Акыркы макалалар

Каражаттын айынан чемпиондор чет өлкөгө кетеби?..

Каражаттын айынан чемпиондор чет өлкөгө кетеби?..

Биз азыр жарга такалган абалда турабыз. Мындай абалда көпкө кармалып тура албайт окшойбуз. Бизге дагы сырттан чакыруулар болуп жатат. Биз чет жактарга чыгып чемпионаттарга катышып турушубуз керек. Ал үчүн кайра эле акча каражатына келип такалабыз. Мелдештерге катышып турбасаң, дүйнөлүк чемпионаттардан артта калып калабыз. Быйыл ага катышпай, кийинки жылы чемпионатты жеңип алуу кыйын болуп калат, - дейт машыктыруучу, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Алымбек Рахимов.

Бүгүнкү "Кабар даамында" уктуруубузда оор салмактагы пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк рекордду 4 жолу жаңылаган Баткенден чыккан балбандар жана кыргыз спортчуларынын чет жактарга чыгып кетүүсүнүн себептери тууралуу сөз кылдык. Конокто эл аралык класстагы спорт чебери, 40-49 жаштагылар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын 2 жолку жана Азиянын бир нече жолку чемпиону, дүйнө чемпиондору Азамат менен Акжолдун атасы жана машыктыруучусу Алымбек Рахимов болду.

- Алгач сиздин спорт дүйнөсүнө качан, кантип аралашып калгандыгыңыз тууралуу билсек? Эмнеден улам кызыгып калдыңыз?

- 1977-жылы биринчи жолу грек-рим күрөшү боюнча спортко аралашып калдым. Мектепте окуп жүргөн кезимде эле окуучулар арасында Кыргызстандын чемпиону болгом. Бишкек шаарындагы спорт интернатында окудум. СССРдин армиясында аскердик кызматымды өтөп келип, Ленинград шаарындагы институтка өтүп, анын курама командасында машыгып жүрдүм. 1990-жылдары кайра куруу мезгилинде спортчулардын көпчүлүгү спортту таштап кетишти. Биз дагы ошолордун катарында убактылуу чыкканбыз. Ошону менен убакыт өтүп отуруп, 2003-жылы гана балдарды машыктырып баштадым. Азыр он жылдан ашык убакыттан бери биздин негизги максатыбыз дүйнө чемпионаттарына чыгып, жеңиш алып келүү болгон. Бул максаттарга атадан балага өтүп отуруп анан жетиштик десем жаңылбайм.

- Спорттун оор түрү менен машыгуунун адамдын ден-соолугуна ар кандай терс кесепеттери бар деп айтылат. Эмне себептен спорттун бул түрүн тандап алдыңыз?

- Баткен Бишкек шаарына алыс, тез-тез келгенге кыйын болгондуктан, ушул пауэрлифтингди тандап алдым. Себеби, бул боюнча кайсы өлкөдө ким канча салмакты көтөргөдүгү тууралуу маалыматтар интернетке жарыяланып турат. Бардык эле чоң спорттун кайсы бир деңгээлде ден-соолукка зыяны бар. Анын ичинен оор атлетиканыкы көбүрөөк болот. Бирок ага карап отурсак, жеңишке жете албайбыз. Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн талашып-тартышкан нерсесинде кыргыздар дагы катарлаш жүрүшүбүз керек.

- Машыктыруучу катары сиздин тарбиялануучуларыңыз көппү?

- Өзүмдүн эки баламан сырткары 3 спорттун чеберлери бар. Андан сырткары көптөгөн чеберликке талапкерлер бар. Булар дагы дүйнө чемпиондугуна жетип калышмак. Алар мектепти бүткөндөн кийин чет өлкөлөргө иштеп кетип калышты. 2005-жылдан бери аларды Кыргызстандын чемпионаттарына алып келип жүрдүм. Буларга өзүм машыктыруучу, айдоочу, демөөрчү болуп жүрдүм.

- Өзүңүздүн балдарыңызды качантан баштап чет өлкөлөргө алып чыга баштадыңыз?

