Акыркы макалалар

100 миллионуң болсо, 100 дос таап беребиз!

100 миллионуң болсо, 100 дос таап беребиз!

2-декабрда Бишкектеги «Хаят» мейманканасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ички инвестицияларды тартуу боюнча бизнес-форуму болот. Анда бир жылдан кем эмес иштеген ишканаларга 20дан 500 миң долларга чейин каражаттар каралат. ЖИА бизнес-биримдигинин мүчөсү Эльдар Абакиров Форум тууралуу жана башка экономикалык маселелер боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

Сандыкта катылган акчалар иштейт

Учурда элдин чөнтөгүндөгү акчаларды иштетип, мамлекетке жардам берүүчү маалы келди. Ошон үчүн эң биринчи кезекте акчамды бекер күйгүзбөй иштетет элем деген жана бар ишин ирилештирем деген адамдарды бири-бири менен жолуктуруу зарыл. Мындай адамдардын бири-бирин түшүнүп, өз ара ишенимин арттыруу керек. Ушул максатта ЖИА бизнес-биримдиги келерки декабрь айынын экисинде «Хаят» мейманканысында бизнес-форум өткөргөнү жатат. Элдин катып жаткан акчасын иштетүүнүн биринчи жолу ушул. Экинчи жол «мамлекет менен жеке тармактын өнөктөштүгү» деген мыйзам бар. Бирок бул мыйзам кабыл алынганы менен, ушуга чейин бир дагы долбоор ишке ашкан жок. Эгер бир-эки эле долбоор ишке ашканда бул тез эле жанданып кетмек. Мисалы, мамлекет жеке ишкерге жер, же дагы башка объектти иштеткенге берсин. Маселен, Оштогу, же Бишкекетеги аэропортторду мамлекет өзүбүздүн жеке ишкерлерге, же дүйнөлүк деңгээлдеги ири фирмаларга ижарага берсе, алар учак майданын кеңейтип, дүйнөлүк сапатка көтөрүшөт эле. Натыйжада, учак каттамдары көбөйүп, туристтер көп келе башташмак. Кыскасы, мамлекет акча коротпой туруп, экономикабызга көп пайдасын тийгизмек.

100 млн долларга чейин келишим күтүүдөбүз

Эми 2-декабрдагы бизнес-форумга кайтсак. Биз 200гө жакын бизнес-долбоор жыйнап, арасынан эң жакшы 20-30ун форумдун жүрүшүндө сунсакпы дегенбиз. Азыр 50дөн ашык долбоор келди. Ноябрдын акырына чейин дагы долбоорлорду күтөбүз. «Бир жылдан ашык убакыт иштеп келген ишканасын кеңейтем. Ишиме керектүү жабдууларды алам» деген долбоорлорго 20 миңден – 500 миң долларга чейин каражат каралат. Биздин болжол боюнча жалпы суммасы 100 млн долларга чейин келишимдер түзүлүүсү күтүлөт. Бул форумда жергиликтүү инвесторлор менен жергиликтүү ишкерлерди гана чакырып атабыз. Башында ички мүмкүнчүлүктөрдү карап, өз ара жуурулушалы деген ой бар. Кийин сырттан келген каражаттар жана ишкерлер менен форум өткөрсөк да болот. Негизи бизде ушундай форумдарды дайыма өткөрүп туралы деген ой бар.

Мамлекет иштете албаса, менчикке сатуу керек

Элдин ишенимин актай турган туруктуу адамдардын өкмөткө келиши менен мамлекеттин үлүшү бар далай ишканаларды жандандырса болот. Мисалы «Сингапур телеком» компаниясына инвестиция керек болгондо өкмөтү элин ишендирип, ар бир сингапурлук үй-бүлө бул ишкананын акциясын алган. Азыр ал үй-бүлөлөр жыл сайын өзүнө тиешелүү үлүшүн алып турушат. Өкмөтүбүзгө ишенимдүү адамдар келсе, аэропорттордон баштап «Мегакомго» чейин далай ишкананы жалпы элдин жардамы менен жандандырып кетсе болот. Мамлекет иштеткен ишканаларды менчиктештирүү кээде туура деп эсептейм. Себеби, мурун төлөнүп келген салыктар азайып кетсе, же өзүнө тиешелүү мүмкүнчүлүктөрдү атаандаштарына тарттыра баштаса, же менчиктештирбей тура берүү менен бардык артыкчылыктарын жоготуп, өзү да жок болуп кетүү ыктымалы жаралса, анда аны кармап кереги эмне? Сапаттуу, күчтүү кожоюн чыга турган болсо, «Мегакомго» окшогон кымбат компанияны баасы чыгып турган кезде сатып жиберүү деле туурадыр. Мамлекет ишеничтүү, заманга жараша иштей алган жана күчтүү башкаруучу тарта албаса, анда сатып жибергени деле оң. Ушул жерден баарынан өкүнткөнү эл арасындагы «Бир нерсени жок кылам десең мамлекетке бер» деген сөз акыйкат бойдон калууда.

