Акыркы макалалар

Эксперт: Борбор Азияда Баткенде болгондой окуяларды болтурбоо керек

Эксперт: Борбор Азияда Баткенде болгондой окуяларды болтурбоо керек

Бүгүнкү күндө Афганистандын айланасында болуп жаткан геосаясий оюндар Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн аймагына коркунуч келтирүүдө. Бул тууралуу Москвада өткөн Афганистан маселелерине арналган тегерек столдо Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун Эл аралык изилдөө институтунун аналитикалык борборунун директору Андрей Казанцев билдирди.

Бул маселе тууралуу айтып жатып саясат таануучу бир аз мурда Россиянын Коргоо министрлиги тарабынан демилгеленген, Афганистан боюнча эл аралык жыйын жөнүндө, бул форумда талкууланган реалдуу коркунучтар, чакырыктар тууралуу эскертип өттү.

Негизинен Андрей Казанцев Афганистандын түндүк бөлүгүндө жоочуларды даярдоо боюнча лагерлердин түйүнү түзүлгөндүгү тууралуу фактыны белгилеп кетти, бул жоочулар кийин Россия жана Борбор Азия мамлекеттеринин аймагына колдонулушу мүмкүн.

Буга байланыштуу Казанцев 1990-жылдары аймакта болгон окуяларды эскертип мындай окуялардын кайталанбашына жол бербөөгө чакырып өттү. Ал мезгилде Тажикстандагы жарандык согуш, Кыргызстандагы Баткен окуясы Борбор Азиядагы туруксуздук фактору болгон.

""Өзбекстан" ислам кыймылынын жоочулару анда Тажикстан аркылуу өтүп, Кыргызстанга кол салып, Ташкентке багыт алып, Өзбекстандын өзүндө бир нече теракттар жасалган",-деп эскертти Казанцев. Жана Кыргызстанга террорчулардын басып кириши бул өлкө үчүн гана олуттуу маселе жараткан эмес.

Баткен окуялары- Өзбекстандын ислам кыймылынын жоочулары менен Кыргызстандын жана Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы куралдуу кагылышуу. Тажикстандан келген Өзбекстандын ислам кыймылынын жоочулары Өзбекстанга Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүгө аракет кылган. Россия тарап бандиттердин тобун жок кылууга аскердик-техникалык көмөк көрсөткөн.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...