Акыркы макалалар

Bloomberg: Улут саламаттыгы боюнча Кыргызстан 101-орунда

Bloomberg агенттиги Улуттар уюму, Дүйнөлүк банк жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына таянып изилдөө жүргүзгөн. Анда 145 өлкөдөгү жашаган калктын саламаттыгы салыштырылып, Кыргызстан 101-орунду ээлеген. Улут саламаттыгы жашоонун узактыгы, өлүмдүн себептери, каза болгондордун жаш курагына жана башка факторлорго карап эсептелген.

Мында эң жогорку 89,45% балл топтоп сингапурлуктар биринчи орунга чыккан. Экинчи орунда Италия (89,07%), үчүнчү орунда Австралия (88,33%) турат. Биринчи ондукка Швейцария, Жапония, Израил, Испания, Нидерландия, Швеция жана Германия кирген.

Кыргызстан 24,62% баллы менен улут саламаттыгы боюнча рейтингде 101-орунга илинсе, Тажикстан 84, Өзбекстан 85, Орусия, 97, Түркмөнстан 104, Казакстан 111-орунда.

Эң төмөнкү тизмеде делип Конго, Чад жана Лесото турат.

Саламаттыктык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жашоо узактыгы 70-75 жашка бараба. Акыркы учурда бул көрсөткүч эки жашка жогорулаган. Адистердин белгилешинче, Кыргызстан Орусия, Казакстан, Украина өлкөлөрү менен бирге жүрөк-кан тамыр оорулары, инсульт же мээдеги кан айлануунун бузулуусу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...