Акыркы макалалар

Жакынкы күндөрү аба ырайы тууралуу гидрометеорология агенттиги маалымдайт

17-ноябрь күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы-1…-3° суук, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° жылуу болушу күтүлөт.Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарында 17-ноябрь күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3° суук, күндүзгү жогорку температурасы 10…12° жылуу болушу күтүлөт.

17-ноябрда Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

18-ноябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

18-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

19-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

20-21-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...