Акыркы макалалар

«Дордой» базары: мүмкүнчүлүктөр менен өзгөрүүлөрдүн мезгили

«Дордой» базары: мүмкүнчүлүктөр менен өзгөрүүлөрдүн мезгили

Кыргызстан августта Орусия, Беларус, Казакстан жана Армения менен бирге Евразиялык экономикалык биримдиктин беш мүчөсүнүн бири болуп калды. Ага чейин «Дордой» базарындагы соодагерлерде алдыдагы өзгөрүүлөр бизнестерине коркунуч жаратпайт болду бекен деген чочулоолор болгон. Алардын ой жүгүртүүлөрү жаңы мүмкүнчүлүктөргө карата ойлоп табуучулук менен сезгичтиктерин көрсөтүүдө жана бул «Дордой» евразиялык сооданын борбору бойдон калат деп божомолдоого негиз берүүдө.

Макала англис тилинен которулду. Анын түп нускасы Eurasianet.org сайтына чыккан. Авторлору француз журналисти Жереми Берлиу жана венгер фотосүрөтчүсү Тамаш Пацай.

1992-жылы, Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин Кыргыз коммунисттик партиясынын спорт комитетинин мурдагы башчысы Аскар Салымбеков өзүн капитализмде сынап көрүүнү чечкен. «Дордой» негизделгенден тарта 23 жыл аралыгында Борбордук Азиядагы эң чоң базарга жана Кытай менен Европанын ортосундагы соодалашуунун аралык пунктуна айланды.

«Дордойдун» статистикасындагы сандар анча чоң эмес улуттун экономикасын сыпаттоо катары кабыл алынат. Бүткүл Дүйнөлүк банктын 2009-жыл үчүн чыгарган маалыматтарына ылайык, базар 30 миң контейнерден турган жыш лабиринтти түзөт жана анда 150 миңден ашык киши иштейт. Жылына 3 миллиард АКШ долларына жакын суммадагы соода алмашуусу менен «Дордой» — бул жөн гана базар эмес, а өлкөнүн экономикасынын эң маанилүү артериясы.

Бул маалыматтардын баары тең базарды өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү боюнча талкуулардын дал борборуна койду. Биримдикке кирүүнүн алдында Кыргызстан, Кытай жана Казакстандын ортосундагы бажы тарифтеринин айырмачылыгынан пайдаланган андагы соодагерлер евразиялык соодада алдынкы орундарда болушкан. ЕАЭБге кошулуу Кытай менен соодалашууну мурдагыдан пайдасызыраак, а биримдиктин калган өлколөрү менен соодалашууну кыйла пайдалуу жана ыңгайлуу кылат.

Бир катар пессимисттик божомолдоолорго карабастан Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү базарга көз каранды болгондор үчүн анчалык деле кейиштүү болушу мүмкүн эмес. Эмнеге экендигин андагы соодагерлердин баштан өткөргөн окуяларынын өзүлөрү айтып беришет.

Жылдыз: «Биз апыртпашыбыз керек, ЕАЭБ — мыкты чечим эмес, бирок биз деген Греция эмеспиз да».

Жылдыз 39 жашта. Ал «Дордой» базарынын кытай бөлүгү деп эсептелген «Жунхайда» контейнерге ээлик кылат.

Жайдын түштөн кийинки убагы, ЕАЭБге кирүүгө аз калды, базар ээн.

Жалдыздын контейнери менен ошол катарда жайгашкан дагы бир контейнер гана дагы деле ачык. Буга чейин мында болуп көрбөгөн адам үчүн ал катарларды кыдыруу коркунучтуу тажрыйба болуп калышы мүмкүн. Адам жык-жыйма болуп турган маалда соодагерлердин товарларын жүктөп бараткан арабачылар аларга жол бошотууга жетишпей калган адамдарды сүздүрүп да кетүүлөрү мүмкүн.

Азыр мында тынч.

Эки кардарына үйлөтүлмө бассейн тууралуу кеңеш берип жатып Жылдыз өзүнүн учурдагы абалы тууралуу жакшылап ойлонууда. Быйылкы жайдын ысык болушу — бизнес үчүн жакшы түрткү болууда.

