Акыркы макалалар

Депутат Айыл чарба министрлигинен малга паспорт берүү боюнча отчет сурады

Депутат Айыл чарба министрлигинен малга паспорт берүү боюнча отчет сурады

Бүгүн, 16-ноябрда агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитеттин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев Айыл чарба министрлигинин өкүлчүлүгүнөн Кыргызстандагы малды идентификациялоо боюнча маалымат берүүнү өтүндү.

Депутаттын айтымында, мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги фракциянын кийинки жыйынында берүүгө тийиш.

"Малды индентификациялоого гранттык каражат бөлүнгөн, биз малга паспорт берүү процесси кандай өткөнүн билүүгө тийишпиз. Өткөн чакырылышта биз бул маселени активдүү талкуулаганбыз",-дейт Сапарбаев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...