Акыркы макалалар

Баткен облусу кышка 74% даяр

Учурда Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык жүрүп жатат. 2015-жылдын 1-октябрына карата 179,7 миң тонна көмүр казылып былтыркы жылга салыштырмалуу 52,7 миң тоннага көп өндүрүлгөн.

Жергиликтүү калкты көмүр менен камсыз кылууда район, шаарлардын аймактарында 56 стационардык жана 32 автоунаалардан жылып көмүрдү сатуу пункттары уюштурулду.

Билим берүү тармагында 20-октябрына карата 6659,4 тонна (57,7%) көмүр ташылып анын каржылануусу 18,3 млн. сомду түздү же 40%га аткарылды.

Анын ичинен республикалык бюджет эсебинен 10,6 млн сом (43,3%), жергиликтүү бюджет эсебинен 7,6 млн сом (36%).

Саламаттыкты сактоо тармагында иш жүзүндө 1075 тонна көмүр ташылып, план 89,1% га аткарылды. Ошондой эле каржылоо маселеси 5 млн 889 миң сом, же 89%га аткарылды.

Облустун калкына 63,0 миң тонна көмүр керектелсе, анын 46,9 миң тоннасы бүгүнкү күнгө ташылып 74,2% түздү.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...