Акыркы макалалар

Капчыктагы каражат так, ачык чыгымдоону талап кылат

Капчыктагы каражат так, ачык чыгымдоону талап кылат

2013-жылдагы Нарын шаарынын бюджетинин так жана ачык-айкын, башка жылдарга салыштырмалуу калыс жана көбүрөөк бөлүштүрүлүшүн, шаардык кеңешке жаңы шайланган депутаттардын партиялык тизме менен келгендиктен бирин-бири тыкыр көзөмөлгө алып, жең ичинен сүйлөшүүлөргө жол бербегендиктери менен байланыштырышууда.

Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Жекшенбек Урустемовдун билдирүүсү боюнча Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы мурунку жылдары түшкөн салыктын динамикасына жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн көрсөткүчүнө негизделген. Буга өнөр жай продукциясынын өндүрүшүнүн, чекене товардын кыймылынын көлөмү, калктын акчалай кирешелери сыяктуу экономикалык көрсөткүчтөр негиз болгон.

Нарын шаарынын 2013-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 213818, 5 миң сом өлчөмүндө пландаштырылып, мунун ичинен 65859,0 миң сом салык жана салык эмес жыйымдар, ал эми 147959,5 миң сом республикалык бюджеттен алынуучу категориалдык грант, же болбосо жалпы жергиликтүү бюджеттин 69, 2 пайызын (2012-ж-73,8пайыз) ал эми калган 30, 8 пайызын (2012-ж-26,2 пайыз) жергиликтүү салыктар жана салык эмес жыйымдар түзөт. Республикадан алынуучу категориалдык грант билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин эмгек акы жана социалдык фондго чегерүүлөрүн толугу менен жабат. Дегенибиз менен, шаардын бюджети башка шаарларга салыштырмалуу мугалимдердин жол киресин да, коммуналдык төлөмдөрүн да төлөп бергенге чамасы жетпейт. Муну башкы финансист, жергиликтүү бюджеттин дээрлик 70 пайыз дотацияда экендиги менен түшүндүрөт. Шаардык бюджет өзүнүн коммуналдык чыгымын да көтөрө албайт.Бирок Ж.Урустемовдун айтуусу боюнча былтыркы жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылдын бюджетин кароодо алдыга жылыштар болуп, электр энергиясына 2 млн. 520 миң сом, мунун ичинен билим берүү тармагына 1 млн. 302 миң сом, сууга 1 млн. 854 миң сом, байланыш кызматына 311 миң сом, көмүргө (Шералиев мектебине) 256 миң сом акча каражаты каралган.Мындан сырткары, экономикалык чыгымдарга былтыр 2 млн. 470 миң сом каралган болсо, быйыл 5млн 400 миң сом каралууда.Бул каражаттын 300-400 миң сому акт-сверканын негизинде 1-4-класстардын окуучуларынын коомдук транспортто акысыз жүргөнүнө берилсе, калганы мектеп, бала бакча жана бюджеттен каржыланган мекемелердин долбоорлорунун өздүк салымына берилет.Себеби, көпчүлүк эл аралык уюмдар колдогон долбоорлордун 10 пайыздан 40 пайызга чейинки каражатын өздүк салымдын негизинде төлөш керек болсо, бюджеттик мекемелер аны төлөй албай, долбоорлор ишке ашпай келет.

Жекшенбек Урустемов, Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы:--Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше булагынан жогоруда айтылгандай 65859, 0 миң сом пландаштырылган.Салыктын түрлөрү боюнча токтоло кетсем, быйылкы жылдын өзгөчөлүгү буга чейин киреше салыгынын 60 пайызы республикага кетип, өзүбүзгө 40 гана пайызы калчу болсо, бул жолу киреше салыгынын 50 пайызы жергиликтүү бюджетке калып, 2012-жылы 17080,0 миң сом каралган болсо, 2013-жылга 27850, 0 миң сом, былтыркы жылга салыштырмалуу10770 миң сом айырма менен каралды.Патенттин негизиндеги киреше салыктан 5270, 0 миң сом (2012-ж-3900,0 миң сом), транспорттук каражаттардын ээлеринен алынуучу салык 3200,0 миң сомду (2012-ж-2900,0 миң сом) түзсө, сатуудан түшүүчү салыктан 50 пайыз-11475,0 миң сомду(2012-ж-11700,0миң сом) түзүп, 225,0 миң сомго азайган. Салыктан түшкөн кирешенин бардыгы 2013-жылга карата 52039,0 миң сомду түзүп (2012-ж-39541,0 миң сом), былтыркы жылга салыштырмалуу 12498,0 миң сомго көбөйгөн.

