Акыркы макалалар

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев: “Эки элдин ортосундагы жакын санаалаштык кылымдардан бери келе жата

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында кыргыз өкмөт башчысы менен эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташтык, мындан ары боло турган алака-катыш боюнча маектештик.

- Акыркы жылдарда жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарлар аркылуу боордош Түркия жана Кыргызстандын ортосундагы мамилелер кеңири багытта ырааттуу өнүгүп келе жатат. Сиз өкмөт башчы катары эки тараптуу мамиленин азыркы деңгээлине ыраазысызбы? Келечекте дагы эмнелерди күтүп жатасыз?

- Мен өкмөт башчы катары айта турган болсом эки мамлекеттин ортосундагы саясий, маданий, билим берүү боюнча карым-катнаштарга мен толук ыраазымын. Мындан ары дагы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы келишимдер, алака-мамилелер өнүгөт деген чоң ишенимим бар. Ал эми инсан катары кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы жакын санаалаштык кылымдардан бери келе жатат деп айтар элем. Биздин тутунган динибиз бир, сөздөрүбүз дээрлик көп жактан окшош, тилмечсиз эле сүйлөшө алабыз. Эки тууган деле катташпай калса, алыс болуп калат эмеспи. Анын сыңарындай, совет доорунда азыркыдай коммуникация жок мезгилде жакындан байланыша албай калдык. Бирок, акыркы жыйырма бир жылдын ичиндеги Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык тарыхтын жаңы барагына жазылды деп айта алам.

- Тездик менен өнүккөн мамилени сакталып калышы үчүн болочокто дагы кандай кадамдар жасалышы керек?

- Биринчиден, бири-бирин сыйлашы керек. Мен акыркы убактарда “мамиле эки жактуу жол болушу керек” деген сөздү көп колдоно баштадым. Бир тараптуу эле боло берсе, анда туңгуюк болуп калат. Ошол үчүн эки жак тең бирдей, түзүлгөн шарттарды эки элдин кызыкчылыгына пайдаланып, эки өлкөнүн өнүгүүсүнө алып барсак, биздин мындан аркы дагы карым-катнаштарыбыз, тууганчылыгыбыз, эки тараптуу мамилебиз жаңы деңгээлге чыгат деп мен терең ишенемин. Бул кызматташтык бир эле экономикада болбошу керек. Бул маданияттар аралык, билим берүү, дегеле ар тарапты камтышы керек. Мына акыркы убактарда мыкты жөрөлгөлөрдүн бири катары - эки элдин кыз алышып, кыз беришип жатканын айтсак болот. Өткөн тарыхка көз чаптыра турган болсок, кыйынчылык болгондо, кыргыздардын түрктөргө, түрктөрдүн кыргыздарга жардам берген учурлары болгон. Мына ушундай эки боордош элдин бири-бирине боорукердик колун сунуусу биздин болочок достугубузга жакшы жардам берет деп ойлойм.

- Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдогандын Бишкектеги иш сапарында күн тартибинде кандай маселелер каралат? Иш сапардан конкреттүү эмнелер күтүлүп жатат?

- Биринчиден, экономикалык маселелер сөзсүз түрдө каралат. Интеграцияны карайбыз. Ошондой эле саясий блокто эки өлкөнүн ортосундагы саясий келишимдер боюнча президент А.Атамбаев менен жолугушуусу болот. Мамлекетик кеңештин жыйынтыгын чыгарышып, андан ары дагы алдыга койгон пландардын аткарылышы боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын келиши менен учурда жүзөгө ашырылып жаткан иштерибиз мындан дагы жакшы деңгээлге чыгат деп ишенем. Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, түркиялык бардык салык төлөөчүлөргө ыраазычылыгымды билдирем. Өлкөбүз жаңыдан гана эгемендүүлүк алып, башынан өткөөл мезгилди кечирип жатканда Түркия бизге берген насыяларын кечип, грант кылып бер. Өзүңүздөргө белгилүү өткөн жылы 100 млн. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берди. Бул үчүн мен Түркия мамлекет башчысы Абдуллах Гүл, өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоганга терең ыраазычылыгымды билдиремин. Биз Түркия менен эки тараптуу кызматташтык гана эмес, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы шериктештик боюнча дагы жакшы иштерди алып барып жатабыз. Мындан башка дагы көп жактуу форматтарда биз бири-бирибизди колдоп келе жатабыз.

