Акыркы макалалар

Айыл чарба техникаларынын 80 пайызы жаңыртууга муктаж

Учурда жазгы талаачылык иштери кызуу жүрүп жаткан кез. Айыл чарба иштерин жүргүзүүдө техника менен камсыздалуу маселеси дайым “баш оору” болуп келет. «Заманбап айыл чарба жабдууларын колдонбой ички рынокту жогорку сапаттагы үрөн менен камсыз кылуу, ошондой эле аймактык жана эл аралык экспорттоону кеўейтүү мүмкүн эмес, - дейт айыл чарба министри Чыңгызбек Узакбаев,- техникалардын жетишсиздигинен фермерлер айдап себүүдөн да, аны жыйнап алуудан да кечигип, баалуу болгон түшүмдүүлүктү жоготуп жатышат».

«Бизде айыл чарба техникасы, өзгөчө тракторлор менен үрөн жыйноочу комбайндар боюнча абал оор. Бүгүнкү күнү өлкөдө эскиси-жаңысы болуп бардыгы 21 миң трактор бар болсо, ага дагы 3,5 миң тракторго муктаждык бар. Ошондой эле 3 миң комбайн бар, бери дегенде дагы 3,5 миң комбайн керек» - деп билдирди Айыл чарба министрлигинин алдындагы жер иштетүү башкармалыгынын жетекчиси Жигиталы Жумалиев.

«Элдан» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын башкы инженери Дмитрий Ленёвдун айтуусунда бардык айыл чарба техника паркынын 80%ы – «эски», себеби көп учурда колдонулган техникалар алынып келинет. Мисалы, жакшылап «колдон өткөн» чөп жыйноочу жана пресстөөчү тракторлор Литвадан келсе, Казахстандан эски тракторлор келет, мындай мисалдар көп. Фермерлердин көбү техникаларын жаңыртып алууну эңсешет, бирок ага акча каражаты кайдан? Мисалы, «Палессе» комбайнынын баасы эле 114 миң доллар турат».

2000-жылдан бери механизатор болуп иштеген Топчубай Садиров бул маселени чечүү үчүн фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди же лизинг программаларын сунуш кылуу керектигин айтат. Ошондо да көп фермерлердин мындай шартта техника сатып алууга кудурети жете бербеши мүмкүн.

«Дыйкан чарбаларына жеткиликтүү баа менен техникалык тейлөөлөрдү жүргүзүп бере турган МТСтарды түзсө болот, себеби дээрлик бардык фермерлер техникалык тейлөөлөргө кымбат баага болсо да «кезекке» турушат, - деген сунушун билдирди тажрыйбалуу механизатор Таалай Татынов, -Башка жол жок, талаачылык иштеринин кызуусунда ар кандай ыкмалар ойго келет, анын үстүнө бардыгына «запастык тетиктерди» табыш керек!

Мамлекет колдогу болгон айыл чарба техникаларын запастык бөлүктөр менен камсыз кыла турган убакыт келди.

Айта кетсек, Чүй облусунда ар кандай механикалык тейлөөлөрдү кыска мөөнөттө сапаттуу аткарып берүүчү «Джон Дир» деп аталган америкалык компания иштеп жатат. Албетте, алардын техникалары карап эле тургудай. Бирок бул тейлөөлөр жеке чарбалык кылган майда фермерлер үчүн гана эсептелген. Ушундан улам дагы дыйкан чарбаларын бириктирүү тууралуу ой кетет.

Эгерде Союз маалында Кыргызстанда 400-500 колхоз-совхоз болгон болсо, азыр 325 миң жеке дыйкан чарбалары бар. Алар кайдан комбайн же чоң тракторду иштете алсын? Мындай майда чарбаларга мультикультиватор сыяктуу чакан гана техника жарайт. Көп учурда дыйкан өз күчү менен кетмен-күрөгүнө эле ишенет. Ушундай жүйөөлүү себептердин жыйынтыгында техникалардын жетишсиздиги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өндүрүшүндөгү өндүрүмдүүлүктү, өзгөчө жалпы атаандаштык мүмкүнчүлүгүн чектеп жаткан негизги фактордун бири деп айтууга болот.

Түркия өлкөсүнөн бөлүнүүчү кредиттин алкагында «Автомаш Радиатор» жоопкерчилиги чектелген ишканасы «Айыл чарба техникаларынын лизингин каржылоо» мамлекеттик программасы боюнча «Беларусь» тракторлорун сатып келүү үчүн Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен келишим түздү.

Жалпысынан бул кредиттин алкагында 80 трактор жана 5 комбайндан турган биринчи партия алынып келинди, лизинг боюнча дагы бардыгы болуп 225 даана МТЗ «Беларусь» тракторлору алынат.

Жыйынтыгында учурда 121 айыл чарба техника бирдиги фермерлерге лизингге берилет. «Бул жылы 1 млрд. сомго 1 миңден ашык айыл чарба техникалары алынат. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин билдирүүсү боюнча келерки жылдары айыл чарба техникаларын сатып келүүнү 2,5 эсеге көбөйтүү пландалууда. Бул айыл чарбасын механизациялаштыруу маселесинин бардыгын чечпесе да фермердин «баш оорусун» бир аз азайтат.

Ирина Байрамукова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...