Акыркы макалалар

ТИЛЕК АКАМБАЕВ 4 МИЛЛИОН 800 МИҢ СОМДУ ЖАЙЛАГАНБЫ?

Жалал-Абад шаарынын айрым тургундары жогорку прокурордук интснацияларга, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына, республикалык маалымат каражаттарынакарылышып, азыр “Айыл банктын” Жалал-Абад филиалын жетектеп турган Тилек Акамбаев шаар мэри болуп турган кезде 4 миллион 800 миң сом бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган, мыйзам алдында жооп бериши керек талаптарды коюшкан.

Республикалык инстанциялар бул дооматты жеринде текшерип, жыйынтык чыгаруу үчүн областтык прокуратурага жөнөтүшкөн. Текшерүүдө бул фактынын жөн-жайы белгилүү болду.

Көрсө, иш мындай болгон экен. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2009-жылдын 16-март күнкү 5-сессиясына шаар мэриясы 2008-жылы сметадан ашыкча иштетилип кеткен 4 миллион 840 миң 200 сомун “адалдаштырып” берүүнү, же башкача айтканда, мыйзамдаштырууну сурап кайрылган. Бирок, шаардык кеңештин депутаттары шаар мэриясынын бул каражаттар боюнча позициясына макул болбой, аны жакшылап карап чыгуу жана тастыктоо менен кийинки сессияда кароо чечимин кабыл алышкан.

Себеби, депутаттардын пикири боюнча, өткөн жыл үчүн мурда эле бюджет кабыл алынган жана бардык статьялар боюнча чыгымдалуучу каражаттардын нормалары бекитилген. Андан ашыкча иштетилүүчү каражаттар адегенде шаардык кеңештин сессиясына коюлуп, бюджетке өзгөртүүлөр киргизилип, андан соң гана иштетилиши керек эле. Бирок, бул жолкусунда андай болбой калган, мэрия ашыкча түшкөн каражаттарды өз буйруктары менен эле иштете берген.

Областтык прокуратуранын атайын жооп катындаЖалал-Абад шаардык мэриясына караштуу турак жай коммуналдык чарба департаментинин 2008-жылга сметасы 21 миллион 169 миң сом деп бекитилген. Демек, аталган департамент ушул сандан ашыкча каражат иштетпеши керек эле, бирок мэриянын буйругу менен иштетип отуруп, жалпы чыгым 26 миллион 9200 сомго жеткен. Ашыкча иштетилгени ошол 4 мллион 840 миң 200 сом болууда.

Ошол прокуртуранын жооп катында да шаар мэриясы шаар мэри Т. Акамбаевдин буйруктары менен 2008-жылдын ичинде шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнө ашыкча (кошумча) түшкөн 3 миллион 490 миң 602 сом акча каражаты өз учурунда жергиликтүү кеңеште каралбай туруп, ар түрдүү чыгымдарга сарпталганы айтылат. Сессия бюджетке өзгөртүү киргизип, ал каражаттарды иштетүүгө жол ачып бермейинче шаар мэриясы аны иштетүүгө акысы жок болчу. Ошону үчүн жогорудагы айтылгандай, 2009-жылдын 16-мартында шаар кеңешинин чечимисиз эле иштетилип кеткен акчаларды мыйзамдаштыруу маселесин депутаттар карагысы келбей, кийинкиге калтырышкан.

Бирок, ошол эле 2009-жылы 28-апрелде өткөн 6-сессияда шаар кеңешинин депутаттары бул маселени карап, шаар мэриясы уруксатсыз иштетип жиберген каражаттарды мыйзамдаштырып беришти. Албетте, Т. Акамбаев жөн гана шаар мэри эмес, ал ошол кезде өлкөдө толук бийлик жүргүзүп, президент Курманбек Бакиевдин саясий багытын аныктаган “Ак-Жол” партиясынын Борбордук саясий кеңешинин мүчөсү, демек, президенттин эң ишенимдүү кишилеринин бири болчу. Ошону үчүн да ошол кездеги шаар кеңешинин депутаты Акмат Бакиев баш болгон акжолчу депутаттар Т. Акамбаевди отко салып бербей, анын бул аракетин кеч да болсо адалдаштырып беришкен. Ошонун натыйжасында, азыркы кезде прокуратура да Т. Акамбаевге сес көрсөтө албай, кылмыш ишин козгоого шылтоо таппай калды.

Азыркы кезде Жалал-Абадды чогуу башкарышкан Акмат Бакиев чет элде качып жүрөт, ал эми Тилек Акамбаев бийликке келген СДПКнын мүчөсү болуп, өкмөт тарабынан бөлүнгөн үлкөн кредиттерди таркатуучу “Айыл банктын” Жалал-Абад филиалында жетекчи болуп отурат. Эми ал жерде мыйзам бузулбайт бекен? Эгер бузулса, СДПК куткарабы?

Кыргызстандын соңку жаңы жомогу ушундайча аяктайт.

Жалил САПАРОВ,

Жалал-Абад шаары.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...