Акыркы макалалар

Бишкектеги спорт мектебинин функциясы өзгөрөт

Бишкектеги спорт мектебинин функциясы өзгөрөт

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайы 2016-жылдан сентябрынан тартып спорт мектеби болуп өзгөрөт. Анын окуу жай функциясы Дене тарбия жана спорт академиясынын коллежине айландырылат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министрликке жаңы шайланган Темир Сариев парламент жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, спорт мектебиндеги кырдаал боюнча түзүлгөн атайын комиссия ушундай чечим чыгарган.

20-октябрда Бишкектеги Олимпиадалык резерв окуу жайынын 50дөн ашуун тарбиялануучусу таш, таяк, союл менен коңшулаш жайгашкан №38 орто мектепке кирип келиишип эшик-терезелерди талкалап, окуучуларды сабап кетишкен.

Ал эми ички иштер кызматкерлери бул иш боюнча “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгошуп, 5 бала камалган. Эки мектептин окуучусу катышкан мушташ мурдарак да катталып, анда 3 бала бычакталган болчу.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...