Ал эми салык эмес кирешелердин планы боюнча алып карасак 2013-жылдын планы 2012-жылдын бекитилген планына салыштырмалуу 13484,0 миң сомго , ал эми такталган планга 9493,0 миң сомго көп бекитилген.

Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планы 213818,5 миң сом (2012-ж-200334,5 миң сом) өлчөмүндө пландаштырылып, өткөн жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга көбөйгөн. Мунун негизги себебин жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн планынын атайын каражаттын планын кошпогондо 12984,0 миң сомго же болбосо 28,6 пайызга көбөйүшү менен түшүндүрсөк болот.

Статьялар боюнча айта кетсем, жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн эмгек акы жана социалдык фондко чегерүү статьясы жалпы бюджеттин 82,2 пайызын же 175932,0 миң сом, ал эми калган 17,8 пайызы же болбосо 37886,5 миң сом башка статьялар жана атайын каражаттын планы түзөт,-дейт башкы финансист.

Шаардын 2013-жылдагы бюджетин кабыл алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык Нарын шаардык мэрияга 24 штаттык бирдик, мунун ичинен 16 штаттык бирдик аппарат, 8 штаттык бирдик кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлер, Нарын шаардык Кеңешине 6,5, туризм жана спорт бөлүмдөрүнө 3, маданият бөлүмүнө 1, билим берүү бөлүмүнө 5, социалдык жактан коргоо башкармасына 22 штаттык бирдик, мындан сырткары келишимдин негизинде Нарын шаардык мамлекеттик салык кызматына 3 жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздук кыймылын көзөмөлдөө, жергиликтүү салыктарды чогултууга көмөк көрсөтүүгө 1 штаттык бирдик каралган.

Тармактар боюнча алып карасак, мамлекеттик жана муниципалдык тармакка 9841,0 миң сом (2012ж-9814,5 миң сом) пландаштырылып, мунун ичинен кызматкерлердин эмгек акы, социалдык фонддун чегерүүлөрүнө 6538, 5 миң сом жана резервдик фондко 1050,0 миң сом, мунун ичинен 400,0 миң сом Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешине каралган.

Коргоо тармагына 210,0 миң сом каралып, мунун ичинен жазгы-күзгү аскерге чакыруу иш чараларын уюштурууга 50,0 миң сом, шаардык сактоо кызматынын күйүүчү , майлоочу жана башка чыгымдары үчүн 160 миң сом каралган.

Билим берүү тармагы жалпы бюджеттин 76, 8 пайызын түзүп, ага 164292,0 миң сом (2012-ж-160695,0 миң сом) каралса, мунун ичинен айлык акы, социалдык фонддун чегерүүлөрүнө 148882,9 миң сом ( 2012-ж-148694, 7 миң сом) бала бакчадагы балдардын тамак ашына 3617,3 миң сом, атайын каражаттын планына 4450,0 миң сом, ал эми калган 7250,2 миң сом (2012-ж-4425,7 миң сом) коммуналдык кызматтарга жана калган статьяларга каралган.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын калкты кургак учук оорусунан сактоо Мыйзамына ылайык кургак учук оорусу менен ооруган адамдардын жол киресине жана дары-дармектерине 70,0 миң сом каралган.

