Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАД МЭРИЯСЫ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН БУЗДУ. Шаарды соодагерлер ээлеп жатышат.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мухтар Арапбаев иштегенине аз мезгил болсо да, мыйзамдуулукту астейдил бузуп кирди. Бул жолкусунда ал, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын Жалал-Абаддагы аймактык өкүлчүлүгүнүн билдиргенине караганда, Эмгек кодексинин 74-статьясын бузуп, муну менен мамлекеттик кызматкердин эмгек укуктарын да бузууга барган.

Жакында эле мэрдин буйругу менен шаар мэриясынын алдындагы Соода департаментинин башчысынын милдетин аткаруучу болуп Малик Тагаев дайындалган. Бирок, бул мыйзамдуулукту одоно бузууга жатат. КРдин мамлекеттик кадр кызматынын аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Турусбек Токтосуновдун айтымында, Эмгек кодексинин 74-статьясында мамлекеттик же муниципалдык кызматка конкурстук негизде гана алынып, милдетин аткаруучу кылып дайындоого дегеле жол берилбестиги айтылган. Бирок, шаар жетекчилиги үчүн Кыргыз Республиккасынын мыйзамдары маанилүү эместей.

Мыйзам бузуу андан ары улантылган. Кызматка мыйзамсыз келген Малик Тагаев өз кезегинде Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын башчысын алмаштырган. Өзү убактылуу милдет аткаруучу болуп туруп, дароо кызматтык маселелерди чече баштаган. Анан калса, борбордук базардын мурдагы жетекчиси өзүнүн эч кандай күнөөсү жоктугун айтат.

Биз борбордук базардын мурдагы башчысы Замирбек Назаркуловго жолугуп, андан кызматтан кетишинин таржымалын сураганда, ал төмөнкүлөргө токтолду:

-Мен бул кызматка 2012-жылдын январынан келгенмин. Ошондон бери базардын акыбалын жакшыртууга көңүл буруп, өзгөрүү жасоого аракет кылдым. Мисалы, жамгыр жааганда же карлар эригенде базардын ичинде басып жүрүү кыйын болот, көлчүктөргө толуп кетет. Ошону базардын ичинен арыкчалар жасап, суунун сыртка чыгып кетиши үчүн долбоор-сметаларды даярдап, шаардык кеңешке сунуш кылганмын. Бирок, депутаттар муну колдобой коюшкан. Ошондой эле базардын сыртынан суу келип, ичине кирип кетет экен. Аны үчүн биз сыртынан лоток жасап, сууну базардын ичине киргизбей турган кылдык. Анан да базардын өзүнүн кеңсеси жок экен, мурда курулган кеңсе жеке менчикке берилип кетиптир. Биз жакшылап сметасын эсептеп, эскизин чийип, долбоордук документтерин даярдап койгонбуз. Бирок, кызматтан кетип, аны ишке ашыра албай калдык. Эми ал документти М. Тагаев өзү даярдагандай түр көрсөтүп, шаар жетекчилерине кирип жатыптыр.

-А сизди эмнеге кызматтан алып салышты? Эмне айып тагып жатышат? – деп сурадык андан.

-Мага эч айып тагышкан жок. Өзүм мурда Соода департаментинде Автандил Дүйшөбаев иштеп турганда кызматка келгенмин. Эми шаар мэри аны кызматтан кетирип, ордуна өзүнүн кадрын – Малик Тагаевди алып келди.

-Баса, Малик Тагаев дегениң азыркы шаардык кеңештин төрагасынын бир тууганы эмеспи?

-Бир тууганы. Ал мурда “Адилет” базарында жетекчи катары иштеп турса керек эле. Ошентип, ал мени өзүнө чакырып, өз каалоом боюнча арыз жазып кызматтан кетүүмдү сунуш кылды. Мен макул болуп, арызды жазып бердим.

-А силер жазбай койсоңор болот беле?

-Жазбай койсом болот эле, бирок анын баары пайдасыз, себеби мени кантип да болсо кызматтан кетиришмек. Чыр-чатактын кереги жок да.

Кызматтан кеткен базар башчысы менен болгон бул маектен белгилүү болгондой, Соода департаментине келген жаңы жетекчи өткөн жылдын аягында шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланган Мурат Тагаевдин бир тууганы болуп чыкты. Мындай протекциянын, албетте, өзүнүн таржымалы бар.

Өткөн жылы күзүндө шаардык кеңешке шайлоолор жүргөн кезде бул саясий компанияга көптөгөн партиялар катышкан, бирок алардын ичинен үч партия – бийликте турган КСДП, анын саясий “душманы” “Ата-Журт” жана жаңыдан пайда болгон “Өнүгүү” саясий партиялары башкалардан айырмаланып, шаар электоратынын добушун талашууда негизги фигураларга айланышкан. Шайлоонун жыйынтыгында “Өнүгүү” партиясы жалпы 31 мандаттын 15ин алып, “Ата-Журт” менен КСДП ар бири сегизден мандатты кармап кала беришкен.

