Акыркы макалалар

Мамдирекция курган Ош шаарындагы 278 батир ипотекага берилди

Бул батирлерди жалаң мамлекеттик кызматкерлерге беришти. Ош мэриясы аны тармактар боюнча бөлүштүрдү, тагыраагы: шаардык билим берүү башкармалыгына-52, облустук жана шаардык саламаттыкты сактоо мекемелерине-45, Оштогу ЖОЖдорго-74, жалпыга маалымдоо каражаттарына-17 батир тийди. Мындан сырткары, шаардык спорт комитети, жолдор башкармалыгы, архитектура сыяктуу мекемелерге да берилди. Эми бөлүнгөн батирлерди тармактардагы кимдер алаарын жетекчилери менен кызматкерлер кеңешип туруп чечишет.

Ипотека менен сатууга чечим чыккан 278 батирдин 42си бир бөлмөлүү, 120сы 2, 116сы 3 кааналуу. Эми ала тургандар акысынын 30 пайызын алдын ала беришет. 70 пайызы 7 жылда сом менен төлөп кутулушат. Алдын ала алынган каражатка Ош шаарында дагы эки көп кабаттуу үй курулаары пландалып жатканын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Ал салынса, аны да ипотека менен сатышат.

Учурда батирлердин баасы коюла элек. Атайын комиссия аныктап чыкканда гана белгилүү болот. Алдын ала болжолдуу маалыматтар боюнча, чарчы метри 400 доллардан туура келиши мүмкүн. Бирок алгандар сом менен төлөшөт.

Мамдирекция курган көп кабаттуу үйлөрдөн 503 батир ашкан. Анын 278и эми ипотека менен сатууга чечим чыкса, калганы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилген.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...