Социалдык өнүгүү тармагына 4925,0 миң сом, мунун ичинен эмгек акыларына жана социалдык фонддун чегерүүлөрүнө 3578,8 миң сом коюлган.Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен социалдык жеңилдиктерди алууга укугу бар адамдарга 1000,0 миң сом каралууда.Бул каражат Улуу Ата Мекендик согуштун, афган согушунун катышуучуларына, Чернобыль апаатынан жапа чекендерге, аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүрдүн ордуна акчалай компенсация жана башка категориядагы жеңилдик алуучуларга берилет.

Ж.Урустемовдун айтуусу боюнча быйылкы жылы турак жай жана коммуналдык чарба тармагына 23665,0 миң сом (2012-ж -17291,5 миң сом) пландаштырылган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу бир кыйла жогору. Себеби, былтыркы жылга салыштырмалуу коммуналдык чарба кызматкерлеринин, анын ичинен таштанды чыгаруучулардын айлык акысы 25 пайызга, башка жумушчулардыкы 10 пайызга, жашылдандыруу мекемесинин жумушчуларыныкы 10-15 пайызга көбөйтүлгөн. Мунун ичинен, аталган тармакта иштегендердин айлык акысына жана соцфондко 12770,3 миң сом (2012-ж-10061,5 миң сом), атайын каражаттан 3050,0 миң сом, ал эми калган 7844,7 миң сом (2012-ж- 4730,0 миң сом) шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү, тазалыгын кармоо, коммуналдык төлөмдөр, жаңы техника алууга жана башка жумуштар үчүн каралган.

Бюджетти кабыл алууда маданият кызматкерлери үчүн да быйылкы жылдын бюджети жакшы жагына чечилип, буга чейин шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлерине 10 айга гана айлык акы каралып келген болсо, бул жылы толук 12 айга каралган.

Негизинен, шаардык мекемелердин бардыгына эле мурунку жылга салыштырмалуу бюджет көбүрөөк каралган.

Ал эми Нарын шаардык Кеңешинин депутаты («Республика» партиясынан) Улан Айтиевдин айтуусу боюнча 2013-жылдын бюджети өткөн жылдын бюджетине салыштырмалуу өтө кылдат каралып, комиссияда бир ай талкууланып, коомдук угуулар өткөрүлүп, ар бир сомдун кайда жумшалаары ачык-айкын болгон соң кабыл алынып, чечилбей келген көп маселени чече алды.

Улан Айтиев, Нарын шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы:--Биз 2013-жылдын бюджетин кабыл алуудан мурун 2012-жылдын бюджетин карап чыктык. Өткөн жылдан 700 миң сом калыптыр. Анын 180 миң сомун 10 гидрант алганга, 280 миң сомун шаардын жолуна «лежачий полицейский» койдурганга бөлдүрдүк. Мындан сырткары жолбун иттерди атууга да акча каражатын бөлүп бердик. Ошентип, 2012-жылдын бюджетин толугу менен жаап, 2013-жылдын бюджетин карадык. Албетте, бардык мекемелер өздөрүнүн сметалары менен келишти. Алардын бардыгын эсептей келсек бюджетибиз 114 млн. сомго жетти. Бирок, бизде андай мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, «төшөгүбүзгө жараша бутубузду сундук». Мындан сырткары бизге мекеме ишканалардан 79 арыздар түшкөн, акча каражатын чечип бериңиздер, штаттык бирдиктерди ачып бериңиздер деген.Бирок, тилекке каршы биз ал арыздардын бардыгын канааттандыра алган жокпуз. Эң аялууларына гана ачып бере алдык. Комиссиянын 6 мүчөсү талашып тартышып олтуруп бир айдан ашык иштеп, акыры кабыл алууга даярдаган шаардын бюджети 65 859,0 миң сомду түздү. Бюджетти кароодо биз ар бир статьяны орду-ордуна койгула дегенге жете алдык. Буга чейин электр энергиясына, сууга, социалдык фондго төлөмдөр төлөнбөй келген болсо, ошол карыздарды төлөп бергенге жетиштик. Мурда экономикалык чыгымдарга 2 млн. 400миң сомдун тегерегинде каралган болсо, мэриянын кызматкерлери, мекеме жетекчилери менен сүйлөшүп, алардын көйгөйлүү маселелерин угуп туруп, туура түшүндүрүп, биз ушул кичинекей акчаны көрүнүктүү нерсеге жумшайлы деп 5 млн. 400 миң сомго экономикалык чыгымдарды көбөйтүп бердик. Бул каражаттын 3 млн. 700 миң сомун Төш-Булак аймагына «Таза суунун» өздүк салымына , шаардын генералдык планына 500 миң сомун, стимгрантка 80 миң сомун жана МЭРСИКО тарабынан бала бакча, мектептерибиз 30-40 пайыз өздүк салым кошуу менен инвентарь алышат экен.Ошолорду жапканга каражат бөлдүрдүк. Мындан сырткары башка демөөрчүлөр тарабынан түшкөн каражаттарга кошуп, эл тарабынан өздүк салымын кошчу долбоорлор болсо ошого жумшагыла деп мэрияга тапшырма бердик. Биринчи жолу биз шаардын коммуналдык чарбаларына техника алууга «Таза Нарынга» 1 млн. сом, водоканалга 1 млн. 800 миң сом бөлүп бердик. Бул жерде биз мэрияга, мекеме жетекчилерине, шаардык кеңештин төрагасына ыраазылык билдире кетишибиз керек. Себеби, булар өздөрүнүн чыгымдарын азайтуу менен бюджеттин тартыштыгын билгизбей, анча-мынча каражатты туура бөлүштүргөнгө шарт түзүп беришти. Бул жолу биз жылда каралып келген ар кандай чыгымдарга, инвентарь алууга каралчу чыгымдарды азайтып олтуруп, акчаны туура бөлүштүргөнгө аракет кылдык.

