Акыркы макалалар

Баракелде. Жогорку сот депутат Т.Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды канааттандырган жок

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 1-ноябрдагы токтомуна ылайык, Талант Турдумаматович Мамытовго карата 5-октябрдагы Биринчи май райондук сотунун токтому жана 17-октябрдагы Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын токтому күчүндө калтырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдайт.

Т.Мамытовдун адвокаты И.Журабаевдин надзордук доо арызы канааттандырылган жок.

Эскерте кетсек, Кылмыш кодексинин 28-, 295-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасады деп күнөөлөнүп жаткан Т.Мамытовго карата 5-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан 2 айлык мөөнөткө камоо тууралуу баш коргоо чарасы аныкталган, тагыраак айтканда 2012-жылдын 4-декабрына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Тергөө тобунун жетекчиси Ж.Исмаиловдун доо арызы канааттандырылган.

17-октябрдагы Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын чечимине ылайык 5-октябрдагы Биринчи май райондук сотунун токтому күчүндө калтырылган. Адвокат И.Журабаевдин кассациялык доо арызы канааттандырылган эмес.

Түп нускага шилтеме : www.barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...