунун Жылан -Арык айылынан Чубак аттуу фермерибиз өз демилгеси менен Бишкекке барып окуп келип бул ишти баштаган. Анан элдер көрүп, Нарындын шартында деле тоок ферма ачса болот экен, кыштан аман-эсен чыгат экен дешип, кызыгуу күчөп жатат. Ошондуктан биз элди Бишкекке чубатпай бул окууларды Нарынга уюштуруп бердик.

Дагы бир айта кетчү нерсе, биз Борбордук Азия Университети менен « Ишкерликти өнүктүрүү курсу» багытында жакшы иш алып баруудабыз. Бул боюнча да биздин эки пилоттук райондордун айыл өкмөттөрүнүн ишкерлери барып катышып, азыр окуп жатышат. Эки айдын ичинде булар ишкерликти өнүктүрүү, бизнес пландоону окуп чыгышат. Өзүнүн аныктаган долбоорун жактап, жактагандан кийин KICB банкынан 5 миң долларга чейин 3 жылдык мөөнөттө, жылдык пайызы 9 пайыздан кредит ала алышат. Башкача айтканда, булар максаттуу түрдө билим жагынан, финансы жагынан да тапталып, аягына чейин биз бул чынжырды түзүп бүттүк. Ал эми үчүнчү тармагыбыз болсо социалдык багыттагы долбоорлор боюнча. Бүгүнкү күндө өзүңүздөр билесиздер муниципалдык бала бакчалар жетишсиз болуп, ахвал абдан кыйын болуүда. Ошондуктан, жеке менчик демилгени колдонуу зарылчылыгы келип чыгууда. Биз жеке менчик бала бакчаларды ачуу боюнча жана башка социалдык кызмат көрсөткөн, алсак, жеке менчик музыкалык мектептер, бий кружокторун ачуу боюнча окууларды уюштуралы деген оюбуз бар. Учурда №15 бала бакчанын базасында жеке менчик бала бакча ачам дегендер үчүн окуу болуп жатат. Бирок, белгилей кетчү нерсе, райондордон келгендер аз. Окуйм дегендердин көбүнчөсү Нарын шаарынын тургундары болууда.

Айтмакчы, Германиялык эл аралык кызматташуу коому региондун экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатканын баса белгилей кетсек болот. CIZ тин долбоорлору жакырчылыкты жоюуга, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин көтөрүүгө чоң түрткү болуп, ишкерлерге даяр балыкты кармап бербестен, «кайырмак берип жатканы», «иштесең-тиштейсиң» философиясын дагы бир ирет тастыктап, ишкерлердин арасында атаандаштыкты жаратып, бардык нерсе адамдын аракетинен болоорун, чечилбей турган маселе жогун дагы бир ирет далилдеп келет.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...