Акыркы макалалар

Кыргызстанда алты миллионунчу наристе жарыкка келди

Кыргызстанда алты миллионунчу наристе жарыкка келди

Бул тууралуу 26-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Бирок ал наристе ким экени, кайсы жерде төрөлгөнү тууралуу өкмөт өзү маалымат бермекчи. 25-ноябрда кечки саат алтыдан баштап, бүгүнкү таңкы саат алтыга чейин Кыргызстанда 6 миллионунчу жарандын төрөлүшү күтүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн штаб жана өкмөттүк комиссия 6 миллионунчу жарандын ким болуп чыгарын эсептеп жатышат. Кыргызстанда бир күндө 250дөй наристе жарык дүйнөгө келет.

Республиканын 5 миллионунчу жараны 2002-жылы 27-августта төрөлгөн. Ал Тынчтыкбек Курамаев болуп чыккан. 13 жаштагы Тынчтыкбекке Бишкек мэриясы жакында эле ноутбук тапшырды.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...