Акыркы макалалар

"Параграф". Кызыл өңгөчү жок, ичегиси туюк, жүлүнү сырта төрөлгөн наристелер тагдыры

"Параграф". Кызыл өңгөчү жок, ичегиси туюк, жүлүнү сырта төрөлгөн наристелер тагдыры

Төмөндөгү сүрөттөрдөгүдөй наристелер жылдан-жылга эмнеге көп төрөлүп аткандыгын билүү максатында, №3-шаардык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына аттандык. Балдар клиникасынын башкы дарыгери, КРнын эмгек сиңирген врачы, профессор, учурда КСДП фракциясынан шаардык кеңешке талапкерлигин коюп жаткан, “колу жеңил” врач атыккан Талантбек Өмүрбеков менен балдар реанимациясына чогуу кирип, бул дарыгердин жасаган эмгектери менен тааныша алдык. Жарык жашоонун жаман-жакшы жагын көрбөй, билбей туруп дене мүчөлөрүн кестирген, айнек идиште, түтүк менен дем алып жаткан, жарым жан наристелердин алсыз тагдырын көрүп жаныбыз кейиди. Курсактан жаңы түшкөн ымыркайдын эмне күнөөсү бар? деген ойлор жүрөк өйүдү. Наристелердин тагдырына баш оту менен малынган Талант Ороскулович оорукананын далисин аттаганыбызда эле буларды баяндады:

- “Порок” деген кыргызча кантип которулат белгисиз. Порок десе “жүрөктөгү шум” деп ойлошпосун, бул жанагыдай денесинде ашыкча өскөн нерселер менен тубаса порок болуп төрөлгөн наристелердин дарты. Мындан тышкары биздин бөлүмгө көп кездешчү оорулар болгон, кызыл өңгөчү жок, көтөн чучугу туюк, жүлүнү сыртында төрөлгөн ымыркайлар келип түшөт. Жылдан-жылга биз көрбөгөн пороктун түрлөрү да, саны да арбыды. 2003-жылдан бери изилдегенде 30 пайызга көбөйдү. Ар кандай аракеттерди көрүп, балдарды сактап калуу үчүн операция ыкмаларын изилдеп атабыз. 2007-жылы Татяна деген врачыбыз менин кол алдымда, жардамым менен жүлүнү сыртта төрөлгөн “спинно мозговой грыжа” деп коебуз, ушул боюнча диссертация кандидаттыгын жактаган. Бул ыкманы кантип операция жасоо керектигин үйрөнгөн соң, Россияга иштеп кетип калганы мени өкүндүрдү. Негизинен 8 кандидат чыгардым.

- Дегеле кызыл өңгөчү жок төрөлгөн наристелерди аман алып калганга болобу?

- Кызыл өңгөчү жок төрөлгөндөрдү операция жасоо өтө кыйын, мурда алардын көбү тирүү калчу эмес. Акыркы 3 жылдын ичинде төртөөнү тирүү алып калдык. Былтыр көтөн чучугу жок, түз ичеги төрөлгөн балдардын баарын аман алып калганбыз. Он жылдын ичинде көтөн чучугу жок төрөлгөн 200 балага операция жасадык. Учурда баарынын абалы, ден соолугу жакшы. 2000-жылга чейин 75 пайыз көтөн чучугу жок наристелер өлүмгө дуушар болчу. Ушул жылдар аралыгында бул наристелерге операцияны туура жасоо үчүн тактикалык, методикалык ыкманы аныктап, жакшы караганыбыздын натыйжасы го деп ойлойм. Мындай операцияны бир эле жасап салбай, этияттык менен үч этапка бөлөбүз. Ошол үч этаптын натыйжасында операция жасалгандыктан наристелерди курмандыктан көбүрөөк сактап калып атабыз. Өкүнүчтүүсү, жүлүндүн сыртта өсүшү акыркы убакта он пайызга өсүп кетти.

- Эмне себептен мындай наристелердин төрөлүшү көбөйүүдө?

- Буга эң биринчи эле ата-энелер күнөөлүү. Биз далилдеген себептердин бири бул - жыныстык катнаш аркылуу жуккан ар кандай инфекциялуу оорулардын кесепети. Бала эненин курсагында түйүлдүк болуп жаралгандан эле ички инфекциянын түйүлдүккө терс таасири күчөйт. Эне- атасындагы сакталган инфекциянын кесепети түздөн-түз балага өтөрүн көбү билбейт. Кээ бир порок болуп төрөлгөн наристенин тагдыры, келечеги кандай болору белгисиз. Аларга 99 пайыз кепилдик бералбайбыз. Бирок ошого карабай бир пайыз кепилдик болсо да аракетибизди берип келатабыз.