«Ысыктан жана сатып алуучулардын активдүүлүк менен үйлөтүлгөн бассейндерди сатып алып жаткандыгынан улам гана контейнерди жаба элекмин», — дейт Жылдыз.

Бирок узак мөөнөттүү перспективада бул тенденция көпкө сакталбашы мүмкүн.

«Беш жыл мурда биз саат 4-5терге чейин иштечүбүз, бирок 2011-жылдан баштап [качан Орусия, Казакстан жана Беларус Бажы биримдигин түзгөндөн тарта] соода начарлап калды», — деди Жылдыз.

Мурда анын кардарларынын көбүн казактар менен орусиялыктар түзүшкөн. Алар арзан товарларды дүңүнөн сатып алып келишкен. Казакстандын бажы тарифтеринин өсүшү жана анын Бажы биримдигине кириши менен сатып алуучулардын саны анын көз алдында азайып баштаган.

Биримдикке кошулуу Жылдыз үчүн көйгөйлөрдү жаратты:

«Ооба, товарларды Казакстанга реэкспорт кылуу арзаныраак болуп калды, бирок аларды Кытайдан алып келүү абдан эле кымбатка турууда. Эгер мен учурдагы бизнес-схема боюнча иштей турган болсом, анда мен эч качан жогорку товар алмашууга жетише албайм».

Кыйынчылыктарга карабастан Жылдыз ишкерлерче ой жүгүртөт:

«Биз апыртпашыбыз керек, ЕАЭБ — эң мыкты чечим эмес, бирок ошол эле маалда биз Греция эмеспиз да. Дагы көп акча иштеп табууга болот».

Жылдыз өнүгүүгө карай жолду рыноктун жаңы шарттарына ыңгайлашуудан жана жаңы стратегияны иштеп чыгуудан көрөт. Анда бул эки багыт боюнча тең тажрыйба бар. 1990-жылы ал журналисттик карьерасын аяктап, соодага кеткен. Ал кезде «Дордой» жаңы гана бутуна туруп келе жаткан кез болчу.

Жылдыз жыл сайын Кытайдын Чэжцзян провинциясындагы Иу шаарына барып келип турган.

«Мен анда болгону он күндөн болчумун, бирок котормочу, жашай турган жер, тамак жана товарларды ташуу — мен үчүг абдан кымбат болчу», — дейт Жылдыз, — «Рынокто кытай жана дунган жүк ташуу компанияларынын пайда болушу менен абал кыйла жеңилдеген. Баары жөнөкөй жана арзаныраак болуп калган».

Буга чейин Жылдыз менен иштешкен кытай импортеру эми Кыргызстандагы өз ишмердүүлүгүн кыскарткан. Учурда анын мурда пайдаланып келген 20 контейнеринин болгону бешөөсү гана калган. Бул Жылдызды товарлардын келүү схемасын алмаштырууга түртүүдө.

«Азыркыдай шартта товарлардын келүү схемасын алмаштыруу өтө кымбат жана оор болот», — деди ал. Дал ошондуктан ал кайрадан кесибин өзгөртүүгө белсенүүдө — эми ал келечектеги негизги акча иштеп табуу булагы катары нотариус иштетүүнү эсептеп, ошол тармакта окуп жатат.

Эрлан менен Руслан аңтерилерден тигилген евразиялык баш кийим рыногун багындырууда

ЕАЭБ соодагерлердин бир бөлүгүн башка тармактарга кетүүгө аргасыз кылып жатса, башкаларынын азырынча багынып берүү ниети жок. Отуз жаштагы бир туугандар Эрлан менен Руслан экономикалык биримдикке кирүүдөн акыркы бир нече жылдагы ийгиликсиз соода кылуу тажрыйбасын унутуу мүмкүнчүлүгүн көрүшүүдө.

«Негизи биз жылына 30-40 миңге жакын баш кийим сатабыз», — дейт Эрлан.

