Акыркы макалалар

“Аравандын шартында киви өстүрсө болот...”

Кең Таластын этеги Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылынын тургуну Нарынбек Өмүралиевдин негизги кесиби токойчу. Союз маалында Ташкент шаарынан билим алган. Чейрек кылым токойчулук кесибин аркалап, кийин рынок заманына жараша жаңыча иштөө жолуна түшөт.

Нарынбек ишин 2006-жылы чакан питомник ачып, ага ар кандай дарактардын уругунан көчөт эгип, өстүрүүдөн баштаган. Колдон келген аракет менен адегенде 2 сотых, анан 3,5 – 5,0 сотых деп олтуруп, улам бакчасын кеңейтип, бүгүнкү күндө анын аянты 1,5 гектарга жетти. Мунун артында канчалаган изденүү, түйшүктүү эмгек талап кылынбады дейсиң, көчөттү айлап, жылдап жаш баладай бага алганда гана акыбети кайтаарын токойчу жакшы билет. Бирок Нарынбектин бизди өзгөчө кызыктырганы – анын өз питомнигинде тропикалык өсүмдүк болгон кивини, түштүк жеринде өсүүчү курма менен анарды өзү жашаган Бала-Саруу айылында өстүрүүнү практикалап жатканы болду. Анар менен курма – булар бадал өсүмдүгү катары анча чоң эмес, аларды олтургузганда жерден 45% эңкейишке тигет, кеч күз келгенде жүзүм сыяктуу жерге көмүп, кыштан чыгарат. Дагы бир өзгөчөлүгү – анарды кыйыштырууга болбойт экен, аны калемче кылып көбөйтүп алыш керек.

Токой адиси катары дарактардын сырын жакшы эле билем, андыктан анар, курма жана кивини биздин шартта өстүрүп көрүп, байкагым келди. Азыр булардан 5-6 түптөн бар, биздин шартта анардын мөмөсүн жыйнап алганда ичи толук бышканга бир аз жетишпей калат экен, анан мөмөлөрүн үзүп коюп койгондон кийин бир аз убакытта жетилип бышып жатат, даамы, өңү-түсү кадимки эле түштүктүн анарындай. Курма да бир кар жаагандан кийин эзилип бышат.Киви болсо тропикалык өсүмдүк эмеспи, лиана сыяктуу чырмалып өсөт, аны дагы бышып кеткен кивинин уругун эгип алып, өстүрдүм. Азырынча мөмө бере элек. Кивини дагы калемчесинен көбөйтүш керек. Өз байкоомдо Аравандын климаттык шартында киви өстүрсө болчудай, себеби түштүктө бул райондун климаттык шарты дыйканчылык жана багбанчылык үчүн өтө жагымдуу, ал жактагылар январь-февралда эле капуста эгип башташат го. Эксперимент катары азырынча өз байкоолорум менен аракет кылып жаткан кезим.

Төрт чарчы дарбыз көрдүңүз беле?

Нарынбектин питомнигинде азыр мөмө жана декоративдик дарактардын көчөттөрүнүн 57 түрү өсөт. Ак кайың, терек, Тянь-Шань карагайы, кызыл карагай, көгүлтүр карагай, голландия карагайы, крым карагайы, жапайы арча менен туянын ар кандай түрлөрүнүн көчөттөрүнө кыргыз, казак кардарларынан дайыма суроо талап бар. Ошондой эле Нарынбек гүлдү абдан сүйөт, бакчасында не бир керемет гүлдөрдү эгип, декоративдик өсүмдүк катары баарына жаккан голландиялык ар кандай түстөгү роза гүлүнүн көчөттөрүн алдын ала буйрутма менен алып кетишет. Ал эми мөмө-жемиш дарактарынан болсо алманын эле 7-8 мыкты сорту бар, алмуруттун 3, гиластын – 3 түрү, Баткендин өрүктөрү, жаңгак , айва, алчанын түрүнүн көчөттөрү өсүүдө. Ошондой эле Нарынбектин багында эң сонун жүзүмзар бар. Багбан анын дасторкон үчүн жана вино жасоого колдонулчу эң мыкты сапаттуу сортторун өстүрөт.

