Акыркы макалалар

Россия менен Кыргызстандын ортосунда жаңы аба каттамы ачылды

Россия менен Кыргызстандын ортосунда жаңы аба каттамы ачылды

"Урал авиа линиялары" компаниясы Нижний Новгород – Ош багытындагы жаңы каттамды ачат. Компания берген маалыматка таянсак, бул 2015-2016-жылдагы кышкы сезондо дайыма каттай турган рейс болмокчу. Нижний Новгородон Ошко жана Ош шаарынан аталган калаага 20-ноябрдан тартып, ар бир жума күнү учууга болот.

"Жаңы түз каттам менен жүргүнчүлөр убактысын жоготпой каттоосуна мүмкүндүк ачылды. "Урал авиа линияларынын" баардык учуулары заманбап Airbus А320 учагы менен ишке ашырылат",-деп кабарлашты компаниядан.

Эскерте кетсек, учурда бир катар аба компаниялары аркылуу Кыргызстандан (Бишкек, Ош) Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Казань, Самара, Грозный, Новосибирск, Белгород, Челябинск, Иркутск, Красноярск, Сургут шаарына түз каттамда учууга болот.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...