- 2011-жылдын 26-апрелинде түзүлгөн стратегиялык кызматташуунун Жогорку Кеңешин жаңыртып түзүү тууралуу принципиалдуу келишимге жетише алышты. Тараптар Жогорку Кеңештин тең Төрагасы Кыргызстандан Президент Алмазбек Атамбаев жана Түркия тараптан Премьер-министр Реджеп Тайип Эрдоган болсун деп чечишти. Тараптар үстүбүздөгү жылы адамдардын, товарлардын, кызматтардын жана капиталдын эркин жылышына мүмкүнчүлүк берген укуктук чараларды иштеп чыгууга кирише баштайбыз деп макулдашты. Бул макулдашуулар боюнча кандай иш-чаралар өткөрүлдү жана кайсылар ишке ашты?

- Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнаштар эң жөнөкөйлөтүлгөн процесстер менен жүрүп жатат. Эки өлкөнүн жарандары бири-бирине келип-кетпестен, биргелешкен ишканаларды түздү. Ушул тапта деле борбор калаабызда Түркиянын капиталы, курулушчулары келип иштеп жатышат. Эки мамлекеттин ортосундагы эң бир жыйынтыктуу кызматташтык катары “Себат” билим берүү системасын, кыргыз-түрк “Манас” университети жана “Ата-Түрк-Ала-Тоо”университеттерин айтууга болот. Билим берүү биз үчүн эң чоң капитал. Ал имарат эмес, завод эмес, барктуу делген, түбөлүктүү билимди алып жатабыз. А билим болсо эч качан инфляция болбой турган бизнес.

- Түркия менен болгон мамилелерде сиз экономикалык мамилелерге көбүнчө маани берериңизди билебиз. Түркия менен соода мамилелер кандай деңгээлде? Эки тараптуу инвестицияны өнүктүрүүдө эки тараптан кандай иштери жасалышы керек жана кандай нерселерди көздөйсүз?

- Биз Түркия менен чек арабыз жакын болбогондуктан, эки тараптуу соода-сатыкты жогорку деңгээлге көтөрүшүбүз керек. Учурдагы товар жүгүртүү бизди канааттандырбайт. Мындан дагы жогору өсүшүбүз керек. Бул жагынан эки мамлекеттин тең мүмкүнчүлүгү жогору.

- Инвестицияны өнүктүрүүдө эки тараптан кандай иштер жасалышы керек жана кандай нерселерди көздөйсүз?

- Кыргызстан инвестиция тартам деген инвесторлордун баарына ыңгайлуу шарт түзүп берди. Бирок, 2005-жана 2010-жылдагы революциялардан кийин ишкерлердин бизге келип иштеши үчүн коопсуздук маселеси бар экени көрүнүп турат. Дагы көптөрү кандай жылыштар болот деп сырттан карап турат. Менин оюмча, булардын баарын бир гана убакыт аныктайт. Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Кыргызстандагыдай салык саясаты боюнча мыкты шарттар жок. Бизге келген инвесторлордун бардык капиталдарын алып чыгуу, алып кирүү процесстери үчүн да эң жакшы шарттар түзүлгөн. Бирок саясий стабилдүүлүк болбогондон кийин тышкы инвесторлор эмес, ичкилер дагы башка экономиканы колдоп кеткен фактылар бар. Ошол үчүн өкмөт өз ишинде стабилдүүлүктү алып келип, ишкерлерге шарт түзүп, алардын капиталдык салымдарын коргоп, өздөрүнүн пайдасын таба алса гана, алар келип иштегенге жол ачылат. Бул бир гана түрк инвесторлору эмес, бардыгы инвесторлор үчүн айтылып жатат. Биринчи кезекте биз ата мекендик инвесторлорго шарт түзүп беришибиз керек.

- Түрк ишкерлеринен эмнелерди күтөсүз?

