Акыркы макалалар

vb.kg интернет-редакциясына төрт жыл толду!

vb.kg интернет-редакциясына төрт жыл толду!

Бүгүн vb.kg интернет редакциясы өзүнүн төрт жылдык туулган күнүн белгилеп жатат!

Төрт жылдан бери vb.kg өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды маалымдап келет. Бул арада редакция көп өзгөрүүлөргө дуушар болду, бирок өзүнүн башкы принцибинен тайган жок: ар бир окурманга объективдүү, ыкчам маалымат жеткирүүгө аракет кылууда.

Биз окурмандарыбызга комментарийлери, үн кошуулары үчүн ыраазычылык билдиребиз, маалымат булактарына, ньюсмейкерлерге жана эксперттерге ырахмат айтабыз. Ошондой эле биздин шериктештердин кызматташтыкта көрсөткөн мыкты жыйынтыктары үчүн алкыш айтабыз.

Бүгүнкү күндө биздин болочокко карата ишке ашыра турган көп пландарыбыз жана идеяларыбыз бар. Баардыгын акырындап биздин сайттан өз убагында окуй аласыздар, тааныша аласыздар, азырынча редакция расмий билдирүүдөн бир аз четтеп, окурмандар үчүн бир аз каалоо гана жазды. Биз менен бирге болуңуздар! vb.kg сайтын, анын ичинде "Кабар ордону" окуңуздар !

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...