Акыркы макалалар

Кыргыз эл жазуучусу С.Өмүрбаевдин 85 жылдык маарекеси расмий белгиленди

Кыргыз эл жазуучусу С.Өмүрбаевдин 85 жылдык маарекеси расмий белгиленди

Бүгүн А.Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында КР эл жазуучусу С.Өмүрбаевдин 85 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленди.

Салтанаттуу кечеде Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин куттуктоосун президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Улугбек Марипов окуп берди. Анда: “Сагындык Өмүрбаев көптөгөн жанрда – поэзияда, прозада жана котормочулукта үзүрлүү эмгектенип, кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө татыктуу салым кошкон. Жазуучунун калеминен жаралган көптөгөн чыгармалар, өзгөчө “Бороондуу күндөр” жана “Телегей” романдары кыргыз элинин сүймөнчүгүнө татып, окурмандардын жүрөгүнөн жылуу түнөк тапты.

Сагындык Өмүрбаев кыргыз окурмандарын дүйнө жазуучуларынын чыгармалары менен тааныштырууга умтулган калемгерлердин бири. Ал Корней Чуковский, Сергей Михалков, Гамзат Цадаса, Гафур Гулямов, Миртемир Турсунов сыяктуу белгилүү акындардын чыгармаларын кыргызчалап, элибиздин руханий жана маданий дүйнөсүн байытууга өз салымын кошкон”,-деп айтылат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Г. Кудайбердиева, КР маданият, маалымат жана туризм министри А. Максүтов, КР Билим жана илим министри Э.Сариева чыгып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Мындан тышкары академик А.Садыков, КР Жазуучулар союзунун биринчи катчысы А. Рыскулов, КР эл акыны А. Өмүрканов, жазуучу К. Ашымбаев залкар жазуучу Сагындык Өмүрбаевдин кыргыз адабиятына кошкон зор салымын бир ооздон белгилеп өтүштү.

Кеченин жүрүшүндө жазуучунун соңку “Улуу үркүн” романы боюнча чакан сценировка көрсөтүлдү. Айтмакчы, С.Өмүрбаевдин бул чыгармасы ар кандай тоскоолдуктардан улам, өз учурунда жарык көрбөй, жазуучунун сандыгында кала берген. Ошондой эле ал жөнүндө тартылган “Кара сөздүн дулдулу” документалдуу киносу тартууланды.

КР эл жазуучусу С. Өмүрбаев 1930-жылы Кочкор районунун Ак-Кудук айылында жарыкка келген. Чыгармачылыгын ыр жазуудан баштаган. Ал "Бороондуу күндөр", "Телегей", “Өзгөргөн өрөөн”, “Өрттү кечүү”, “Ашуудагы айкаш” ж.б. көптөгөн романдар баштаган, баш-аягы 50дөн ашык китептердин автору. Айтылуу жазуучу 69 жашында Бишкек шаарында көз жумган.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...