Акыркы макалалар

Issyknews. “Кумтөр” ишканасынан жыл башынан бери Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна 145703,058 миң сом түшкөн

Облуста 9 ай аралыгында Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасы тарабынан 145703,058 миң сом түшкөн. 2011-жылдагы калган 47290,280 сумманы эсепке алганда бардыгы болуп 192992,8 миң сом болгон. Бул тууралу Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын отчетунда жазылган.

Маалыматка ылайык түшкөн каражатка 2011-жылы бүтпөй калган объектилер уланууда. Ал эми курулуш иштери бүткөрүлгөн имараттарга:

-Сару айылындагы мектептин курулушуна 4500,0 миң сом.

- Ысык-Көл Санаторий айылындагы башталгыч класска 3042,0 миң сом.

- Түп районунун борбордук көчөсүнө 710.8 миң сом.

- Балыкчы скверине 6600.0 миң сом бөлүнгөн.

-Миң-Булак айылындагы маданят үйүнө 2740.7 миң сом.

-Чоң-Тогузбай айылындагы эмканага (ФАП) 2552.3 миң сом.

-Ак-Суу балдар реабилитациялык борборунун толук оңдоп-түздөө ишине 21054.5 миң сом бөлүнүп, курулуш иштери жыйынтыкталып, ишке берилди. Бүгүнкү күндө облус боюнча 9 мектеп, 9 спорт зал, 4 ФАП, 2 бала бакчасы өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жасалууда деп жазылат отчетто. Ошондой эле өнүктүрүү фондуна “Кумтөр” компаниясынан 1998-2012-жылга чейин 1222952,9 миң сом түшкөн. Анын 1209366,1 миң сому сарпталган.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...