Шаар мэрин шайлоого келгенде “Ата-Журт” партиясынан шайланган бир депутатты кошуп алуу менен “Өнүгүү” партиясы “Биримдик” фракциясын, ал эми касташкан берки эки партия “Ак ниет” фракциясын түзүшөт. Элдин баары “Өнүгүү” партиясы шаардын жетекчилигин жеңип алат деп турганда, “Биримдик” фракциясынын эки депутаты жашыруун добуш берүү учурунда башка фракциянын талапкери үчүн добуш бериши менен шаар мэрлигине Мухтар Арапбаев шайланып кеткен. Ал эми кийин “Өнүгүү” партиясы өзү түзгөн фракциядан депутат Абибилла Тагаевди жана Айнура Осмонованы башка саясий кызыкчылыкка жан тартканы үчүн чыгарган.

Ошентип, шаар мэри, социал-демократ, кечээки (бүгүнкү да) соодагер Мухтар Арапбаев атажуртчуларга, айрыкча тагаевдерге карыз болуп калышы турган кеп. Ошону үчүн да бир тууганы шаардык кеңештин төрагасы болуп турганына карабастан анын бир тууганы Малик Тагаевди Соода департаментине эч бир конкурс жарыялоосуз эле убактылуу милдет аткаруучу кылып дайындап салды. Бир жагынан протекция, экинчи жагынан мыйзам бузуучулук, үчүнчү жагынан эч бир айып такпай туруп, башка бирөөнү кызматтан четтетүү болуп калды. Ошентип, бийликке келген кишилер биринчи кезекте бир туугандарынын, демек, өздөрүнүн маселелерин чечкенге киришишти.

Шаар бийлигин барган сайын содагерлер ээлеп баратышат. Шаар мэри шаардагы эң ири соода комплекси эсептелген “Айгүл” универмагынын ээси. Шаардык кеңештин төрагасы шаардагы атактуу мончонун ээси. Эми анын мурда “Адилет” базарында иштеп келген бир тууганы Соода департаментин ээлеп отурат. Эртең дагы кайсы кызматка кай жерде соода кылып жаткан киши келери азырынча белгисиз.

Баса, шаардагы “Адилет” базары мурдагы союз учурунда “Штепселдик разүемдор” заводунун аймагында турат. Союз ыдырап, заводдун жаназасы ана-мына окула турган болгондо мурда ошол заводдун директору, Жалал-Абад областынын акими, кийин Кыргыз өкмөтүнүн башчысынын биринчи орун басары, андан кийин Кыргыз фондулук биржасынын, Баалуу кагаздар комиссиясынын жетекчиси болуп турган, мурдагы заводдун ордуна түзүлгөн “Нур” акционердик коомунун президенти Абдыжапар Тагаев бир катар өндүрүштүк участокторду бошотуп, ал жерди базарга айландырган. Ал базарды биз сөз кылып жаткан бир тууганы Малик Тагаев көзөмөлдөп турду. Эгер шаарда өндүрүштүк обьектилер дээрлик жок экенин, негизинен соода менен жан сактай турганын эске алсак, шаарды тагаевдер башкарып калды десек туура болчудай.

Албетте, мындай мыйзам бузуучулукка КР мамлекеттик кадр кызматынын аймактык өкүлчүлүгү нааразылыгын билдирди, бирок КСДПнын канаатынын астындагы шаар мэри анын нааразылыгын бир жерге илип койду дечи. Бирок, мыйзамдуулукту баса калып көзөмөлдөп жаткан прокуратура органдары протест келтирип, прокурордук көңүл буруу актысын жиберип коюшса, андан да жакшы болмок. Деген менен, ошол эле шаар мэри Мухтар Арапбаев шаар мэриясын өзүнүн мурдагы универмагы менен чаташтырып, атажуртчу бир коллегасын өзүнүн биринчи орун басарынын үстүнөн кошумча дагы биринчи орун басар кылып дайындаганда областтык прокуратура дароо бул мыйзамсыздыкты ордуна койгон эле. Же соодагерлер прокурорлордун мизин кайтарып коюшканбы?

Жалал-Абад шаарында ушинтип мыйзамсыздыктар болуп жатат. Эң чатак жери – бул мыйзамсыздыктарды мыйзамды билбеген бир карапайым кишилер эмес, кадыресе бийликте турган, элдин тагдырын чечем деп келишкен биздин ишенген кожолор жасап жатышат. Эгерде аларга жогору жактан жакшыраак көзөмөл болбосо, анда алар бул түшкөн жолунда беймарал кете беришет өңдүү.

Азыркы кезде шаар мэриясы Соода департаментинин жетекчисинин кызмат ордуна конкурс жарыялады. Орустар айткандай, “задним числом”. Эми эмне болор экен аны көрө жатарбыз.

Жалил САПАРОВ,

Жалал-Абад шаары.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...