Акыркы макалалар

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги: “Айыл чарба техникалары 12 пайызга эмес, 5 пайызга гана кымбаттады”

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги: “Айыл чарба техникалары 12 пайызга эмес, 5 пайызга гана кымбаттады”

“Айыл чарба техникалары биз айткан баада болуп кымбаттабаш керек эле. Бирок, бүгүнкү күнү доллардын наркынын кымбаттап кетишинен улам айыл чарба техникаларынын баасы да көтөрүлүп кетти”-деди “Кабар” маалымат агенттигине Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев.

“Анткени, алар бизге доллар менен берет. Бирок, жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылып жүргөндөй 12 пайызга эмес, 5 пайызга гана кымбаттады. Бул учурда сомдун долларга карата кунунун түшүшүнөн улам болду”-деди ал.

Анын айтымында, оруп-жыйноо техникалары бизде жетишсиз. Ошондон улам министрлик тарабынан жаңы токтом кабыл алынып жатат. Ал токтом боюнча айыл чарба техникаларын лизингге берүүдө пайызы төмөндөтүлөт.

“Оруп –жыйноо техникалары лизингге 8-9 пайыз менен берилип жүрөт. Бул дыйкандар үчүн өтө оордук кылат. Биздин министрлик аны 4-5 пайызга төмөндөтүү үчүн Өкмөткө сунуш киргизген. Өкмөт Улуттук банк менен келишип, 6 пайыз менен берүүгө макулдашты. Биз лизингге берүүнүн мөөнөтүн да узартуу аракетин көрүп жатабыз. Мурда 7 жылга гана берилсе, эми бул мөөнөттү 9-жылга чейин узартууну Өкмөттөн сурап жатабыз. Учурда Өкмөт да биздин бул сунушубузду колдойт деп ишеним артып турабыз”-деп кошумчалады Э. Чодуев.

Эскерте кетсек, “Кыргызстандык агроишкерлер Евразия экономикалык биримдикке кирүүнүн көз боёмочулугун жон териси менен сезе баштады. Беларустан чыгарылган айыл чарба техникасынын Бишкектеги баасы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенге чейинкиге караганда 12% кымбаттады. Мисал үчүн Минскидеги заводдун “Беларусь -МТЗ-82” үлгүсүндөгү тракторунун Кыргызстандагы баасы буга чейин 1 миллион бир жүз миң сом болсо, учурда анын наркы эки жүз миң сомго жогорулады” деген маалымат ЖМКларга жарыяланган.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...