- 2008-жылдан баштап катышып баштадык. Биринчи жолу Азия чемпионатына 2-орунду, андан кийинки жылы эле 1-орунду ээледим. Менден кийин балдарым биринчи болуп 2012-жылы Индияда Азия чемпионатына катышты. Анда Акжол 1-орунду, Азамат 4-орунду ээлеген. Ошол 18 жашка чейинкилер арасында 53 кг салмакта 186 кгдык отуруп-туруу боюнча Азияга койгон рекорду азыркыга чейин сакталып турат. Аны эч ким буза элек.

- Машыктыруучулук ишиңизди алгач өзүңүздүн балдарыңыздан баштагансызбы?

- Өзүм Баткендин чет жагында жашагандыктан, дыйканчылык үчүн жерибиз бар. Мен Ленинградда жүрүп келгенде ошол жерге мал кайтарып жаш балдар карта ойноп, тамеки тартып отургандарын көрүп, аларга бир нерсени үйрөтүп, алаксытуу керек деген ой туулду. Анан спортко кызыккандар көбөйүп, кичинекей спорт зал куруп, машыктырып баштадым. Ошентип эки жыл иштегенден кийин өзүмдүн балдарым кошулду.

- Сиздин уулуңуз Азамат оор салмактагы пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк рекордду 4 жолу жаңылаган. Чет жактарга чыгып, дүйнөлүк мелдештерге кантип катышып жүрөсүздөр? Өз күчүңүздөр мененби же мамлекеттин колдоосу барбы?

- Алгачкы убакыттарда өзүбүздүн күчүбүз менен барып аттык. Кийин Баткен шаардык мэриясы, шаардык депутаттар тарабынан жардам көрсөтүлүп жаткан. Өзүбүз тараптан бүгүнкү күнгө чейин 44 миң доллар коротуптурбуз. 12 миң доллардайын шаардык мэрия каржылады. Ал каржылоону дагы бүгүнкү күндө Эсептөө палатасынан текшерүүлөр барып токтотуп коюшту. Болбосо бизге аз да болсо жардам берип жаткан. Чет жактарга чыгуулардын барын өзүбүз колго алгандыктан , кредит алган учурларыбыз дагы болду. Ушунча жыл даярданып, дүйнө чемпиондугун ала турган убакытка келип калганда, биз “акча жок” деп калып кала албайт элек. Бул жерде үйдү сатып болсо дагы барып жеңип келиш керек болчу. Спорт агенттигине буга чейин кайрылуулар болуп, алардан олимпиадага кирбеген спорттун түрүн каржылай албайбыз деген жоопторун айтышат. Биз чет жактарга чыгып көрүп жатабыз. Мисалга Африкага барганда Орусиядан 100гө жакын атлетчи, 20 чакты машыктыруучу барды. Казакстандан 60-70тей спортчулар барат. Алардын барын өкмөт эле каржылайт. Азыр спорттун түрү көп. Бирок ушул пауэрлифтинг олимпиадага кире турган споттун түрү болуп турат. Бүгүнкү күндө буга кызыккандар өтө көп болуп, популярдуу болуп турган учуру.

- Бүгүнкү күндө спортчулар кандай шартта машыгып жатышат?

- Азыр деле 10 жыл мурдагыдай шартта, ошол эле залда машыгып жатышат. Себеби, биз бардык тапканыбыздын барын мелдештерге катышууга сарптап жатабыз. Зал ошол бойдон эле турат, бирок андан Дүйнө чемпиондору чыгып жатат. Жакында Ташкентте дагы бир чемпионат өтөт. Буга биз дагы барышыбыз керек эле, ийгиликтерди жаратмакпыз. Каржы маселесинен улам бара албай калышыбыз мүмкүн болуп турат.

- Негизи спортчулардын машыгуусу үчүн машыгуучу залдын жакшы шарты маанилүүбү?

- Эң биринчиден бизде мыкты спорт адистери жетишсиз. Күчтүү адистерди өзгөчө алыскы райондорго тартышыбыз керек. Ал эми спорт залдын шарты бул экинчи планда.

