Акыркы макалалар

Кыргыздын жээни Элизабет Турсынбаева Канададагы мелдеште алтын медаль тагынды

Кыргыздын жээни Элизабет Турсынбаева Канададагы мелдеште алтын медаль тагынды

Кийинки жылдары Элизабет Турсынбаеванын музда көркөм бийлөө боюнча дүйнөдө аты чыга баштаганы бизди кубандырды. Элизабет казакстандык казак кызы болгону менен, кыргыздын жээни болгону андан бетер көңүл жылытат. Анын апасы Падишахан Султаналиева Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Итагар айылынан болот. Жакында 15 жашар Элизабет Канаданын Барри шаарындагы музда көркөм тебүү боюнча Skate Canada Autumn Classic таймашында алтын медалга ээ болду. Бул –анын биринчи ийгилиги эмес. Элизабет музда көркөм тебүү боюнча Казакстандын 2015-жылдагы чемпиону, 2014-жылы Канада, Италия, Франция, Германиядагы мелдештерде алтын медаль тагынган, дагы ушундай эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга жетишкен. Муз тебүүчүлөрдүн дүйнөлүк рейтингинде Элизабет 41- орунда турат.

Азыр Канаданын Торонто шаарынан Элизабет Турсынбаеванын апасы Падишахан Султаналиева менен интернет аркылуу байланыштык.

Падишахан Султаналиева, чемпиондун апасы: “Тапкан-ташыганыбызды балдарыбызга жумшап жатабыз”

-Падишахан айым, биздин жээнибиз Элизабет Турсынбаева жакында Канадада ийгиликке жетишиптир деп кыргыз эли да кубанып турат. Кызыңыздын музда көркөм тебүү боюнча дүйнөлүк деңгээлге чыгышына ата-энесинин эмгеги да чоң эмеспи. Биз да куттуктайбыз. Кантип жетиштиңиздер ушундай ийгиликтерге?

-Рахмат. Кызыбызды беш жашынан баштап музда көркөм тебүү боюнча машыктыра баштаганбыз. Дүйнөдөгү эң күчтүү фигуристтердин жардамы менен машыктырдык. Азыркы тренери Брайан Орсер. Мен да кызыма тренермин десем болот. Элизабет тарыхтагы музда көркөм тебүү боюнча Казакстанды жана Кыргызстанды да даңазалаган биринчи казак кызы.

Албетте, көп кыйынчылыктарды басып өттүк. Муз тебүүчү спорт –спорттун өтө кымбат түрү. Өмүр бою тапкан- ташыганыбызды балдарыбыздын келечегине жумшап келе жатабыз. Уулум Тимур Турсынбаев да муз тебүү спортунун чебери. Экөө тең таланттуу балдардын дүйнөлүк энциклопедиясына аты жазылган.

-Падишахан, өзүӊүз кыргызстандык кыргыз кызысыз. Кээде “кыргыз жигитине эле турмушка чыксам, балдарымдын аты чыкканда, дүйнөдө Кыргызстандын аты да жаңырып турат эле” деп ойлоп кетпейсизби?

- Мен Аксы районунун Итагар айылынан болом. Жолдошум кыргыз болушу мүмкүн эмес эле. Себеби мен Москвага окууга кеткен бойдон Кыргызстанга келе элекмин. Москвада окуп жүргөндө кыргыздар саналуу эле болчу. Кыргызстанды көрө элегиме 25 жылдан ашты. Бирок өз жерим ар дайым жүрөгүмдө.

-Канадада кызыңыз алтын медаль тагынып жатканда, ал жактагы казактар менен кыргыздар барып көрдүбү?

- Жапон, корей, кытайлар келди. Бирок казактар менен кыргыздар келишкен жок. Казак менен кыргыздар муз тебүү спортуна анчалык кызыга беришпейт.

Кыргызстандагы бардык жердештериме рахмат айтам. Анткени бизге моралдык колдоо көрсөтүп, интернеттен куттуктап жатышат.

Айгүл Бакеева

Түп нускага шилтеме : pk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...