Акыркы макалалар

Кудайберген БАЗАРБАЕВ, КР Социалдык өнүктүрүү министри: “Кыргызстанда майыптыкты аныктоодо жаңы принциптер колдонулат”

Кудайберген БАЗАРБАЕВ, КР Социалдык өнүктүрүү министри: “Кыргызстанда майыптыкты аныктоодо жаңы принциптер колдонулат”

Социалдык өнүктүрүү министрлиги майыптыкты аныктоо боюнча жаңы ыкма иштеп чыкты. Майыптыкты аныктоонун жаңы методикасынын күнгөй-тескейин билүү максатында КР Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевди кепке тарттык.

- Кудайберген мырза, сиздер иштеп чыккан майыпты аныктоо боюнча ыкма майыптыкты кантип аныктайт?

- Ооба, биз азыркы тапта майыптыкты аныктоо боюнча медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясын кардиналдуу реформалоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул жаатта 1932-жылдан бери эч кандай олуттуу өзгөрүүлөр жасалбай, эски совет учурундагы жазылган ченемдик укуктук актылар колдонулуп келген. Эми биз Бүткүл дүйнөлүк ден соолук уюмунун стандарттарына өтүүнү пландап, ишке ашырганы жатабыз. Башталган реформа ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир адам менен жеке иштөөгө багытталган. Жаңы ыкмага ылайык, келечекте Кыймыл-аракеттин эл аралык классификациясына (КЭК) өтөбүз.

- Мурдагы ыкма кандай эле? Азыркы менен мурдагы ыкманын айырмасы эмнеде?

- 2001-жылы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук уюмунун атайын сунуштоосу чыккан. Ага ылайык дүйнө жүзүндө өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгү КЭКке өтүп кеткен. Учурда биз 1,2,3-топ деген майыптык менен иштеп жатабыз. Ал эми биз КЭК менен иштегенде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгекке жарамдуулугун же жарамсыздыгын пайыз менен аныктайбыз. Мисалы, азыр биз 1-топтогу майыптар иштегенге болбойт, башка адамдын жардамына муктаж деген чечим чыгарсак, бул адамды ишке албай коюшат. Башкача айтканда, келечегине чекит коюлуп калат. Анализге таянсак, өлкөдө 90 пайыз майып адамдар ишке жарамдуу экендиги аныкталган. Жаңы ыкма боюнча пайыздык чен менен ишке жарамдуулугу көрсөтүлөт. КЭКтин ыкмасы боюнча, ар бир мүмкүнчүлүгү чектелүү адам жөнүндө толук маалыматты анкетага толтурат. Мисалы, ден соолугунун абалы, жашаган жери, үй-бүлөсү тууралуу. Ошол маалымат башка өлкөлөрдө да колдонулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамга жаңы ыкмага өткөн өлкөлөрдө иштөөгө шарт түзүп берет.

Эски ыкма боюнча эки буту жок адамга 1-топ берилет, ал эми КЭКтин ыкмасына өтсөк, МСЭКтин врачтары ведомство аралык Саламаттыкты сактоо, Эмгек, жаштар жана миграция, Билим берүү министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте атайын реабилитациялоо жеке программасын түзүшөт. Мындай ыкма Казакстанда, Орусияда, Белоруссияда киргизилип жатат. Ал эми Молдова, Армения, Азербайжан, Латвия, Литва бул принципке өтүп кетишкен.

- Мурдагы ыкма эмнеге иштебей калды? Кандай кемчиликтер бар экен?

- Эски ыкманын бир топ кемчиликтери бар. Мисалы, майыптыгы бар адамдардын социалдык интеграция болгонго мүмкүнчүлүгү начар болгону. Улуураактар жумушка, балдар окууга тең укуктуу болгону менен, тилекке каршы, мүмкүнчүлүктөрү аз. Майыптыкты аныктоодо жарандардын арасынан “мага биринчи топту эмес, 2 же 3-топту бергиле, мен эл катары иштегим, акча тапкым келет” дегендер да чыгат. Бул реформалоо иштерин жүргүзүүнүн себептеринин бири десем болот.

- Жогоруда себептери тууралуу айтып өттүңүз, көпчүлүк система коррупциялашып кеткендигин белгилешет. Сиздер аны менен кантип күрөшүп жатасыздар?

- Биринчи кезекте медициналык-социалдык экспертизалоо комиссияларынын таза иштешине биз шарт түзүп, кызматкерлер арасында ротация жүргүзүп жатабыз. Мисалы, жаңы кабыл алынган жобого ылайык ар бир райондун жетекчилери 3 жылда алмаштырылып турат. Ал эми коррупциялашып кеткен дегенге кошулбайм. Биз жетекчилерге катуу талаптарды коюп, өздөрүнүн милдеттерин так аткарууга чакырабыз. Эгерде мындай фактылар далилденсе, андай кызматкерлер жумушунан четтетилет. Учурдан пайдаланып жарандарга кайрылып кетсем, коррупцияга кабылып же күбө болуп калсаңар, дароо министрликке кайрылыңыздар. 1966 кыска номерине дагы маалыматтарды калтырсаңыздар болот.

- Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кандай жеңилдиктер каралган?

- Статистикага кайрылсак, учурда өлкөбүздө ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген 168 миӊ адам жашайт. Анын ичинен 27 миңге жакынын 18 жашка чейинки балдар түзөт. Албетте, буларга мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралган. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ай сайын 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин жөлөкпул берилет. Алар тиешелүү протездик-ортопедиялык буюмдарды, ортопедиялык бут кийимдерди жана кресло-коляскаларды өз учурунда акысыз алышат. Жыл сайын министрликке караштуу реабилитациялоо борборунда 500дөн ашык адам бекер дарыланып, ден соолуктарын чыңдап кетишет. Санатордук-курорттук жолдомолор берилет. Мындан тышкары, биз эки тармактуу иш алып баруудабыз. Башкача айтканда, коомду гумандаштыруу жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго адаптациялоо иштери. Мисалы 2013-жылдан тартып мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналган чоң акцияларды өткөрдүк. “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акциялар республикабыздын бардык жеринде өттү десем жаңылышпайм. Анткени бул иш-чарага өлкөбүздүн бүт аймагынан балдардын катышуусу менен концерттер уюштурулуп, белектер тапшырылган. Мындай иш-чараларды дайыма уюштурганга аракет кылуудабыз. Дагы бир жагдай бул- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ийгиликтүү тажрыйбалары менен алмашуу иш-чараларын өткөрүү. Мисалы, өздөрүнүн кылган аракетинен чоң ийгиликтерге жетишкен мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга тегерек столдун үстүндө бири-бири менен маек куруп, үлгү болуп, тажрыйба алмашууга шарт түзүп беребиз.

- Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар өзүнүн майыптыгын аныктоо үчүн биринчи кезекте кимге кайрылышы керек?

- Өкмөттүн токтомуна ылайык, үй-бүлөлүк дарыгер майыптыкты аныктоо үчүн медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясына жибергенге укуктуу. Ошол жактагы дарыгер кандай документтерди чогултуу керектигин айтып берүүгө милдеттүү.

«Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды».

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, “Полит Клиника”

Түп нускага шилтеме : kg-law.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...