Акыркы макалалар

Максуда Айтиева: “Директорлук кызматтан четтетилгенимдин себебин билбейм”

Максуда Айтиева: “Директорлук кызматтан четтетилгенимдин себебин билбейм”

ЭлТР телерадио компаниясынын башкы директорлугунан бошотулганымдын так себебин билбейм. Анткени, мага эч ким түшүндүргөн жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Максуда Айтиева билдирди.

Анын айтымында, директорлук кызматтан 7-октябрда убактылуу четтетилген. “Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой биздин мурдакы кесиптештерибиздин бири Б.Бекешов мага каршы арыз жазган. Ага ылайык, прокуратуранын сунушу менен мени убактылуу кызматтан четтетишкен. Бирок, жүйөөлүү далилдер буга чейин көрсөтүлө элек ”-деп билдирет экс жетекчи.

“Өкмөт мени кызматтан алуу боюнча чечимге келсе, демек кандайдыр бир себеп бардыр. Мен каршылык көрсөтпөйм”-деп кошумчалады М.Айтиева.

Эскерте кетсек, Айтиева Максуда Жаныбековна КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин берген сунушу боюнча, КР ЭлТР телекомпаниясынын Уставынын 32-бөлүмүнө ылайык ЭлТР телерадио компаниясынын Башкы директорлугунан бошотулду. Буйрукка КР премьер-министри Темир Сариев кол койгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...