Алардын анчалык чоң эмес контейнери (ошол эле маалда көргөзмө залы) «Дордойдун» ортосунда жайгашкан лабиринттеги дароо эки катарга ачылат. Бул алардын ата-энеси 20 жыл мурда ачкан кичинекей үй-бүлөлүк бизнестин типтүү үлгүсү.

Ал контейнердин суук дубалдарынын артында бир туугандар бүткүл Евразияга товарларды сатып, өз бизнесин жүргүзүшөт. Алардын жүгүртүмүнүн бештен төрт бөлүгү — бул экспорт.

«Биздин баш кийимдерди Киевден тарта Владивостокко чейин бүткүн мейкиндиктен табууга болот деп ойлойм», — дейт Руслан күлүмсүрөп.

Орусия, Казакстан жана Беларуста бажы тарифтеринин жогорулашы алардын соодасынын төмөндөшүнө алып келди. Ошондой эле ага Орусияда рублдин курсунун төмөндөшү да таасир эткен.

«Биз мурда тапкан ар бир миң долларга учурда болгону бешти гана иштеп таап атабыз», — деп даттанды Эрлан.

ЕАЭБге кирүү боюнча узакка созулган процесс бир туугандарды мындан аркы кадамдары тууралуу олуттуу ой жүгүртүгө мажбур кылды.

«Балким биз фермер болуп кетмекпиз, анткени Кыргызстанда жер көп эмеспи», — деди Эрлан анчалык деле энтузиазмин көрсөтпөстөн. Базарда 20 жыл иштеп, дароо эле башкача жашоо образына өтүп кетүү оор эмеспи.

Руслан менен Эрлан чечимди өндүрүштү жаңыртып, ийкемдүү кылуудан табышкан.

«Кыргызстанда сырье жок, фабрикалардын баары тең 1991-жылдан баштап иштебей калышкан», — дейт Руслан.

Алардын саткан баш кийимдери Кытайда өндүрүлөт, ошондуктан товарларды алып келүү үчүн бир туугандарга Пекин менен Үрүмчүгө жылына 5 жолуга чейин барып келүүгө туура келет. Бирок бир туугандар өлкөнүн ЕАЭБге кириши менен өндүрүштү мекенинде жөнгө салуу чечимине келишкен.

Биз азыр Кызыл-Аскердеги кичинекей фабрикабызда күнүнө 50дөн 100гө чейинки сандагы баш кийимдерди чыгарып жатабыз. Эми аны кеңейтүү пландарыбыз бар», — дейт Руслан.

Бир туугандар аңтериден тигилген баш кийимдердин дээрлик 185 миллиондук потенциалдуу сатып алуучусу бар евразиялык рынокко чыгуу үмүтүндө.

Халил — жаңы Жибек Жолун өздөштүрүп жаткан чет жердик ишкер.

1994-жылы Халил биздин өлкөгө биринчи жолу келген маалда «Дордой» анча чоң эмес базар болгон. Ал жаңы гана эгемендүүлүккө жетишкен мамлекетте бизнес жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү үчүн өзү туулуп өскөн Түркиядан Кыргызстанга көчүп келген.

«Мында мен Бишкекте жаңы мечит курууга жардам берүүнү сунуштаган бир канча киши менен тааныш болуп калдым», — дейт ал.

Анын иши курулуш материалдарын импорттоого байланыштуу болгон — бул анын ишинин өсүүсү үчүн баштапкы кадам болгон.

Алгач Халил мында ар бир иш менен аз-аздап алектенип көрүүнү чечкен. Ал кезде Кыргызстан көптөгөн мүмкүнчүлүктөр менен катар бир топ көйгөйлөргө ээ болгон көп нерсени үмүттөндүргөн жаш рынок болгон.

«Жолдор начар, а бажычылар сараң жана кыйкымчыл болушкан. Менин айдоочуларым Түркиядан бул өлкөгө келүүдөн коркушчу», — дейт Халил.

Ал 2000-жылы кыргыз кызы менен баш кошуп, биротоло Бишкекте жашап калган.

