Акыркы макалалар

2013-«Иштерман» жылы Тоо-Дыйкан айылынын тоодой жетишкендиктери

«Ааламга жол-айылдан башталат»-демекчи биздин айыл райондун борборунан 50 км. алыстыкта тоо этектей жайгашкан. Жолу татаал, жаратылышы катаал келип, элге бир топ түйшүктү жаратат.

Айрыкча, кыш мезгилинде «жол азабы, көр азабы» дегендей эле кейипке келип калат. Бирок, жаз чыга айыл тез эле көркүнө чыгып, май, июнь айларында чыныгы бейиштин төрүнө айланат. Элим кең пейил,бир атанын балдарындай ынтымакта жашап келет. «Ырыс алды-ынтымак»-дейт эмеспи, анысыңарындай элдин жетишкендигинин сыры ошол эле ынтымакка келип такалат. Айтайын дегеним, айылдын чечилбеген социалдык маселелерин чечип, киндик каны тамган жерине кызмат кылган азаматтар арбын. Мына ошондойлордун эл үчүн жасаган эмгектерине ыраазы болуп, гезит бетине чагылдырып коюуну туура таптым.

Эмесе сөз башынан болсун. Мындан аз эле убакыт мурун ыйман үйүн курсак деген тилек ар бир атуулда бар эле. Кезинде «Ашар» жолу менен курулган мечит тез эле керектен чыгып, элеттиктер мечитке муктаж болуп, ар кандай аркеттерди көрө баштаганбыз. «Пенденин оозунда болсо, кудайдын кулагында болот» деген сөздүн төгүнү жок белеем, жакшы тилек ишке ашып, айылыбыздагы белдүү азаматтарыбыздын бири Бакытбек Калдыбаев тез аранын ичинде көргөндүн көз жоосун алган ыйман үйүн куруп берди. Айылдын дал ортосунда жайгашкан мечиттин курулушу 3 айга созулуп, жалпы суммасы 3 млн. сомду түзүп, пайдаланууга берилди. Мечиттин ачылышына ар жактан меймандар келишип, Бакытбекке ак баталарын беришип, ыраазы болгон эл ага боз жорго тартышып, кыргыздын ыйык деп эсептелген камчысын карматышты. Ачылыш аземинде союш союлуп, түлөө өткөрүлүп, ата-бабалар арбагына багышталып куран окулду. Бүгүнкү күндө бул ыйык жайдан беш маал азан чакрылып, жума күндөрү эл аягы тыйылбайт. Айылыбызда жаштар ыйман жолуна түшүп, алардын жакшы багыттарын көрүп ичим жылыйт. Айыл аксакалдары мечит курулгандан кийин айылда спирттик ичимдиктерди ичүүгө жана жер-жерлерде сатууга тыюу салышып, бата беришти. Натыйжада арак-шарап саткан дүкөндөр күндөлүк керектелүүчү азыктарды сатканга өттү.

«Эл башы болгончо, суу башы бол!» дейт. Суу башында жашаганыбыз менен таза суу айылды толугу менен камсыз кыла бербейт. Башынан аккан суу жолдо ылайланып, мал кечип, элге бир топ түйшүктү алып келчү. Жакында мына ошол көйгөй да чечилди. Дагы бир жүрөгү эл деп соккон жигиттерибиздин бири Мыктыбек Туташев жалпы узундугу 3 км. жерге суу түтүгүн орнотуп, жыйынтыгында 50 үй-бүлөнү таза суу менен камсыз кылды. Айтмакчы, сууга эч кандай хлор кошулмасы кошулбай, ашыкча чыгымсыз таза мөңгү суусу эшик алдыбызда агып турат. Суу түтүгүн орнотууда жалпы суммасы 500 миң сом керектелди. Жакында мектеп менен мечитке да таза суу алып келүүнү максат кылууда.

Айылдын жолу КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына кирбегендиктен каралбай, бузулуп кеткен эле. Айрыкча, жазында нөшөрлөп жааган жамгыр жолдун тамтыгын чыгарып жиберчү. Мамлекеттик мекемелерге арызданып, майнап чыкапаганын түшүнүп, тажаган эл акыры өз алдынча демилге көтөрүп чыгышты. Ал демилгени ушул эле айылдын мекенчил уулдарынын бири, Өзгөн токой чарбасынын Көлдүк токойчулугунун башчысы Ысманали Акматбеков колго алды. Айыл тургундары бул демилгени колдошуп, фонд түзүшүп, бир нече муунга бөлүнүшүп, жылда 100 миңден 150 миң сомго чейин акча каражатын ыктыярдуу түрдө чогултушуп, кооптуу жерлерди оңдоону максат кылышкан. Ошондой эле ага мектептин бүтүрүүчүлөрү жолугушууга келишкенде кур кол келишпей жолду оңдоо үчүн салымдарын кошушат. Мындай жакшы саамалыктарды көрүп, көңүлүң кубанат. Жолго жылына орто эсеп менен 100 миң сомдон 200 миңге чейин ачка каражаты жумшалат. Мындан сырткары Ы.Акматбековдун №64 Жаныбек Казы атындагы орто мектебине көрсөткөн кызматын айтпай кетүүгө болбос. Ал 2012-жылдын жаз айларында мектепке 100 түп арча, 500 түп ак кайың көчөтүн берип, отургузулган. Жогоруда айтылган айылдык ак жүрөк уулдарына эл ыраазычылыгын, алкыш айткандан тажабайт.

2011-2012-окуу жылында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциясынын колдоосу астында 278 окуучу окуп, 20 мугалим эмгектенген мектептин чатыры толугу менен кайрадан жаңыртылды. Буга аталган дирекциядан 500 миң сомдук курулуш материалдары бөлүнгөн. Ал эми мектеп элдин күчү менен жабылып, ашкана толугу менен полдонду. Ошондой эле мектептин айланасы демөөрчүлөрдүн кол кабышы менен 15 миң сом сарпталып, тосулду.

Ушундай ток пейилдүү тоолуктар менен катарлаш жашап, иштегениме канимет кылам…

Б.Турдуев, Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу Тоо-Дыйкан айылындагы Жаныбек казы орто мектебинин директору.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • жакыпбек @ 12.07.2013 @ 14:37

    ооохххоо ТОО-ДЫЙКАНДЫКТАР