Акыркы макалалар

Кикбоксер Уланбек Касымбеков Сербияда дүйнө чемпиону болду

Кикбоксер Уланбек Касымбеков Сербияда дүйнө чемпиону болду

Сербиянын Белград шаарында эркектер жана аялдардын арасында кикбокстун WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, чемпионаттын финалында үч кыргызстандык ат салышкан.

Уланбек Касымбеков 54 кг салмак категориясы боюнча лоу-кик бөлүмүнө беттешке чыгып, маврикийлик Фабриса Баулукту 2:1 бир эсебинде жеңген.

Алтын медаль үчүн кыргызстандык марокколук Иссам Боугалир менен беттешкен. Үч беттештен кийин ал 2:1 эсебинде жеңип чыгып, дүйнө чемпиону болду.

Эскерте кетсек, чемпионаттын медалдары К-1, лоу-кик жана кик-лайт бөлүмдөрүндө ойнотулду. Баардыгы болуп чемпионатка 669 кикбоксер-493 эркек жана 176 аял катышкан. Бул чемпионатка 15 кикбоксер катышып, жарым финалга үч мушкер чыккан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...