Көйгөйлүү маселелер инвентарь алуу боюнча болду. Интернат аймагындагы бала бакчада муздаткыч, газ плита, олтургучтары да жок экен. Алардын сметаларына карап туруп инвентарь алууга 87 миң сом бөлүп бердик. Маданият бөлүмүнө 150 миң сом бөлдүк. Китепканага 100 миң сом жаңы китеп алууга бөлдүк. Албетте, бул өтө аз, ошентсе да «жоктон көрө жогору». «Акча тактыкты талап кылат» демекчи, биз ушул бюджеттин ар бир тыйыны коромжуга учурабагандай кылып, эң зарыл, керектүү нерселерге, шаарыбызды көрктөндүрүп, жашылдандырууга, гранттар келгенде өздүк салымыбыз жок деп куру калбай пайдаланып калгыдай кылып бөлүштүргөнгө аракет кылдык. Айтор талашып тартышып олтуруп ушул бюджетти кабыл алдык. Быйылкы бюджет көп да болуп, бөлүштүрүү жагы да туура болду деп айтып жатышат,-дейт эл өкүлү.

Улан Айтиевдин айтуусу боюнча буга чейин шаардын бюджетин бекитүүдө штаттык бирдиктерди кароодо айрым кемчиликтерге жол берилип келген. Алсак, кыштын күнү парктарда суу сугаруучу деген штаттык бирдик каралып, айлык акы жүрүп турган учурлар да бар экен. Алардын бардыгы кыскартылган. Мындан сырткары мэрия менен шаардык кеңеш башка киреше булактарын издөөнүн үстүндө да иш алып барышууда.Түшкөн каражаттар шаардын инфраструктурасын, жолдорун оңдоого карата брусчатка, пескоблок чыгарган аппараттарды алганга жумшалмакчы. Эл өкүлүнүн ою боюнча депуттардын партиялык тизме менен шайланышынын жакшы жери бюджет маселесин талкуулоодо бирин-бири көзөмөлгө алып, жең ичинен сүйлөшүүлөрдүн жүрбөшүнө өбөлгө түзүлгөн. Ошентип, сессиянын катышуучуларынын айтуусу боюнча да шаардын быйылкы жылкы бюджети так, ачык , айкын болду. Бул да болсо шаардык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын шаардын мекемелеринин, коомчулугунун алдында түшүндүрүү иштерин туура жүргүзгөндүгүнүн натыйжасы.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...