Акыркы макалалар

"Параграф". Кайыр собол - Ички Иштер министри Зарылбек Рысалиевдин күтүүсүздөн кызматтан алынышына кандай көз караштасыз?

Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, ЖКнын депутаты: “Бул системага каршымын”

- Министрлер кызматтан алына берет. Анын эч кандай деле жаңылыгы жок. Бирок, ЖК өкмөттүн составын түзгөндөн кийин, өкмөткө, ЖКга “жаман иштеди, ошон үчүн жумуштан алып жатабыз” деп билдирип коюшса болмок. Ошондуктан, бул күтүүсүздөн болуп калды. Адамдын жакшы-жаман иштегенин билбей туруп эле, кааласа алып, каалабаса албай койгон системага мен каршымын. Балким саясий күчтөрдүн аркасы менен алынып калышы мүмкүн. Кызматкердин иштеген ишине көңүл буруш керек. Эгерде “Иштей албайт, ИИМде реформаны жүргүзө алган жок” деп жалпыга айтса, анда түшүнүктүү болмок. Анан эле бир түндө кызматтан алып коюу туура эмес.

Бекболот ТАЛГАРБЕКОВ, коомдук ишмер: “Атамбаев Рысалиевди “кидать” этти”

- Ачык эле Атамбаев Рысалиевди “кидать” этти деп айта алам. Буга чейин эле Атамбаевдин өмүр баянын алып карай турган болсок “кидальщик” экендиги белгилүү болгон. Ал ааламды дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматовду алдаган. Азыркы бийликтен болсо Келдибековду, Бабановду “кидать” эткен. Буга Рысалиев таң калбай эле койсо болот. Бул жерде Рысалиев өз кесибинин мыкты адиси болгону менен мыкты саясатчы эместигин көргөзүп койду. Азыркы учурда кадрларды алмаштыруу менен сумма өзгөрбөйт. Учурда бир гана күч түзүмдөрү эмес бардык министрликтерде жана комитеттерде кадр саясаты жүрүп жатат. Бир гана наркотикти көзөмөлдөө боюнча агенттиктин жетекчиси Алымбай Султанов коркпой өз ордунда отурат. Анткени, ал киши биздин ажонун бир тууган кудасы, ошондуктан коркуунун эч себеби жок.

Мавлян АСКАРБЕКОВ, “Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы: “Чала бандиттер Рысалиевди иштен кетирди”

- Бийлик башындагы кадрлык өзгөрүүлөр азыр коомчулукта бир нече суроолорду жаратууда. Биз жаңы муундун өкүлү катары мындай өзгөрүүлөргө кооптонуу менен карайбыз. Себеби, жогорку кызматта иштеген адамдарды жумуштан алууга жүйөлүү негиз болуш керек. Тилекке каршы биз андай негиздерди көрө да, уга да алган жокпуз. ИИМдин башчысынын күтүүсүздөн кызматтан кетүүсүнүн бир нече себептери бар. Эң орчундуусу ЖКдагы “Ата Мекен” партиясынын кээ бир депутаттарынын мародерлукка түздөн-түз байланышы бардыгы себеп болду. Экинчиден министр “Мародерлорду ачыктап, таап чыгып, аларды жоопко тартам” дегенден кийин, ошол бийлик башында отурган чала бандиттер жана коррупционерлер биригип З.Рысалиевди жумуштан кетирүүгө аракеттенди. Тилекке каршы, коррупция менен күрөшүү иши ушуну менен токтоду. Негизи, жогорку бийлик башында турган адамдар өтө актуалдуу, орчундуу кемчиликтерди кетирсе же болбосо туура эмес иштерди жүргүзсө гана кызматтан кетет. А биз бул министрдин ишинен андай кемчиликтерди көрө алган жокпуз жана элге да бул тууралуу айтылган жок. Ошондуктан, З.Рысалиевдин кызматтан кетүүсү “Ата Мекен” фракциясындагы коррупционер, мародер депутаттардын иш-аракеттинин негизинде келип чыкты.

Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА, укук коргоочу: “Мунун артында чоң күчтөр турганы белгилүү”

- ИИМдин мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев мародерчулук боюнча иштин курмандыгы болду. Ал жөн эле жерден күйүп кетти. Экс-министр “Бул иштин аягына чейин чыгам. Азыр депутат Райхан Төлөгөнов таланып-тонолгон 10 объектинин жанында болуп, ал жерлерден телефондук байланышка чыкканы аныкталды. Мен өзүм ошол имараттарда болуп келдим” деген эле. Мына ошон үчүн Рысалиев жумушунан айдалып отурат. Мунун артында чоң күчтөр турганы белгилүү.

Азимбек БЕКНАЗАРОВ, коомдук ишмер: “Рысалиевди алмаштыруунун кажети жок болчу”

- Рысалиевдин күтүүсүздөн кызматтан алынышы бул саясый чечим. Менимче, экс-министр КСДПны канааттандырган жок окшойт, болбосо Рысалиев абдан кыйынчылык убактарда жакшы иштеп берди, күч көрсөттү, бүгүнкү күндө аны кызматтан алуунун кажети деле жок болчу. Мен Атахановдун талапкерлиги туура эмес деп айталбайм. Бирок, Рысалиевди алмаштыруунун кажети деле жок эле.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...