Акыркы макалалар

Путин: Учак кырсыгы орус-түрк алакасына олуттуу залака тийгизет

Сирияда Орусиянын Су-24 аскерий учагы кыйрашына байланыштуу президент Владимир Путин билдирүү жасап, "бул жоготууну террорчуларга кол кабыш кылгандардын далыбызга бычак уруусу деп айтам, бүгүнкү болгон окуяны башкача баалай албайм", - деп айтты. Путин ошондой эле учак кыйроосу орус-түрк алакасына олуттуу залака тийгизерин да белгиледи.

Түркия премьер-министри Ахмет Давутоглу болсо Түркия чек арасы бузулушуна каршы бардык чараны колдонууга укугу бар экенин билдирди.

Бүгүн эртең менен түрк маалымат каражаттары бүгүн Сирия чек арасына жакын жерде Түркиянын аба мейкиндигин бузган белгисиз аскерий учак атып түшүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Анда F-16 үлгүсүндөгү Түркиянын эки истребители белгисиз учакты атардан мурда аба мейкиндиги бузулганы тууралуу он жолу эскертүү бергени, учак Сириянын чек арага жакын аймагына кулап, андагы эки учкуч парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөнү айтылат.

Көп өтпөй Орусия корго министрлиги Сирияда Су-24 учагы кыйроого кабылганын таанып, бирок ал Түркия аба мейкиндигин бузбаганын айтып чыкты.

Түркиянын Hurriyet гезити учак президент Асаддын режимине каршы күрөшкөн Латакия аймагындагы сириялык түркмөндөр байырлаган Йамадлы айылына жакын жерге кулап түшкөнүн, учкучтун бири мерт болуп, экинчисин жергиликтүү калк туткундап алганын жазып чыкты.

Орусия истребителдери өткөн октябрь айында да Түркиянын аба мейкиндигин эки жолу бузушу Анкаранын Москвага нааразылыгын жараткан.

Орусия Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы 30-сентябрдан тарта аба соккуларын ура баштаган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...