Акыркы макалалар

Премьер-министр Темир Сариев: “Электр энергиясы менен сууну пайдаланууда үнөм саясатын жүргүзүү керек”

18-ноябрда, Премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн энергетика жана суу чарба тармагынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө, өлкөнү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана күз-кышкы жылуулук мезгилинде суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселелери талкууланды.

Премьер-министр электр энергиясы менен туруктуу түрдө камсыз кылуу жана аны эффективдүү пайдалануу эң башкы маселе экенин белгилеп, бул жаатта мамлекеттик органдар бирдиктүү саясат жүргүзүү керектигин билдирди.

“Электр энергиясы менен суу өлкөбүздүн эң негизги байлыгы. Бул ресурстарды колдонууда ойлонулган саясат жүргүзүү зарыл”-деди ал.

Жыйын соңунда тиешелүү органдарга бул жаатта конкреттүү тапшырмалар берилди.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...