Акыркы макалалар

Мектептерде электрондук китепканаларды ачуу пландалууда

КРнын билим берүү жана илим министрлиги Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен жалпы билим берүү уюмдарында электрондук китепканаларды жана окуу материалдарынын базалык маалыматын жайылтууну пландаштырууда.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, “Билим берүү тармагында реформаларды колдоо” долбоорунун алкагында мектептерде 116 электрондук китепкана түзүү пландалууда. Өлкөдө бардык аймактарды ачык билим берүү ресурсу менен камсыздоо үчүн аймактар боюнча кайтарымсыз жардамдарды пропорциялуу бөлүштүрүү каралган, анда 20 мектепке бир электрондук китепкана келет.

КРнын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кайтарымсыз жардам алууга (техникалык колдоо) сынак жарыяланат, ага республиканын ар бир мектеби катыша алат.

Электрондук китепкана жана базалык маалымат сабактардан, видеотек, аудиотек жана кызыктуу материалдардын базалык маалыматынан турат. Тиешелүү мүмкүнчүлүгү бар мектептер жеке ресурстарды колдонуу менен электрондук китепкана түзө алат.

Эскерте кетсек, аталган долбоордун башкы максаты окуу материалдарынын жетишсиздигине жана мектептердин билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу маселени чечүү болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...