- Мен мындан ары ишеним болушун күтөөр элем. Ишеним болмоюнча эч качан биргелешкен ишканаларды иштете албайбыз. Ошол үчүн биргелешкен ишканалар жакшы иштесе, инвесторлор жергиликтүү ишкерлер менен орток пикирге келишип, чогуу иштешүү ниетин билдирсе, өкмөт ошолорго шарт түзүп берүугө даяр. Иш сапардын алкагында боло турган ишкерлер форумунда жаңыдан түзүлө турган келишимдерди күтөт элем. Бирок бул оозеки айтылганы менен иш жүзүндө буларга шарт түзүп, алардын ишеними пайда болгондо гана иш алдыга жылат. 2011-жылы эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки мамлекеттин ортосундагы соода көлөмүн 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү туурасында максат коюшкан эле.

Буга байланыштуу акыркы өнүгүүлөр, жетишкендиктер туурасында айтып берсеңиз?

- Алдыга коюлган бул максаттар өзгөргөн жок. Ошонун үстүңдө иш алып барышыбыз керек. Эки тараптуу соода-сатык мамилелерин жакшыртуу үчүн ортобузда чоң аралык бар.Ага ылайык биз жакшы шарттарды түзсөк, Түркияда дагы биздин ишкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлсө, ортодогу товар жүгүртүүнү көтөрө алабыз. Алдыга койгон максатыбызды иш жүзүнө ашыруу үчүн бардык чараларды көрүшүбүз керек.

- Кыргызстанда туруктуулук орношу менен чет элдик капиталдын өлкөгө агымы тездеди. Өкмөттүн чет элдик инвестицияларды колдоосу боюнча түрк ишкерлерине Сиздин айта тургандарыңыз барбы? Түркиялык ишкерлерди кайсы тармакка кандай инвестиция алып келүүнү сунуш кылар элеңиз?

- Түрк ишкерлеринен биз тоо кен тармагын иштетүү, энергетиканы өндүрүү, жеңил өнөр жай тармагы, айыл чарба продукцияларын иштетүү боюнча чакырар элек. Мына ушул маанилүү тармактарга келип иштешсе жакшы болот эле. Бирок азырынча Түркия тараптан жогоруда саналган багыттар боюнча сунуштар боло элек. Түрк ишкерлери көбүнчө кызмат көрсөтүү боюнча келип жатышат. Ошондой эле курулуш тармагында жакшы иштерди жүргүзүп жатышат. Түркияда эң жакшы өнүккөн туризм менен мейманкана бизнеси боюнча ушул жакка келип иштешин каалайт элем. Эки өкмөттүн ортосунда эмес, эки ишкердин ортосунда түшүнбөстүктөр бар, ошолордун баары цивилизация жолу менен чечишибиз керек. Маселен, бир ишкердин ишке байланышкан жаманаттысы ал көп нерсеге зыян келтирет. Ал өзүнүн кызыкчылыгы үчун туура жагын да, туура эмес жагын да айтып, келе турган ишкерлерге дагы шек келтирип койгон учурлар бар. Ошол үчүн премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын иш сапарында дагы ушул маселелер боюнча сүйлөшөбүз деген оюм бар.

- Кыргызстан Орусия, Казакстан жана Белоруссиянын ортосунда түзүлгөн Бажы биримдигине мүчө болууну көздөөдө. Өлкө буга даяр деп ойлойсузбу?

- Биз азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Бул боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Бардык министрликтер Бажы биримдигинин мыйзамдарын, регламенттерин алып изилдеп, биздин кызыкчылыкка туура келе турган шартта иш алып баруудабыз. Өзүңүздөр билесиздер жакында Орусиядан чоң делегация келип, ушул маселенин айланасында сүйлөштүк. Ошонун негизинде биз учурда жол картасын түзүп жатабыз. Буюрса 1-июнга чейин бүтөт деген оюбуз бар. Андан кийин макулдашуу процесстери жылдын аягына дейре болсо, 2014-жылдан баштап негизги жумуштар башталат. Эксперттердин берген баасы боюнча учурда жасалып жаткан иштер туура багытта бара жатат.

- Эгерде Кыргызстан мүчө болсо Түркия баштаган башка аймактагы өлкөлөр менен экономикалык мамилелер кандай өзгөрөт?

