Акыркы макалалар

Ошто дагы жер титиреди

Ошто дагы жер титиреди

Сейсмология институтунун маалымдашынча, 6 - 6,5 баллдык жер титирөө бүгүн саат 10 дон 46 мүнөт өткөндө катталды. Жер силкинүүнүн очогу Ош облусундагы Кара-Сөгөт айылынан түндүк-чыгыш тарапты көздөй 7 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 30 чакырым аралыкта болду.

Жер титирөөнүн күчү эл жашаган Лангар, Кара-Сөгөт, Бек-Жар, Чайчи, Кызыл-Туу айылдарында 6 - 6,5 балл, Ош шаарында 5 балл болуп сезилди.

Ош облусунун Кара-Суу районунда 17-ноябрда дагы күчү 6 - 7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анда 3400 үй текшерилип, алардын ичинен 10 үй толук кыйраганы аныкталып, 383 үй жашоого жараксыз деп табылды.

725 үй капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендиги аныкталган. Жабыркагандарга 166 чатыр жөнөтүлгөн. Премьер-министр Темир Сариев жер титирөөдөн жабыркагандарга өкмөт колдоо көрсөтөрүн, ошондой эле ыктыярдуу жардам берүүчүлөр үчүн атайын эсеп ачууну сунуштаган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...