Акыркы макалалар

Түрк ишкерлери Таластын төө буурчагын жеринде даярдалышын талап кылышууда

Түрк ишкерлери Таластын төө буурчагын жеринде даярдалышын талап кылышууда

Түркиялык ишкерлер таластык дыйкандар өндүргөн төө буурчакты жеринде тазалап, баштыктарга салынгандан кийин гана сатып ала тургандыгын билдиришүүдө. Анткени азыркыдай тазаланбаган түрдө сатып алуу жана Кыргызстандан Түркияга ташып келүү бир топ ашкере чыгымды жаратат. Себеби төө буурчакты сатып алган түркиялык ишкерлер салмак жана көлөм үчүн салык, жол чыгымын төлөшөт. Андан соң өз өлкөсүнө ташып келген соң гана тазалап, чаң, таштан арылтууга туура келүүдө. Жолдун алыстыгынан жана Кыргызстан ЕАЭБге мүчөлүккө өткөндүгүнө байланыштуу бажы, салык төлөмдөрү жогорулагандыктан, мындан ары түрк ишкерлери үчүн төө буурчакты дүңүнөн ташуу ыңгайсыз болууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинин журналистине Түркиядагы кыргыз ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Айбек Сарыгулов билдирди.

«Түркияда төө буурчак негизги азык-түлүк катары колдонулат. Ал эми дыйкандар өндүргөн продукция ички керектөөнү толук камсыз кылбагандыктан, кайсы бир бөлүгүн сырттан сатып алууга туура келет.

Төө буурчакты импорттогон өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар. Таластык дыйкандар өндүргөн төө буурчактын сапаты жакшы. Бирок аны мындан ары чаң, таш, кыпындары аралаш сатпастан, тазалап, баштыктарга салып гана сатуу керек. Түркиялык ишкерлер үчүн мындан ары тазаланбаган боюнча ташып келүү ыңгайсыз болуп жаткандыгын алар өздөрү бизге айтып жатышат. Себеби булар салык, бажы төлөмдөрүнөн тышкары ташып келүү үчүн жолго да көп чыгым кетиришүүдө.

Ошондуктан кыргызстандык дыйкандар эң оболу өздөрү демилге көтөрүп, төө буурчакты тазалоону жана баштыктарга салып экспорттоону колго алуусу зарыл. Бул бир чети кымбат сатуудан тышкары кошумча жумушчу ордун да түзөт. Эң негизгиси Түркиядан тышкары да башка өлкөлөрдөн кардарлар пайда болот»,- деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...