- Таасири болбойт, себеби биз Бажы биримдигинен мурун Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргенбиз. Түркия дагы бул уюмга мүчө. Жакында Орусия дагы мүчө болду. Жакынкы аралыктарда Казакстан да кирүүгө белсенип жатат. Менин оюмча бул биригүүдөн ишкерлер эч кандай жапа чекпейт.

- Өзүңүзгө белгилүү Түркия Кыргызстанга 106 млн. доллар кредит бөлдү. Бул тууралуу Сиздин оюңуз кандай? Аталган кредит кандай максаттарда колдонулат?

- Бул кредит үч багытта колдонулат. Биринчи, социалдык обьектилер, мектеп, жол, каналдарды курууга максатталган. Экинчи багыт бул - келечекте ушул кредиттин эсебинен пайда таап, андан ары өнүктүрүү үчүн жол тармагына керектүү шаймандарды алабыз. Ошондой эле суу чарбасына дагы керектүү техникаларды сатып алуудабыз. Буларды жакшылап иштетсек, алардан тапкан пайдаларыбыз менен, биз андан ары өркүндөтүү процесстери жүрөт деген менде терең ишеним бар. Мал чарбасында асыл тукумду көбөйтүү боюнча дагы иш алып баруудабыз. Бул дагы экинчи блогу. Ал эми үчүнчү блогу болуп, бөлүнгөн 106 млн. доллардын алты миллиону грант түрүндө берилген. Ал каражат түрк тилдүү элдердин саммитин өткөрүүгө жардам болду. Өткөн жылы бул каражаттын он миллионун алганбыз. Келерки жылдын башында бөлүнгөн каражатты толук ишке ашырабыз деп ойлойм.

- Эки өлкө билим берүү тармагында тыгыз кызматташып келет. Кыргызстанда 20 жылдан ашуун убакыттан бери ишмердүүлүгүн жүргүзгөн түрк мектептерине Кыргызстандын эли сый мамиле кылат. Муну эмне менен байланыштуу деп ойлойсуз? Бул мектептер тууралуу Сиз кандай пикирдесиз?

- Биринчиден билим берүү тармагы бул - өтө чоң багыт болуп эсептелет. “Себат” билим берүү мекемеси тууралуу айта турган болсом, биздин министрлик үйрөнө турган көп жакшы жактары бар. Себеби билим алам деген ынтызар балдардын көпчүлүгү ушул лицейлерге барып окуп жатышат. Лицейдеги билим сапатынын жогору экендигин жылдык олимпиадалардын жыйынтыгынан көрүүгө болот. Окуу жылы аяктаганда бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземин карап турсаңыздар, алардын көпчүлүгү дал ушул мекеменин бүтүрүүчүлөрү. Жыйырма жылдын ичинде түптөлгөн бул мектептин ичинде мейли мамлекетик болсо, мейли муниципалдык иште болсун, банктарда, туризм тармагында, ишкерлер чөйрөсүндө улан-кыздар иштей баштады. Айрымдары жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлүп калышты. Бул жерде окуунун артыкчылыгы болуп бир эле учурда төрт тилде: кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөп жатышат. Бул биздин келечек муундарыбыз үчүн өтө жакшы камылга. Ошондой эле фундаменталдуу предметтердин баарын окутушат. Кыргызстандын атынан эл аралык олимпиадаларга баргандардын дээрлик көпчүлүгүн ушул “Себат” билим берүү мекемесинин балдары түзөт. Мына ушул “Себаттагыдай” шарттарды өлкөнүн ар бир район борборлунда түзүү боюнча Билим берүү министрлигине тапшырма бердим. Биз өзүбүз дагы ушундай улан-кыздарды тарбиялап, окутушубуз керек. “Себаттын” окутуу ыкмасы биз үчүн жаңы система эмес. Совет доорунда биз бул системаны башыбыздан кечиргенбиз. Ар бир райондун борборунда жатак мектептер болгон. Бүгүнкү күндөгү чыгаан саясий лидерлердин, мамлекетик иште иштеп жаткандардын көпчүлүгүн ошол жатак мектептен тарбиялагандар түзөт. “Себат” системасын жайылтуу бир күндө эле жасала турган иш эмес. Ал үчүн акча каражаты, бул системанын артыктычылыктарын аңдап билген жетекчилер болушу керек. Республика боюнча 2500гө жакын орто мектеп боло турган болсо, алардын баарына “Себаттагыдай” бирдей материалдык базаны түзүп бере албайбыз. Ага жете турган кадрларыбыз да жок. Ошол үчүн сөзсүз түрдө жатак мектептерди түзүп, ал жерге күчтүү мугалимдерди, чыныгы билим алууга умтулган улан-кыздарды топтошубуз керек. Эгерде антпесек, кичинекей айылда да мектеп куруп бергиле деген тенденция баратат. Муну менен биз экономиканы дагы, билим берүү тармагын дагы көтөрө албайбыз.

