Акыркы макалалар

Алыкул сыйлыгы тапшырылды

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесинде маданият тармагынын ишмерлерине Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык тапшырылды.

Бул жолу адабий сыйлык акын Бактыгүл Сейитбековага, жаш акындар Бердибек Жамгырчиев, Акбар Кубанычбеков, ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева менен композитор Астар Тыналиевге ыйгарылды.

Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык Кыргыз жазуучулар союзу тарабынан 1980-жылы негизделген. Аталган сыйлыктын алгачкы лауреаттары кыргыз эл акындары Рамис Рыскулов, Байдылда Сарногоев болушкан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...