Кулпунай, малина, помидор, калемпир, бадыраң, коон-дарбыз деген ушундай дыкаттык менен өз тартибинде эгилип, аларды сугарууда дагы жаңыча ыкма – тамчылатып сугарууну өздөштүрүп алган. Багбандын изденгени ушул – ал дарбызды ашкабак менен кыйыштырып, тоголок эмес, япондордукундай квадраттык формада өстүрө алат. Бул учурда мөмө алда канча даамдуу, чыктуу болот.Себеби ашкабакта нымдуулук көп. Ушундай эле кылып Нарынбек коон менен бадыраңдын гибридин да чыгарган.

Токойчунун рынок шартында киреше тапкан булагы ушул багбанчылыгы. Казахстандын көп шаарларында дал ушул биздин кыргыз багбанчыларыбыздын колунан өнгөн карагайлардын ар кыл түрлөрү көктөп, жарашыгын арттырып тургандыгы да чын. Быйылкы жаз менен эле Казахстандын түштүк борбору болгон Алматы шаарындагы президент Назарбаевдин ысымын алып жүргөн паркка багбандан 500 түп ак кайыңдын көчөтүн сатып алууга келишим түзүлдү. Бул Нарынбектин биринчи жолку ишкердиги эмес, казак боордоштордон ага көп суроо талап бар. Ишкердик жолунда кыргыз-казак чек арасында канчалаган азаптарды баштан кечирсе да бүгүн Нарынбек Өмүралиевди көп адамдар, анын ичинде чиновниктер дагы жакшы таанып калышты. Элчиликтердин офистери, окуу жайлардын айланасын жашылдандыруу иш чаралары болобу ага кайрылган ишкерлер жана катардагы адамдар арбып барат. Багбанчылыктын сырын үйрөнөм дегендерге дайыма кеп-кеңешин айтуудан качпайт.

Мээнетинин натыйжасында изденип жүрүп, багбанчылыктын сырын өздөштүрүп, илимий негизде улам жаңы сортторду алууну үйрөндү. Дагы бир аракети – ал бал челекчиликти дагы өздөштүрүп алганы болду, азыр айылдаштары таза бал үчүн дагы Нарынбекке келишет.

Багбанчылыктын түмөн-түйшүктүү ишинин ырахаты эле ушул, колуңан өнгөн дарак сонун болуп көктөп, анын жемиши төгүлүп турганында аралай басып каниет алганы. Нарынбек питомнигинин ушул турган абалына көп мээнет жумшады. Кыйналса да кредит алган жок, болгон аракет менен кичинеден көбөйтүп олтурду. Питомниктин ишине чыдаган адам гана аны күтө алат. Баш көтөрбөй иштеген багбанга жубайы тамакты жөөктөрдүн арасына көтөрүп келип берген учурлар арбын. Ар бир көчөттү мүнөзүнө жараша күтүү керек, отоп, бутап, сугарып, улам бир жерге көчүрүп турбаса болбойт. Кандай даракты кайсы көчөткө жанаша эгүүнүн дагы тартип эрежеси бар, аны сөзсүз сактабаса кылган мээнет талаага кетери шексиз. Россияда көп токойчу досторунан ар кандай өсүмдүктөрдүн уруктарын алып эгет, Краснодар, Алтай жана башка аймактардан алган ийне жалбырактуу жана башка декоративдик өсүмдүктөрү азыр ийгиликтүү көктөп, киреше алып келүүдө. Ал азыр дагы 3 гектар жерди ижарага алып, ишимди кеңейтсем деген тилекте экен. Какыраган жер кулпуруп, жашылданып, ар кандай мөмө-жемиштерге бөлөнүп турганын көргүм келет,-дейт элеттик ишкер.

Жийде Асанбек кызы

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...