Акыркы макалалар

Депутаттардын жардамчылардан баш тартуусу боюнча маселе парламентте каралат

Депутаттардын жардамчылардан баш тартуусу боюнча маселе парламентте каралат

Жогорку Кеңештин чыгашаларды оптимизациялоо боюнча парламенттик комиссиясынын төрагасы, көпчүлүк коалициясынын вице-спикери Нурбек Алимбеков кечээ, 23-ноябрда "ВБ"га жардамчылардын санын кыскартуу тууралуу маселе эртең, 25-ноябрда парламенттин пленардык жыйынында карала турганын айтты.

Вице-спикер Алимбековдун айтымында, буга чейин чыгашаларды оптимизациялоо боюнча комиссия эки жолу жыйын өткөргөн. Комиссиянын кезектеги жыйыны бүгүн, 24-ноябрда болот.

"Ал эми шейшемби, 25-ноябрда бул маселе баардык палатанын талкуусуна чыгарылат. Ушул эле күнү маселе чечилмекчи. Депутаттар жардамчыларды калтыруу же алардан толук баш тартууну чечишти деп айта албайм. Мунун баары жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот",-дейт Алимбеков.

Түп нускага шилтеме : kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...