- Кыргызстан “Манас” аба майданындагы АКШнын аскердик базасын 2014-жылдан баштап чыгарууга чечим кылды. Бул стратегиялык база туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы жана мунун жыйынтыгы кандай болот деп ойлойсуз?

- “Манас” аба майданындагы коалициялык армиянын чыгып кетиши бул - келишим түзүлүп жатканда эле белгиленген. 2014-жылдын биринчи жарымында чыгып кетет деген чечим ошондо эле кабыл алынган. Болгону ошол чечим гана күчүнө кирет. Биз ал жерден алып жаткан пайдаларбызды жок кылбаш үчүн “Манас” аба майданын граждандык учурлардын борборуна айлантуу аракетин көрүп жатабыз. Мен ушул сиздердин гезит аркылуу түрк ишкерлерин да ушуга чакырар элем. Себеби, ыраакы Чыгышка, Европага чыкканга биздин аба майдандын мүмкүнчүлүктөрү, шарты, географиялык абалы толугу менен жооп берет. Биз биринчи мыкты шарттарды түзө алсак, аба майданыбыз граждандык хапка айланат болчу. Ошондо гана коалициялык армиянын чыгып кетиши менен ал жактан таап жаткан экономикалык пайдаларыбыз билинбей калат. Учурда өкмөттү армияны чыгаруу боюнча сындап жаткандар “мына чыгып кетти, өкмөт эч нерсе кылган жок. Мурда мынча пайда тапчу эле, эми ал пайдадан кол жуудук”,- деп айтат. Мына ошол нерсени болтурбоо үчүн мунун үстүндө иштеп жатабыз, аны убакыт көрсөтөт.

- Айрым саясатчылар “Эгерде АКШнын авиа базасы чыгып кете турган болсо, Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизет” деп айтып жатышат. Сиз буга кошуласызбы?

- Эми биз “Ганси” авиа базасынын эсебинен түз 60 млн. доллар алабыз. Ал эми кыйыр түрдө эксперттердин берген анализи боюнча ар кандай сандар айтылып жүрөт. Мына ошол 60 млн. доллар сумманы өзүбүзгө кайтарып алуу үчүн “Манас” аба майданын жарандык хапка айланталы деп жатабыз. Муну сөзсүз түрдө жабышыбыз керек. Эгерде антпесек, экономикабызга таасири тийип калышы ыктымал. Саясий жагынан утушубуз мүмкүн, бирок экономикалык жактан утулуп калышыбыз анык.

- Кыргызстан оор мезгилден кийин парламенттик-демократиялык башкаруу жолуна өттү. Учурда парламенттик-демократиянын Борбор Азиядагы борбору катары айтылууда. Өлкөдө демократия жөнгө салынды деп айта аласызбы? Бул боюнча Түркия менен өз ара кандай тажрыйба алмашуу иштери жүрүп жатат?