- Жогорудагы маалыматта кыргыз спортчуларынын жетишпеген каражаттын айынан чет жактарга чыгып кетип, башка элдин намысын коргоп жүргөндөрү тууралуу айтылды. Сиздерде дагы чет жакка чыгып, өзүңүздөрдү мындан дагы жакшы шартта машыгуу үчүн чет жактарга чыгып кетүү тууралуу ойлор болгон жок беле?

- Биз азыр абдан кыйналган абалда турабыз. Мындай абалда көпкө кармалып тура албайт окшойбуз. Бизге дагы сырттан чакыруулар болуп жатат. Бул жагын учурда ойлонуп жатабыз. Спорттун бул түрү боюнча башка өлкөлөрдө 60 жылдай убакыттан бери машыгып, чемпионаттарды өткөрүп келишет. Ал эми бизде 25 жылдан бери машыктырылып, кичине тажрыйба алып калдык. Муну кийинки жаштарга үйрөтүү ниетибиз бар болчу. Эми биздин даражага башкалардын келиши дагы бир топ убакытты алат. Бизге Чехиядан ушундай сунуш түштү.

- Эгерде сиздер сыртка чыгып кетүү ниетиңиздер болсо, демөөрчүлүк кылып жаткан мамлекеттин атынан чыгасыздарбы же Кыргызстандын желегин желбиретесиздери?

- Ал жагын ошол мамлекет менен келишим түзүп жатканда биз тараптан өзүбүздүн өлкөбүздүн дагы желегин желбиретебиз деген шарт коюшубуз керек.

- Дүйнөгө бир улутту таанытуунун эки жолу бар. Алар маданият жана спорт. Биздин спортчулар ийгилик жаратып, таанылып калганда эле сырттан сунуштар түшө баштайт. Биздин спортчуларды өз өлкөбүздө кармап калуу үчүн кандай конкреттүү иштер болушу керек?

- Азыркы учурда биздин спортчуларга өтө чоң колдоо керек болуп турат. Өзүбүздө көп мелдештерди өткөрүп, балдарды сыртка көбүрөөк чыгарышыбыз керек. Ошондо спортчулар көбүрөөк кармалат деген ойдомун. Биз азыр жарга такалган абалда турабыз. Биз болушунча максаттарыбызды аткардык. Эми чет жактарга чыгып чемпионаттарга катышып турушубуз керек. Ал үчүн кайра эле акча каражатына келип такалабыз. Мелдештерге катышып турбасаң, дүйнөлүк чемпионаттардан артта калып калабыз. Быйыл ага катышпай, кийинки жылы чемпионатты жеңип алуу кыйын болуп калат.

- Эми алдыда кандай план, максаттарыңыздар бар?

- Азыр балдарымдын жеке турмуштарын куруу дагы маселеси турат. Буга дагы көңүл бурушум керек. Биздин спортчулардын чет жактарга чыгуусу гана эмес, Кыргызстандын ичинде спорт баркталбай калды. Мисалы, биз чет өлкөгө чыкканда визага чейин өзүбүз ачтырабыз. Ал үчүн бир нече жолу келип-кетиш керек болот. Негизи виза ачуу үчүн спортчуларга атайын жеңилдиктер бар. Бирок, Азамат Финляндияга бараарда визаны Кыргызстандан ала албай, Астанадан алып келдик. Спортчулардын мындай убара тартышы өтө терс көрүнүш. Азыр Кыргызстанда пауэрлифтинг боюнча биз эле чемпионаттарга катышып жүрөбүз. Биз мындан ары дагы өлкөбүздүн желегин желбиретүүгө болгон аракетибизди көрө беребиз. Бул багытта бир топ эле кадыр-баркыбыз көтөрүлүп калды. Биздин спортчуларга чыдамкайлык каалайт элем. Себеби, биз ушул бойдон тура бербейбиз, бардыгы жакшы жагына чечилип, шарттар оңолот деген ойдомун.

Автор: Каныкей Бозгунова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...