Акыркы макалалар

"Шах-Фазиль" тарыхый-архитектуралык комплексин реставрациялоо аягына чыгып калды

"Шах-Фазиль" тарыхый-архитектуралык комплексин реставрациялоо аягына чыгып калды

Маалыматка ылайык, XI-XII кылымга таандык мавзолей, алгачкы жолу 1967-жылы реконструкцияланган. Кийинчерээк, убакыттын өтүшү менен нымдуулуктан комплекс акырындап бузулуп, ичиндеги жазуулары, оюу-чийүүлөрү урай баштаган. Реставрация иштеринин алкагында адистер алгач мавзолей курулган топурагын изилдеп чыгышкан. Андан кийин оңдоп-түзөө иштери дал ошондой материалдар менен жүзөгө ашырылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

Адистер учурда комплексти реставрациялоо иштери соңуна чыгып калганын, косметикалык ремонту жүрөрүн белгилешти. Алардын айтымында, мындай аракеттер мавзолейдин дагы чейрек кылым өз калыбында тураарына өбөлгө болот.

"Шах-Фазиль" тарыхый-архитектуралык комплексин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Гүлистан айылында жайгашкан. Ага "Арча-Мазар" ыйык тоосуна курулган Аламбердар мавзолейи менен 2700 ислам жоокери курмандыкка чалынган үңкүр, мечит, Шах-Фазиль жана Сафид-Булан мавзолейлери кирет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...