
"Open Eurasia book forum and literature festival" аттуу IV эл аралык конкурстун адабий сынагына катышкан кыргызстандыктар бир нече категориялар боюнча байгелүү орундарга жетишти. Бул тууралуу OЕCABF 2015 сайтында маалымдалган.
"Адабий чыгарма" номинациясында кыргызстандык Александр Зеличенко экинчи орунду алса, "мыкты адабий котормо" үчүн Алекс Сидор (Кыргызстан) үчүнчү орунга татыды, ал эми "Иллюстрация" номинациясында Анастация Ермолина 3-орунду багынтты.
"Тынчтык үчүн генералдар ассоциациясынын" сертификаты кыргыз тектүү, шотландиялык жазуучу Шахсанем Мюррейге ыйгарылды. Аталган адабий фестивалдын алкагында жазуучу Султан Раевдин "Кара" романы тааныштырылды.
Фестиваль ушул жылы 6-9-ноябрь күндөрү Лондондо өткөрүлдү. OЕCABF 2015 конкурсуна Улуу Британия, Австралия, Казакстан, Шотландия, Канада жана башка өлкөлөрдөн келген жазуучулар катышты.
Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg
Азырынча бир да пикир жок...