Акыркы макалалар

Улуттук банк чайкоочулук чабуул жасаган башкы күнөөкөрдү тапты

Улуттук банк чайкоочулук чабуул жасаган башкы күнөөкөрдү тапты

Улуттук банк тыкыр иликтөө жүргүзүп чыгып, базарда валюта ажиотажын жаратып жаткан "демилгечини" таап чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, иликтөөнүн жүрүшүндө "ФинансКредитБанк" курсту бекитүү процедурасын алгачкы болуп бузганы белгилүү болду.

"25-ноябрда саат 16.00дө "Моссоветтин" аймагындагы "ФинансКредитБанктын" филиалы казыналыктын жетекчилигинин чечими жок эле доллардын курсун 78 сомдон аныктаган. Мындан улам ажиотаж пайда болгон. Базар дароо эле бул тенденцияны кабыл алып, кечке жакын курс 79 сомго чыккан",-деп түшүндүрдү Абдыгулов.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Улуттук банк "ФинансКредитБанк" ачык акционердик коомунун казыналык директорун алмаштырууну талап кылды жана валюта интервенциясынын нормативдик чараларын катуулатууну киргизүү чечимин кабыл алды.

Башка акча алмаштыруучу жайлар менен коммерциялык банктарды Улуттук банк учурда изилдеп жатат. Алар эрежеге ылайык иш алып барбаган учурда Улуттук банк тиешелүүү чараларды колдонот.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...