Акыркы макалалар

Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Ошто төрөлдү, ал кыз

Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Ошто төрөлдү, ал кыз

Кыргызстанда алты миллионунчу наристе жарыкка келди. Ал Ош шаарында төрөлдү. Апасы 39 жаштагы Рахат Белекова. Мурда беш бала төрөгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

“25-ноябрда кечки саат алтыдан баштап, бүгүнкү таңкы саат алтыга чейин Кыргызстанда 6 миллионунчу жарандын төрөлүшү күтүлдү. Бул түнү өлкө боюнча 122 бөбөк төрөлдү. Саламаттык сактоо министрлигинде атайын түзүлгөн штаб жана өкмөттүк комиссия 6 миллионунчу жарандын ким болуп чыгарын такташты",- деп билдирди маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бир күндө 250дөй наристе жарык дүйнөгө келет. Республиканын 5 миллионунчу жараны 2002-жылы 27-августта төрөлгөн. Ал Тынчтыкбек Курамаев болуп чыккан. 13 жаштагы Тынчтыкбекке жакында эле Бишкек мэриясы ноутбук белекке тапшырган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...