Акыркы макалалар

Экономика министрлиги: ЕАЭБге байланыштуу "Джунда" толук иштей алган жок

Экономика министрлиги: ЕАЭБге байланыштуу "Джунда" толук иштей алган жок

Кара-Балта шаарында жайгашкан "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводу үстүбүздөгү жылдын он айында 180 миң тонна мунай жана мазутту иштетип чыгарды. Бул тууралуу кечээ, 12-ноябрда "ВБ"га Экономика министрлигинин түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, жыл соңуна чейин ишкана 230-250 миң тоннага чейин чийки затты иштетип чыгууну пландап жатат.

"Компания быйыл толук кубатта иштей алган жок, анткени заводду кайра жабдуу иштери жүрүп жатат. Ишканада "евро үч" стандарты боюнча продукция чыгарылууда. Бирок Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) талаптары боюнча альянстын аймагында чыгарылган продукция "евро беш" стандартына жооп бериши керек. Буга байланыштуу ишканада реконструкция иштери жүргүзүлүүдө, заводду тиешелүү стандарттагы продукция чыгаруусу үчүн кайрадан жабдышууда. Бул процесс үч жылга созулат. Жалпысынан ишкананын жабдууларын кайра жаңы коюп чыгыш үчүн 50 млн доллар талап кылынат",-деп маалымдады чиновник.

Экономика министрлиги берген маалыматка таянсак, өткөн жылы "Джунда" заводунда 120 миң тонна чийки мунай кайра иштетилип, бул көлөмдүн 95 пайызынан даяр мунай өндүрүмдөрү чыгарылган.

Ишкана бир айда 50 миң тоннага чейин чийки мунайды өндүрө алат, ал эми мазут иштеткен учурда анын кубаттуулугу төмөндөйт. Чийки мазут заводго россиялык жана кытайлык мунайды кайра иштете турган ишканалардан тиешелүү келишимдин негизинде келет. Ал эми мунай Кыргызстандын түштүгүнөн алынат.

Бюджетке түшкөн миллиард

Ишкана 2013-жылы жана 2014-жылы Социалдык фондго 50 миллион сомго жакын каражат которгон, бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 420 млн сом, салык түрүндө 1 миллиардга жакын сом түшкөн.

2014-жылдын сентябрь айынан тартып мамлекеттин бюджетине салык жана бажы алымдары түрүндө 1 млрд 400 млн сом, ал эми Социалдык фондго 70 миллион сом чегерилген.

Жумалиев чыгарылган продукцияны сатуу боюнча айтып жатып анын 30 пайызы гана экспортко кетерин кошумчалады.

"Өндүрүлгөн продукциянын 70 пайызы ички базарга, ал эми 30 пайызы Тажикстан менен Афганистанга экспорттолот",-деп билдирди ал.

Жыт азырынча кетпейт

Жумалиев экологияны коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу токтолгон кезде заводдо 10 миллион долларлык атайын жабдуу орнотулганын айтты.

"Бул иш-чара экологияны коргоого багытталган. Жаңы жытты таратпай кармап калуучу жабдуу заводдон чыккан жытты миң метрге чейин, тактап айтканда санитардык нормага ылайык кармап калат",-деп түшүндүрдү аткаминер.

Белгилей кетсек, завод чийки мунайдын жоктугунан улам чийки зат катары мазутту колдонуп жатат. Бирок мазутту колдогондо жагымсыз жыт чыгат. Жергиликтүү тургундар ишкана иштеп баштаган күндөн тартып айланага таралган сасык жытка нааразы болуп даттана башташкан. Ошол кезде Экономика министри болуп иштеп турган Темир Сариев парламенттин профилдик комитетинде болгон жыйында бул жыт мазутту өндүрүшкө колдонгондуктан улам чыгып жатканын түшүндүргөн.

"Алардын чийки мунайы жок, жазында мазутту бууланганга туура келет, ошондуктан жагымсыз жыт чыккан",-деп эскерткен анда министр.

Өзүбүздүн адистер

Чиновник берген маалыматка таянсак, заводдо Кыргызстандын 700 жараны (жалпы кызматкерлердин 70 пайызга жакыны) эмгектенүүдө, калгандары кытайлыктар. Компания өзүнүн эсебинен кыргызстандыктарды Кытай мунай химия заводунан окутат.

"Быйыл Кыргызстандын 85 жараны атайын билим алыш үчүн окутулду. Аларды учурда жумушка алышты. Экинчи партияда - 100гө жакын Кыргызстандын жараны окутууга жиберилди. Алардын окуусу менен жашаган жеринин акысын компания төлөйт. Алардын баары стипендия алат",-дейт ал.

Маалымат үчүн

Ишкананын ээси -"Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коому.

Кара-Балта мунайды кайра иштетүүчү заводунда алты маркадагы бензин, дизель отуну жана суюлтулган газ чыгарылат. Жумушчу орундардын саны - 600 адамга чейин. Ишкананын өндүрүш кубаттуулугу - 850 миң тонна чийки мунайды жыл сайын иштете алат. 250 млн. доллар инвестиция салынган. Ишкананын долбоордук баасы 300 млн долларды түзөт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...