Акыркы макалалар

2050-жылы Кыргызстандын калкы эки эсеге көбөйөт

2050-жылы Кыргызстандын калкынын саны 11,6 млн адамга жетет. Мындай жоромолду Стратегиялык иликтөөлөр боюнча улуттук институттан билдиришти.

Институттун директору Талант Султановдун айтымында, учурда Кыргызстандын демографиялык көрсөткүчү динамикалык ыргак менен өсүүдө. 35 жылдан кийин калктын саны 2 эсеге көбөйөт.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиевдин айтымында, калктын санынын өсүүсү төрөттүн өсүүсү менен байланыштуу. Анын айтымында, 1959-жылы калктын саны 2 млн 065 миң болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 3 эсеге өскөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2 күндөн кийин Кыргызстанда 6-миллион жарандын төрөлүшү күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...