«Ал кездерде мен Газиантептен килемдерди гана алып келип сатчумун», — дейт Халил, Түркиядагы шаардын аталышын айтып. Килемдерди өндүрүү фабрикасы анын агасына таандык болуп, ал анын башкы экспорттоочуларынын бири болгон.

Ал жыйырма жылдан ашык соода менен алектенип, замандап Жибек Жолунда соода кылууда кыйла эле тажрыйбага ээ болуп калды. Анын жүк унаалары үч каттам боюнча келишет. Алардын бири Иран, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрү аркылуу өтсө, экинчиси Кара деңиз жана Орусиянын аймагы менен өтөт. Үчүнчүсү болсо — Азербайжан жана Каспий деңизи аркылуу, бирок бул жол өтө сейрек пайдаланылат.

«Каттамдарды тандоо чек арадагы расмий эмес бажы алымдарына жараша болот, — деп түшүндүрдү Халил, — эгер Ирандын чек арасындагы төлөмдөр жогоруласа, анда менин унааларым Орусия аркылуу келишет, а эгер төмөндөсө — Иран аркылуу».

Халилдин соода түйүнү аны түрк килемдерин Кыргызстанга жеткирүүчүлөрдүн эң башкыларынын бири кылып койду. Болжолдуу түрдө анын Бишкекте күнүнө 5-6 сатып алуучусу болот, дем алыш күндөрү — бир аз көбүрөөк. Анан да ал жалпы өлкө боюнча 50дөн ашык дүкөндү товар менен камсыз кылып келет.

Кыргызстандын расмий түрдө Евразиялык экономикалык биримдигине киришинин алдында «Дордойдун» башка көптөгөн соодагерлери сыяктуу эле Халил да соодагерлер үчүн жаңы бажы шарттарынын кандай болору боюнча эч кандай түшүнүккө ээ эмес болчу. Ал бажы алымдарынын орточо 40 пайызга жогорулашын күткөн — бул ансыз деле Казакстан жана Орусия менен бажы төлөмдөрүнүн жогорулашынан улам көп зыянга учураган кирешени жокко чыгарууга жетиштүү.

«Товар жүктөлгөн бир жүк унаасынын баасы 20-35 миң долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн», — деп болжолдоду Халил.

Акыркы жылдарда Халил Кыргызстанга жеткирилип келген товардын көлөмүн жылына он жүк унаасынан бешке чейин кыскарткан.

Бирок Халилдин Б планы бар: «Мен өзүмдүн эмне кылышым керектиги боюнча бир чечимге келүү үчүн 2016-жылга чейин убакыт бергем. Кыргызстанда килем чыгаруу өндүрүшүн жөнгө салуу үчүн Гизиантептен жабдууларды алып келем го деп ойлоп атам».

Учурда Халил Кыргызстандын толук кандуу жараны, ошондуктан ал башка потенциалдык түрк атаандаштарынан бир кадамга алдыда турат.

«Мен жаңы гана виза алып жүргөн кезде менде дайыма бюрократтар менен көйгөйлөр болуп турган. Буга 500 сом, тигиге 1000 сом бер деп эле. Түркиядан келчү кайсыл гана соодагер болбосун азыр ошондой көйгөйлөргө туш болот — балким ага чиновниктерге жагынуу үчүн акча берүүгө туура келээр», — деп сыры менен бөлүштү Халил.

Аскар Салымбеков: «Дордой» абдан чоң базарга айланат деп эч качан ойлогон эмесмин»

«Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков Бишкектин борборунда жайгашкан «Дордой» бизнес-борборунун акыркы кабатындагы чоң кеңсесинде отуруп, «базарынын мындай ийгиликке жетет деп ойлогон-ойлобогондугу» тууралуу берилген суроодон кийин жүзүндөгү жылмаюусун жашыра алган жок:

«Мен аны орточо көлөмдөгү базар болот деп болжолдочумун. Мындай масштабдарга жетет деп таптакыр ойлогон эмесмин».

«90-жылдардын башында Кыргызстанда адамдар келип товарлар алып, мисалы, кийим сатып алып кете ала турган жер жок болчу. Кыргызстанда эч нерсе жок болгон», — дейт Салымбеков.