- Бир үй-бүлөдө порок оорусу менен төрөлгөн бир туугандар болобу?

- Албетте, бир үй-бүлөдө мындай дарт менен бир нече бала төрөлгөн фактылар бар. Кээ бир адамдар алгач башынан өтсө да дарыгерге кайрылбай жүрө берет. Ошондуктан, адам организминде инфекция бар экенинен күмөн санаса, дарыгерге уялбай кайрылып, пландуу анализ тапшырып, дарыланып анан балалуу болушса дейт элем. Андай учурда баланын да дени сак төрөлөт. Ата-энеге он эки мүчөсү аман наристе бакыт эмеспи. Кээ бирине жугуштуу оорусу бар экенин какшап айтып атса да төрөп алып, наристе тагдырын ара жолго калтырышат. Ошондой жүрөгү таш ата-энелерге таң калам. Бизде үйлөнүшөт да “боюмда бар” деп төрөй беришет. Канчалаган гезит-журнал, телеберүүлөр аркылуу айтып эле атабыз, бирок, аны жаштар эске алышпай, кол шилтеп коюшууда. Анан аягы өкүнүчкө кабылып, бармак тиштегендерин көп эле көрүп атабыз. Себеби биздин коом бир нерсени алдын-ала албайт эмеспи!

- Бир жылда канча наристеге жардам бересиздер?

- Бизге бир жылда 95 миң ар кандай оорулар менен жабыркаган балдар кайрылат. Анын ичинен 17 миңден ашык бала ооруканага жатып дарыланып, төрт миңге жакын операция жасалат. Балдар үчүн жалпы 375 орундук бар, андан 210 орун хирургияга карайт.

- Жабыркаган наристелер үчүн Өкмөттөн жардам болобу?

- Өкмөттөн толугу менен жардам берилет. Беш жашка чейинки балдар үчүн баары акысыз. Фомстон, бюджеттен болуп үч тармактан колдоо көрсөтүлөт.

- Кесибиңизге байланыштуу сиз күтпөгөн жүрөк өйүткөн бир топ тагдырларга күбө болсоңуз керек. Бирин айтып берсеңиз?

- Отуздан ашып калган бир келин, “убагым өтүп атат, балалуу болсом дедим эле” деп, алдын-ала күйөөсү экөө анализ тапшырып, эч кандай инфекция болгон эмес. Бирок, баласы порок болуп төрөлдү. Биз жардам берели деп, аракеттенип, операция жасап, өкүнүчтүүсү сактай албай калдык. Баласынан айрылган трагедиясы аз келгенсип, энеси да аргасыз операциядан жатынын алдырып, өмүр бою төрөбөс болуп калды. Бул тагдыр жүрөгүмдү өйүдү, эгер ичтеги баланын порок экенин УЗИ көрсөтүп, биз билгенде, төрөтпөй деле токтотуп коймокпуз. Себеби, кийинки төрөтү сөзсүз жакшы болмок. Ушундан улам, адис катары башкаларга айтаарым, боюмда болгончо көрүндүм деп, жүрө бербеш керек. Бойдо бар кезден эле алдын-ала дарыгерге кайрылып, УЗИге түшүп койгон оң. Эгер ичтеги балада порок болсо, аны убагында токтотуу зарыл. Пороктун да түрлөрү болот. Эгер биз сактап кала турганы болсок, “төрөй бер” дейбиз, сактай албай тургандарына кеңешибизди беребиз. Албетте азыр жаштар кайрылып атышат, бирок аз санда.

- Жаш балага операция жасоо кыйындыкка турса керек...

- Ымыркайга операция жасоо абдан татаал. Балдарга операция жасоодо хирург дарыгердин даярдыгы жакшы болуусу зарыл жана кылдат мамиле жасоо керек. Балдардын ткандары да башкача, биздин операция жасоочу ийне, жип, инструменттер да башкача кичинекей. Операциядан кийин ал наристени бапестеп карап аман сактап калыш керек. Бир операцияга аз дегенде 8 медициналык кызматкер катышат.

- Угушубузга караганда алдыда боло турган шаардык кеңешке талапкерлигиңизди коюп жаткан экенсиз. Буга эмне себеп болууда...

- Ооба, мурда да шаардык кеңештин депутаты элем. Бул жолу да КСДП фракциясынан чыгып, өз талапкерлигимди коюп жатам. Себеби, саламаттыкты сактоо тармагында чечилбей жаткан бир топ көйгөйлөр бар. Мына ошол көйгөйлөрдүн чечилишине өз салымымды кошуп, элге бир тармакта эле эмес, колумдан келишинче ар тармакта жардам берсем деген ниетте кайрадан шайлоого аттанып атам.

Жазгүл КАРБОСОВА

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...