- Биринчиден, Түркия дагы парламенттик мамлекет. Ортобузда үйрөнө турган маселелер көп. Биздин өткөөл мезгилибиз узак болуп баратат. Ошол үчүн коомчулук “кечээ жакшы иштегенде...” деген жүйөөлөрдү өкүнүү менен айтып жатышат. Түркия деле өнүгүү тарыхында 70-жылдарга чейин оор абалдарды башынан кечирген. 1924-жылы парламенттик мамлекет болуп түзүлсө, 70-жылга чейин канча убакытты басып өттү. Ошондо дагы демократияга толук жеттиби? Бул чоң маселе. Европадагы демократиялык мамлекеттерди деле сындап келе жатышат. Өркүндөтө беришибиз керек, бул процесс эч качан токтобойт. Сөзсүз түрдө сын айтылышы керек. Сын болгон жерде гана өнүгүү болот. Андыктан биз толук кандуу парламенттик мамлекет болдук деп айтканга эрте. Башкаруунун бул жолу менен үч жыл жашасак, үч жыл ичинде үчүнчү коалициялык өкмөт иштеп жатат. Бир убактарда коалициянын кантип иш алып барышы тууралуу баш катырганбыз. Мына эми коалиция кандай түзүлөт, коалициялык өкмөт кандай иштейт деген биринчи гана жыйынтыктарды көрүп жатабыз. Сөзсүз түрдө бул жолду басып өтмөйүн биз эч качан “парламенттик мамлекет гана өнүгөт” деп жыйынтык чыгара албайбыз. Дүйнө жүзүндө практикада ар кандай мамлекеттердин өнүгүү процесстери бар. Ошол эле диктатурада, президенттик башкарууда же болбосо парламенттик башкарууда деле өнүкккөн мамлекеттер бар. Ошонун бардык жактарын Кыргызстандын шартына ылайык иш тутушубуз зарыл. Эми эми толук кандуу парламенттик мамлекетпиз деп айта албайбыз. Парламентик мамлекеттерде билесиздер бийлик кандай бөлүнгөн. Кыргызстан үчүн түзүлгөн парламенттик шарттар менен жашап жатабыз. Мына президент эл тарабынан шайланат. А парламенттик мамлекеттерде президент эл тарабынан шайланбайт. Бул жерде биз өзүбүзгө туура келген шарттар менен бара жатабыз. Праламенттик башкаруунун жемишин кайсы бир мезгилден кийин гана көрө алабыз.

- Премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган 2011-жылдагы иш сапарында эки мамлекетин ортосундагы виза маселеси чечилген. Ага ылайык, жүк ташуучу унааларга да виза маселесин кароо боюнча сүйлөшүүлөр болгон эле. Ушул маселе кандай чечилди?

- Виза боюнча айта турган болсом, бул маселе чечилип, эки тарапта тең иштеп жатат. Ал эми жүк ташуучу унаалар боюнча айта турган болсом, муну ишке ашыруу процесси өтө оор. Анткени, биз кошуна мамлекет болгонубузда бул маселе оңой чечилмек. Биз башка мамлекеттер аркылуу өткөндүгүбүзгө байланыштуу эл аралык стандартка туура келиши керек.

- Сиз Түштүктү жакшы билесиз. 2010-жылдагы окуядан соң ал жакка стабилдүүлүк орнодубу, дегеле жалпы абалды тынч деп айтууга болобу?

- Тынч деп айтууга болот. Бирок стабилдүүлүктү, анын өнүгүү процесстерин убакыт гана аныктайт. 2010-жылдагы окуя – бул өтө оор маселе болду. Аны бир жылда же үч жылда толук чечилди деп айтсак, анда биз өзүбүздү-өзүбүз алдаган болобуз. Бул жагынан өкмөт, жергиликтүү бийлик өз ишин алып барышы керек. Ошондой эле коомчулук дагы өз салымын кошушу керек. Коом өзү ошого даяр болмоюнча, муну күч менен эч качан жайгара албайбыз. Эки эл кылымдардан бери чогуу жашап келе жатат. Кудай буюрса, мунун жыйынтыгы жакшы болот деп ишенем.

- Түрк элине жана түркиялыктарга айта турган каалоолоруңуз?

- Кыргызстанга келип жардам берип жаткандарына чоң ыраазычылыгымды билдирем. Мындан ары дагы жардамды күчөтүп түрк элдеринин биригишине биз эки жакын эл шарт түзүшүбүз керек.

МАЕКТЕШКЕНДЕР: АЙДЫН ПАЗАРЖЫ, НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...