Кыргызстандыктардын көбү базардын ачыларын сезишкендей Орусиягв барып, чемодандарын кийим-кечеге толтуруп, үйлөрүнө келип сатууну башташкан. Салымбеков 1991-жылы Бишкек базарлары бөлүмүнүн башчысы болуп тургандагы абалын пайдаланып, соодагерлер товарларын дароо багаждарынан сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушсун деген максатта Спартак стадионунун айланасындагы жерди тазалаган.

Товарларга болгон суроо-талап өсүп, Салымбеков мурдагы булгаары заводун сатып алып, анын аймагына базар ачуу чечимине келген. Кийин анысы Борбордук Азиядагы эң чоң базар болот.

Алгач ишкерде базар куруу идеясы болгон эмес. Чынында ал базардын аймагына киргендиги үчүн адамдардан акча алууну каалаган. Бул идеяны Салымбеков 80-жылдардын аягында Одессадагы спорттук мелдешке барып, ошол жактагы базардан алган.

Бир нече жылдан кийин «Дордойдо» эки миң соода оруну пайда болуп, он жылдан кийин алардын саны 15 миңге чейин жеткен. Ал кезде Салымбеков курамына базар жана «Дордой Бишкек» футболдук клубу сыяктуу коммерциялык эмес уюмдар кирген 50 компаниядан турган холдингдин башкаруучусу болууга жетишкен.

Салымбеков 90-жылдардын башындагы оор шарттарда базардын сакталып калышына «ишкердик дух» жардам берген деп ишендирүүдө.

«Анда бандиттер болгон, бирок мыкты коргонуу – бул ишкердик ийкемдүүлүк. Иштин баары – сүйлөшүүлөрдө болгон», — дейт ал.

Аскар Салымбеков саясат менен ишкерликке тыгыз байланышы бар болгон көптөгөн кыргыз ишмерлеринин бири болуп эсептелет. Ал өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки жылдары Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев менен жакын болгон. 1999-жылдан 2005-жылга чейин Нарын облусунун губернатору болуп иштеген. Андан соң Салымбеков кыска убакыт — президент Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясынын желеги менен парламент депутат болуп шайланганга чейин — Бишкектин мэри болуп иштеген.

Ал «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы менен шайлоого катышып, 4-октябрда саясий аренага келүүгө дагы бир жолу аракет жасаган. Ал өзү айткандай, анын максаты «экономиканы өкмөттүн күн тартибине коюп, ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо» болгон. Бирок партия шайлоочулардын болгону 6,1 пайыз добушун алып, мыйзам чыгаруу органына керек болгон 7 пайыздык чектен аша алган жок.

Бакиев президент болуп турган убакта (2005-2010-жылдары) «Дордой» уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттеринен тынчсызданган ишкерлер үчүн баш калка жай катары каралып келген.

«Кыргызстанда бир нече көз карандысыз экономикалык сектор бар. «Дордой» алардын бирөөсү болуп эсептелет», — дейт Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Насритдинов. — «Кандайдыр бир жолдор менен базардын ээлери аны кол тийбес кыла алышкан».

Бирок Салымбековдун ишкерлигинде көңүл чөктүрө турган учурлар да болгон.

Бакиев бийликте турган мезгилде «Дордой» ассоциациясы өзүнүн «Дос Кредос» банк бөлүмдөрүн арзыбаган акчага сатууга мужбур болгон. Көптөгөн ишкерлердин бизнестери Бакиевдердин үй-бүлөсү жана анын жакындары тарабынан тартылып алынган.

Алгач Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуу идеясын анча колдобой келгени менен Салымбеков биримдикке кошулуудан улам майда соодагерлерге зыян келтирилиши мүмкүн деген кооптонууларга карабастан бул идеяны ачык колдоп келет.

«Биз кантип соода кылуу керектигин билгенден кийин кантип бир нерсе өндүрүү керектигин да билишибиз керек», — дейт ал.