Курулуштан кимдер соо чыгат белгисиз

Азыр солгундап бара жаткан курулуш сектору боюнча жалпыланган так маалымат жок. Бирок ЖИА бизнес-биримдигине кирген 30 курулуш компаниясынын жарымынан көбүн кыдырганыбызда жумушчу орундар 2-3 эсеге азайып, курулуш темпи 2-3 эсе жайлап калганына күбө болдук. Анткени менен азырынча жумушун таптакыр токтотуп койгон ишканалар жок. Учурда курулуштагы бир жылдык кризистен кимдер аман-соо чыгары так белгисиз. Кайсыл компаниялар толугу менен токтоп, кайсынысы жумушун улантып кете алары жазында гана даана белгилүү болчудай. Жалпысынан курулуш тармагы толугу менен токтоп калбайт. Бирок кризис 2-3 жылга созулуп кетсе, 10 эсеге чейин басаңдоо болуусу мүмкүн.

Жумушчулар Эренге, кожоюну Тереңге

Буга чейин «Бажы уюмуна кирсек, айыл-чарба шумдук жанданат» деп Өкмөт тарабынан айтылып кеткен сөз эле. Ушундан улам жыйынтык чыгара турган болсок, курулуштан кеткен адамдар айыл-чарбасына өтүүсү керек болчу. Бирок, менимче алар айылга деле барбайт. Себеби биздин айыл-чарба өндүрүмдөрүбүздү Казакстан да, Россия да киргизген жок. Тилекке каршы, курулуштан бошоп калган адамдар кайра эле Россия, Казахстан же дагы башка мамлекеттерге чыгып кетүүгө мажбур болуусу мүмкүн. Курулуштан кеткен жарандарыбыздын көбү жогорку деңгээлдеги кесипкөй адамдар эмес. Мисалы, алардын арасында кыйын ширетүүчүлөр деле бар. Бирок алардын көпчүлүгү бетон куюу, арматура токуу, кыш коюу, кафель кыноо же чатыр жабуу сыяктуу орто кесипкөйлүктү талап кылган кара жумуштарды билишет. Ал эми курулуш ишканаларынын кожоюндарына келсек, алар Россия менен Казакстанда деле атаандаштык кылууга жарайт. Бирок азыр ал мамлекеттерде да кризис бар. Ал эми андан башка мамлекеттердин курулушчуларына атаандашуу кыйыныраак. Ошол эле АКШда кыргыздардын чатыр жапкан бригадалары көп дешет. Анткени менен андай өнүккөн мамлекетке виза алып, ал жакта жашап кетүү кыйын.

Мамлекет курулушка бир тамчы суу берди

Кечээ жакында 300 млн сом ипотекалык программага бөлүндү деген жаңылык чыкты. 300 млн сом курулуш үчүн бир тамчы тамызгандай эле кеп. Бүгүнкү күндүн курсу менен санаганда, бул 4 млн доллар дегенди билдирет. Буга учурда 1 чоң же 3 кичине көп кабаттуу үй салсаң болот. Албетте, бул жоктон көрө жогору, бирок, Бишкекте бүтпөй жаткан курулуштардын аягына чыгыш үчүн 4 млн эмес 40 млн доллар керек. Эгер негизги максат жумушсуздуктун алдын алып, социалдык чыңалууну басаңдатуу болсо, анда баштан-аяк жаңы курулуш объектилерин куруп чыгыш керек. Эгер мамлекет жер бөлүп берип, керектүү коммуникацияларды, т.а. светти, сууну, газды, жылуулукту жана канализацияны жакындатып берсе, анда ар бир чарчы метрдин баасы арзандамак. Азыр курулуш компаниялары 1 чарчы метрди 600 доллардан сатып атса, мамлекеттин мындай жардамы менен бүткөн үйлөрдүн баасын 400-500 долларга түшүрүүгө мүмкүн. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуу менен андай батирлердин акчасын кайра эле жаңы курулушка салса болот. Айына 10-15 миң сомдон төлөп отуруп, акыры батирдин ээси болом деген үй-бүлөлөр көп эле болуш керек. Мисалы, батир 20-30 миң долларга бааланса, башында 5 миң долларын берип, калганын бир айда 10-15 миң сомдон төлөп отуруп батирдин ээси болгудай кылып эсептеп чыкса неге болбосун? Бул ай сайын түшүп турган акчаларды кайра эле кийинки курулушка салып тегеретсе, жакшы натыйжаларды берет. Мамлекет муну менен коомдук стабилдүүлүктү узак мөөнөт сактап тура алмак.

Назарбаев 2008-жылкы кризистен жакшы чыкты

Негизи курулуш тармагын – экономиканын локомотиви деп коёт. Анын аркасы менен жок эле дегенде 9 тармак кошо жанданат. Ошондуктан мамлекет ушундай ири долбоорлорду жүргүзсө жакшы болмок. Мисалы, Нурсултан Назарбаев «Нурлуу жол» деген чоң жолдорду салуу жана башка инфраструктуралык ири долбоорлорду ишке ашыруу менен Казахстанды 2008-жылкы экономикалык кризистен чыгарып кетти. Муну ар бир адам байкай алат. Коңшу өлкө аркылуу эл аралык мааниге ээ болгон транзиттик жолдор курулду. Анын аркасы менен жумушсуздуктун да деңгээлин төмөндөтө алышты. Экономиканын дөңгөлөгү токтоп калган жок. Мамлекеттерди бириктирип турган оор жүк ташуучу унааларды көтөргөн мындай транзиттик жолдор өзүн-өзү актайт. Бизге дагы азыркы кризистин кесепетин азайтуу үчүн жол салуубу, курулушпу, тоо кен байлыктарын казуубу, айтор ушул сыяктуу мамлекеттик программалар керек. Азыркы кризиске карабай, баалуулугун жоготпогон эки-үч тармакты мамлекет жандандыруусу зарыл.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...