Акыркы макалалар

Жалал-Абад облусунда 6387 этникалык кыргыздар жашайт

Жалал-Абад облусунда үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата жалпы 6387 этникалык кыргыздар жашайт. Анын ичинен 2319 үй-бүлө “Кайрылман” күбөлүгүн алгандар. Бул тууарлуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, бул этникалык кыргыздар негизинен Өзбекстандан, Тажикстандан келип, Аксы, Ала-Бука, Ноокен райондорунда басымдуу көп бөлүгүн түзөт. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын жарандыгын – 1503 жана “Кайрылман” күбөлүктөрүн 4432 этникалык кыргыздар алышкан.

Этникалык кыргыздардын чечилбеген маселелери турак жай салуу үчүн жер участогу жана үй маселеси, жумушка жайгаштыруу КР жарандыгын жана паспортун алууну тездетүү, пенсия, пособия маселелрин чечүү болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...