Салымбековдун көз карашы философиялык:

«Чыгышта дайыма базарлар болгон. Биздин болгону шартка ылайыкташып, өздөштүрүп кетүүбүз керек. Бизнесте дайыма өйдө-ылдый нерселер болуп турат. Ооба, азыр киреше бөлүгү азайды, бирок биз жакынкы убактарда активдүүлүктүн өсүшүн күтүп жатабыз».

Башка бизнестердей эле «Дордойдун» келечеги онлайн базарга чыгууда болушу мүмкүн. Учурда «Дордой» ассоациациясы товарларды сатуу үчүн жаңы интернет-аянтча түзүүнүн үстүнөн иштеп жатат.

«Чайкоочулар. Доордун аякташы.

«Дордой» балким 90-жылдардан берки эң чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатса керек, бирок ошентсе да андагы кээ бир элементтер оңой эле таанылып, түбөлүк базардын жүрөгү болуп калат. «Дордой» — чебердик менен товарларды чек арадан ташып өткөрүп берүү менен акча тапкан «чайкоочуларсыз» эч нерсе эмес. Базар ачылган алгачкы жылдары иштеп баштаган «чайкоочулардын» көбү учурда соода тармагында гана эмес, а курулушта, текстиль өндүрүшүндө жана башка тармактарда иштеп, гүлдөп өсүп жаткан ишканалардын жетекчилери.

Заманбап «чайкоочулар» — жүктөрдү чек арадан өткөрүп бере турган жүк ташуучулар менен айдоочулар — өз күндөрүнүн бүтөөрүнө аз калды деп кооптонуп жатышат.

Алардын арасындагы эң маанилүү адамдар бул товарларды таңгактоо менен алектенген жумушчулар болсо керек.

Осман 40 жашта. Ал металл пресстерди аралап өз ишин улантуу менен жумушунун эмнеге керек экенин түшүндүрүп берүүдө: «Бажы алымдары жүктүн көлөмүнө жараша болот». Мына, көптөгөн жумушчулар товарларды пресстеп, атайын боо менен таңып суу өтпөс пленкалар менен таңгактап жатышат.

«Негизи биз бир күн бою 200-300 сомго иштейбиз», — деп түшүндүрдү Осман.

Бир нече жыл мурда ал төрт баласынан турган үй-бүлөсүн багууга жеткидей акча иштеп таап, ал эмес жеке прессин сатып алууга жетишкен. Бирок «Дордойдогу» активдүүлүк төмөндөп, ал сыяктуу жумушчулар оор абалга туш болушту. Казакстан менен болгон чек аранын ачылышы менен алардын жумушу дээрлик керексиз болуп калды.

Чек арадагы жүк ташуу менен алектенген жумушчулар да ушундай эле оор абалды.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы эң көп адам өткөн «Кордай» чек ара өтмөгү болжол менен базардан он чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенге чейин чек арадан өтүп, Осман же анын кесиптештери тарабынан таңгакталган жүктөрдү алып өтүү мүмкүнчүлүгүн күтүп отурган 50гө жакын жүк ташуучуларды көрүү кадыресе көрүнүш болчу. Бул процедура толугу менен 150-200 сомду түзчү, ал өз ичине «транспорт чыгымдарын» жана бажы органдарынын кызматкерлерине берилчү параны да камтыган.

Жүк ташуучу болуп иштеген 30 жаштагы Мансур дубалда жазылган төмөндөгүдөй деген жазууну көрдү: «Чек аралар ачылгандан кийин биз жумушсуз калабыз».

Жүк ташып иштегендердин кээ бирлери чек аралар азырынча даяр эмес, өткөрүү пункттарынын инфраструктураларын оңдоо керек жана жүк ташыган жумушчулар соодагерлерге дагы деле керек деп өз үй-бүлөлөрүн жубатып келишет. Ошентсе да алардын көбү убакыт жетип калганын түшүнүшөт. Эртеби кечпи алар башка жактан жумуш издөөгө аргасыз болушат — балким, аңтерилерден баш кийимдерди тигүүчү цехтен же килем чыгаруучу заводдордон.

Автор: Жереми Берлиу

Сүрөт: Тамаш Пацай

Которгон: Родион Литвинов

Түп нускага шилтеме : ky.kloop.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...