Акыркы макалалар

КСДП, “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” көпчүлүк коалициясын түзөт

КСДП, “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” көпчүлүк коалициясын түзөт. Мындай пикирин эксперт Бактыгүл Кубанычбекова бейшембиде билдирди.

“Көптөгөн коалициялар бар: географиялык тиешелүүлүгү боюнча коалиция, шайлоо ж.б.. Учурда көпчүлүк коалициясы лидердин кызыкчылыгына негизделген саясий багытта болуп жатат. Иделологиялык принциптер боюнча, КСДП – “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” сыяктуу партиялар менен окшоштуктар бар”, - дейт Б. Кубанычбекова.

Ошондой эле эксперттин белгилөөсүндө, парламентке көбүрөөк центристтик партиялар сунушталган.

Белгилей кетсек, бүгүн КР президенти Алмазбек Атамбаев колаиция түзүү үчүн мандатты КСДП партиясына тапшырган.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...