Акыркы макалалар

«ЖАМУнун периси - 2013» сынагы өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы драма театрында 27-март күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата «ЖАМУнун периси - 2013» аттуу сулуулар сынагы өткөрүлдү.

Аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, факультеттер аралык уюштурулган кароо-сынакка он факультеттин студенттери катышты. Алгач, кароо-сынакка катышкан 10 катышуучуга берилген смс-билдирүүлөрдүн жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле, калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды. Баш байгеге 3-курстун студенти Нуржамал Абдылаазова ээ болсо, биринчи орунга ЖАМУнун 1-курсунун студенти Гүлбарчын Нурмаматова жетишти.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

05.04.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...